«ТУРИЗМ — КЫРГЫЗСТАНДА»

  • 21.06.2022
  • 0

Жакында Алай райондук  балдардын чыгармачылык борборунда «Туризм — Кыргызстанда»  аттуу облустук семинар өттү.

«ТУРИЗМ — КЫРГЫЗСТАНДА»

Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун бөлүм башчысы Батма Исакованын берген маалыматына таянсак,  семинардын максаты — “2022-жыл — тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын” алкагында борбордун алдыңкы педагогикалык тажрыйбасын жайылтууну, педагогдордун кесиптик чеберчилигин жогорулатууну, ошондой эле мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн таасирдүүлүгүн күчөтүүнү көздөйт.

«ТУРИЗМ — КЫРГЫЗСТАНДА»

— Ош облустук балдар чыгармачылык борборунун директору Рахман Назаров жана жети райондун, Өзгөн шаарынын балдардын чыгармачылык борборлорунун жетекчилери жана туризм багытында иш алып барып жаткан ийрим педагогдорунун катышуусунда өткөн семинардын жүрүшүндө теория менен практика айкалышып, экология жана туризм, өлкө таануу, жерин таануу  багытындагы ийрим жетекчилер Аманбаева Дилбар, Караева Шайыркан, Бегматова Айчүрөк, Маткалыкова Аксаналар өздөрүнүн жогорку чеберчиликтерин көрсөтүү менен алдыңкы инновациялык усулдарды пайдаланып, ийрим окуучулары арасында ачык сааттарды жана мастер-класстарды, практикалык сабактарды өтүштү, — дейт бөлүм башчы.

«ТУРИЗМ — КЫРГЫЗСТАНДА»

“Алымбек датка” эс алуу жайында мастер-класска катышкан Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Таировдун айтымында, семинар уюшкандыкта, дасыккан педагогдор чыгармачылык менен сабактарын өтүп,  мастер-класс көрсөтүштү.

— Семинар Чыйырчык жайлоосунда башталып, “Жылуу-Суу” эс алуу комплексинде ”Касиеттүү Жылуу-Суу”, “Курманжан датка” этнографиялык музейинде “Алайым — асыл турагым” деген темадагы көргөзмө, “Алымбек датка” эс алуу жайында ”Туристтик жүрүштөгү азык заттар жана дары чөптөр”, ”Малик — Али-Нур” этномаданий эс алуу борборунда ”Туризм — Улуу Жибек жолунда жана көчмөндөр цивилизациясы” деген темада ачык сааттарды өткөн Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун педагогдору Ардак грамота менен сыйланышты. Ал эми облустун аймактарынан келген мугалимдер керектүү усулдук жардам, Алай районунда туризм тармагын жолго коюу боюнча кенен маалымат алып, туризм тармагы боюнча келечектеги пландар менен таанышып, өткөрүлгөн семинар максатына жеткендигине токтолушту, — дейт Б.Исакова.

Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун директору Рахман Назаровдун пикиринде,  Алай райондук балдардын чыгармачылык борбору өткөн семинар  изденүү менен  мыкты уюштурулган.

«ТУРИЗМ — КЫРГЫЗСТАНДА»

—  Көп жылдык иш тажрыйбамда райондук борбордун жогорку деңгээлде өткөргөн семинары мактоого арзыйт. Райондук жетекчилер ”Мундуз-Турист” эл аралык туристтик компаниясы  менен келишимдик негизде иштеп, районду өнүктүрүү иштерине чоң салым кошуп жатканы кубандырбай койбойт, — дейт облустук борбордун жетекчиси.

«ТУРИЗМ — КЫРГЫЗСТАНДА»

Семинар таланттуу педагогдордун  концерттик программасы менен жыйынтыкталды.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер