ТЕРЕҢ ПЕДАГОГИКАЛЫК ИЛИМ МЕНЕН ЭЛДИК АКЫЛМАНДЫКТЫ АЙКАЛЫШТЫРГАН ИНСАН

  • 24.01.2020
  • 0
ТЕРЕҢ ПЕДАГОГИКАЛЫК ИЛИМ МЕНЕН ЭЛДИК АКЫЛМАНДЫКТЫ АЙКАЛЫШТЫРГАН ИНСАН

КРнын эл мугалими, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, Кыргыз билим берүү академиясынын академиги, педагогика илимдеринин доктору, профессор Исак Бекбоев 90 жашта.

И. БЕКБОЕВДИН ИНСАНДЫГЫ ЖАНА АНЫН ИНСАНГА  БАГЫТТАЛГАН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

ТЕРЕҢ ПЕДАГОГИКАЛЫК ИЛИМ МЕНЕН ЭЛДИК АКЫЛМАНДЫКТЫ АЙКАЛЫШТЫРГАН ИНСАН

“Адамдын өмүрү” деген түшүнүк жөнүндө  ой жүгүртсөк, анын мазмунунун татаалдыгы жана өтө эле карама — каршылыктуу экендиги байкалат. Өмүр деген эмне? Кыргыз түшүндүрмө сөздүгүндө: Өмүр – адамдын, айбандын жана өсүмдүктөрдүн жаралгандан өлгөнгө чейинки физиологиялык абалы. Физиология – организмдин тиричилик функциялары жөнүндөгү  жана организмдин айлана-чөйрө менен өз ара аракеттешүүсүн жөнгө салуучу механизмдери жөнүндөгү  илим. Демек, адам өмүрү эмбриогенездеги абалынан баштап жашоонун акыркы секундасына чейинки физиологиялык абалын мүнөздөйт. Мына ушул абалдар адамдын өмүрүнүн ар кандай мезгилиндеги сапаттарын аныктап, башкаларга мүнөздөмө катары көрсөтүлүп турат. Ал мүнөздөмөлөр — өтө эле ар түрдүү, карама-каршылыктуу жана татаал. Алардын айрымдары адамдын өзүнө жакса, айрымдары жакпайт. Адам ар дайым өзүнө жакканын улантып, жакпаганынан кутулууга аракет жасайт. Ошентип отуруп адамдын инсандык сапаты калыптанат, акырындык менен алар өнүгүп, өркүндөтүлөт. Бирок ошол  сапаттар башка адамдар тарабынан да ар түрдүү кабыл алынат. Өзүнө жакканы башкаларга жакпай калышы мүмкүн. Ал эми өзүнө жакпаганы башкалар тарабынан жылуу кабыл алынган учурлар да кездешет. Мына жашоодогу карама-каршылыктар, тилектештик, өз ара түшүнүүчүлүк, же болбосо каршылашуу, жек көрүүчүлүк ушундан башталат.

Исак Бекбоевдин 90 жылдык өтөлгөлүү өмүрү – адамдын өзүнүн табият берген шык-жөндөмүн туура баалап, ага зор ынтаа коюп жашоосунун, жүрөктүн амири боюнча ар дайым алга умтулуунун айкын далили. Мындай жашоонун түпкүрүндө адамдын ички дүйнөсүнүн аруулугу менен мазмундуу кенендиги, татаалдыгы менен жөнөкөйлүгү, назиктиги менен катуулугу, айкөлдүгү менен бүйрөлүк чебердиги жуурулушуп жатат. Андай адам башкалар үчүн сөздүн толук маанисинде үлгү, насаатчы, мугалим. Ошон үчүн Исак Бекбоевичти миңдеген адамдар окутуучум, мугалимим деп эсептешет. Жыйынтыктап айтканда, Исак Бекбоев ар дайым өзүн-өзү актуалдаштырууга, башкача айтканда, өз мүмкүнчүлүгүн, жөндөмүн, талантын жана тажрыйбасын пайдалуу ишке багыттоого жана аны аткарууга кара жанын карч уруп иштеп, ошол эле учурда жасалмалуулукка жол бербей, табигый сапатын, инсандык мүнөзүн сактап келе жатат. Реалдуу чындыкты так өзүндөй кабыл алуусу, аны менен дайыма комфортабелдүү мамиле жасай билүүсү тамшандырат жана суктандырып ыраазы кылат. Башка адамдын оюн уга билүүдөгү токтоолугу, ар кандай абалдардан, мамилелерден, окуялардан алынган корутундулардан натыйжалуу тыянак чыгара билүүсү, болуп өткөндөргө баа берүүдөгү критерийлеринин реалдуу шартка жараша туруктуу жаңыланып туруусу, ырайымдуулук менен каардуулукту башкаларга туйдурбастан жылмакайлап айкалыштыра билүүсү, философиялык-этикалык мазмундагы, карама-каршылыксыз, жакшылыкка багытталган тамашакөйлүгү, автономиялуулугу, таалим-тарбиянын, маданияттын, жалпы эле коомдун айрым көйгөйлөрү боюнча өз көз карашын чечкиндүүлүк менен айта билүүсү агайыбызга мүнөздүү болгон өзгөчө касиеттер деп билебиз.

Педагогика илими менен практикасында адамдын турмушуна багытталган окутуу, инсандын өзүнө багытталган окутуу, адамдын кесибине багытталган окутуу сыяктуу багыттар бар. Мындай проблеманы чечүү боюнча И.Бекбоев 2015-жылы “Инсанга багыттап окутуу технологиясынын теориялык жана практикалык маселелери” деген монографиясынын 3-басылышын жарыкка чыгарган (384 б). Бул китеп автордун  60 жылдан ашык убакыт ичинде жүргүзгөн изилдөөлөрүнүн жыйынтыгын камтыган кыргыз дидактикасы боюнча фундаменталдуу эмгек болуп эсептелет. Мында педагогикалык, психолого-дидактикалык категориялар менен илимий  түшүнүктөрдүн мазмуну, алардын өз ара байланыштарынын теориялык маселелери ачылып, практикада колдонуунун ар кандай ыкмалары жеткиликтүү сүрөттөлгөн. Ушул китепти окуп олтуруп, инсанга багытталган мамиле окутууда эле эмес, адамдын ишмердүүлүгүнүн бардык тармактарында аткарыларын байкадым жана анын бир мисалы катары профессор Исак Бекбоевдин инсанга багытталган аракеттеринен табууга аракеттендим. Бул боюнча биздин педагог изилдөөчүлөр өз алдынча атайын изденүүлөрдү аткарат деген ойдомун.

Инсанга багытталган ишмердүүлүк, коюлган максаттардын тактыгы, аны ишке ашыруунун реалдуу жолдорун аныктап билүү, ага жараша аткаруучуларды тандоо жана алардын ишин уюштуруу аркылуу аныкталат. Ушул жагынан алганда, И.Бекбоев — өтө сезимтал, көрөгөч саяпкер. Мисалы математиканы окутуунун методикасы боюнча көрүнүктүү адис, Ата Мекендик согуштун катышуучусу Александр Иванович Тимофеевди Таласта мектепте иштеп жүргөн жеринен таап келген. Ал 1960-жылдардан баштап И.Бекбоев менен үзөңгүлөш иштеп, көптөгөн илимий-методикалык эмгектерди жаратты. Педагогика илимдеринин кандидаты илимий даражасы, доцент, профессор наамдарына ээ болгон. Республикалык мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунда математика кафедрасынын башчысы, Кыргыз мамлекеттик университетинин мектеп директорлорунун квалификациясын жогорулатуу факультетинин кафедра башчысы (деканы И. Бекбоев)  болуп эмгектенүү менен, И.Бекбоевдин ишеничтүү кесиптеши, санаалашы жана сапарлашы болуп жүрдү. И.Бекбоевден жашы улуу болгону менен анын пикирин ар дайым угуп, сыйлачу. Адам катары, окумуштуу-илимпоз катары ар дайым кадырлачу, жөнөкөйлөтүп айтканда, ага чаңң жугузчу эмес. Мунун бардыгы И.Бекбоевдин сыр билгилиги жана иш билгилигинин жемиши катары сезилчү. Ушундай эле мамилени өзүнүн окуучулары, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент П. Ыманбековго, педагогика илимдеринин кандидаты, профессор Н.Ибраевага, педагогика илимдеринин кандидаты, профессор О.Худайбердиевге жасаганына күбө болдук. Алардын жөндөмүнө, мүмкүнчүлүгүнө жана иш билгилик деңгээлине жараша тапшырмаларды берип, алга сүрөп олтуруп башталгыч мектептин математика боюнча окуу китептеринин, методикалык колдонмолордун авторлугуна чейин жеткирди. Н.Ибраева Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттыгына ээ болду. Ошондой эле Ш.Майлиев, М.Н.Назаров, М.Жакыпбеков өңдүү окумуштуу-педагогдор И.Бекбоевдин көрсөтмөсү жана жетекчилиги менен Кыргыз Республикасында математиканы окутуу процессине белгилүү салымдарын кошушкан.

И.Бекбоевдин көрөгөч көсөмдүгүн жалгыз эле математиктер эмес, башка адистиктеги кызматкерлерге жасаган мамилесинен да көрүүгө болот. Мисалы, биологдор Благадарова, М.Субанова, кыргыз тилчи-адабиятчылар Б.Өмүралиев, С.Үсөналиев, Б.Алымов, С.Байгазиев, С.Рысбаев, А.Муратов, педагогдор Н.Имаева, А.Алимбеков, Л.П.Кибардина, Л.П.Мирошниченко, С.Иптаровдор ушул адамдын насааты, сүрөөнү менен белгилүү ийгиликтерди жаратышты.

Өткөн кылымдын 60-70-жылдары Кыргыз педагогика илим-изилдөө институтунун директорунун илимий иштер боюнча орун басары, Кыргыз улуттук университетинин деканы, проректору, Кыргыз билим берүү институтунун директору, Кыргыз билим берүү академиясынын илим-изилдөө борборунун директору кызматын аркалаган учурларда, диссертациялык кеңештин төрагасы, ЖАКтын педагогика боюнча эксперттик кеңешинин төрагасы болуп турганда ар бир кызматкердин иш билгилик жөндөмүнө ылайыкталган тапшырмаларды бергендиги, алардын аткарылышына өз алдынча көзөмөл жүргүзүүнүн натыйжасында көп ийгиликтер жаралды.

Сөзүмдү жыйынтыктап жатып, Исак бекбоевдин 70 жылга жакын ак дилден жасаган эмгегине ыраазычылык билдирүү менен ден-соолугунун бекем болушун тилеймин! Мындай өрнөктүү адамдын өмүрү, элине калтырган асыл мурастары мындан ары да талданып, өзүнүн жогорку баасын алат деген терең ишеничтемин.

Эсенбек Мамбетакунов,  п.и.д., профессор,  КР УИАнын корр. мүчөсү.

 

ЭЛ МУГАЛИМИНИН БАСКАН ЖОЛУ

Сталиндик стипендия менен ата-энесин баккан студент

ТЕРЕҢ ПЕДАГОГИКАЛЫК ИЛИМ МЕНЕН ЭЛДИК АКЫЛМАНДЫКТЫ АЙКАЛЫШТЫРГАН ИНСАН

Исак Бекбоевич 1948-жылы орто мектепти медаль менен бүтүрүп, чоң окуу издеп, Фрунзени карай бет алган. Медалист-бүтүрүүчүгө Фрунзеде артыкчылык берилет да, Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунун ошо кездеги эң кадырлуу бөлүмүнө физика-математика факультетине студенттикке кабыл алынат. Бул Исак Бекбоевдин өмүрүндөгү эң бир кубанычтуу окуя болгон.

Физика-математика факультетинин мугалимдеринин алдында айылда белендин үстүндө чоңойгон караңгы майболпоч эмес, кенедейинен далай кыйынчылыктарды башынан өткөргөн, согуш учурундагы тылдын оор түйшүгүн тартып, күйдүм-быштым болгон, турмуштун бурганактуу бороондорунда телчиккен, бала кезинен мээнет менен чоңоюп, өйдө-төмөндү көрүп, жаш болсо да кагылып-согулган окуучу-колхозчу, кечээки сокочу, чийнечи, кызылчачы, ат баккыч, орокчу, машакчы, чалгычы турган эле. Жүргөн-турганы элпек, эмгекчил, мүнөзү чоң кишиникиндей салабаттуу экендигин байкаган факультеттин деканы Исак Бекбоевди факультеттин комсомол комитетинин секретары кылып шайлайт. Эң мыкты окугандыгына байланыштуу 3-курстан баштап Исак Бекбоев сталиндик стипендия ала баштайт. Бул — ал кездин зор жетишкендиги эле. Сталиндик стипендия ал убак үчүн бир топ эле акча болгондуктан, студент Исак алган сумманы үнөмдүү бөлүштүрүп, калем-кагаз, китеп, тамак-ашына калтырып, анын тең акчасын айылга алып барып, айылдагы чоң ата, чоң энесине жөлөк болот. Элдин балдарына ата-энеси айылдан акча жөнөтсө, студент Исак кайра айылга тыйын жөнөтөт. Исак Бекбоевдин ошондогу тарбиясын, ыймандуулугун карабайсыңарбы! Ушундай нрава бүгүнкү күндүн жаштарында барбы?

Исак Бекбоев институттун өздүк-көркөм чыгармачылык ийримине да активдүү катышат. Далай шаардык кароолордо жеке ыр номерлерин аткарып чыгат. Ал мурда айылда жүргөн кезинде эле райондук, областтык, өздүк-көркөм чыгармачылык кароолоруна катышып жүрчү. Бир жолу Фрунзеге областтык кароого келип, Сары-Өзөн Чүйдүн жалпы хорунун башкы солисти катары ырдаган.

Мугалим жана илимпоз

Исак Бекбоев 1952-53-окуу жылы Ат-Башынын Ленин атындагы №1 мектебинде математика мугалими болуп иштейт. Бир жылдын ичинде жан дили менен активдүү эмгектенип, мугалимдик кесиптин ачуу-таттуусун башынан өткөрүп, районго алдыңкы мугалим, мыкты методист, күчтүү математик катары таанылат. Бирок, кантсе да ошондо аны борбор жак көбүрөөк кызыктырып, көбүрөөк өзүнө тартат. Илим-билим, маданият чөйрөсүнө жакыныраак болсом, дагы окусам, дагы өссөм дейт. Акыры 1953-жылы Фрунзеге келет. Анын институтта алдыңкы студент болгонун билген устаттары №5 мектепке ишке орношуна көмөктөш болушат. Ошентип, борбордогу №5-мектепте Исак Бекбоо уулу 1959-жылга чейин математика мугалими болуп эмгектенип, далай муундарга билим берген. Күчтүү математикалык жөндөмүн байкаган педагогика илим-изилдөө институтунун жетекчилиги И. Бекбоевди илимий ишке чакырып, мугалимдик практикалык иш менен илимди айкалыштырууну сунуштаган. Ошентип, Исак Бекбоев 1955-59-жылдар аралыгында бир эле учурда мугалим да, педагогика илим-изилдөө институтунда илимий кызматкер да болуп иштеп, изилдөөчүлүк мектептен да өтө баштаган.

Илим майданында багынткан бийиктиктер

Кандайдыр бир меркантилдик кызыкчылыктан эмес, граждандык-патриоттук мүдөөдөн улам илимге чечкиндүү аттанган жаш адам педагогика илим-изилдөө институтуна биротоло ишке өтөт. Бала кезинен эмгекке, түйшүккө, бекем тартипке үйрөнгөн көнүмүшү Исак Бекбоевди илимде өмүр бою коштоп жүрдү. Педагогикалык изилдөө иштеринде да, административдик-уюштуруучулук иште да, К. Маркс айткандай, «жалама аскалар менен тырмышып», акырындап өйдөлөп отурду. Адегенде,  илимий кызматкер, анан улук илимий-кызматкер, сектор башчысы, директордун орун басары, акырында өзүнүн бир боор институтунун директору болуп калды. Эл агартуунун отличниги болду, республиканын эмгек сиңирген мугалими наамына да жетти, профессор, педагогика илимдеринин доктору даражасын алды, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденттигине шайланган, Россиянын педагогикалык жана социалдык илимдер академиясынын академиги деген чоң наамга да ээ болду. Өзү эле өспөй, башкаларды да карчыга куштай таптап өстүрүүгө жетишти. 30га жакын илимдин кандидаттарын жана докторлорун даярдап чыгарып отурат. И. Бекбоевдин таланттуу илимий калеминен 200дөн ашуун  илимий макалалар, анан да 11 монография, 44 окуу китеби жана окуу куралдары, колдонмолору жаралган. Бул өзүнчө эле бир төөгө жүк боло турган эмгек. Профессор Исак Бекбоевдин бүлөңдүү талыкпаган кызылдай мээнети, «саргара жортсоң кызара бөртөсүң» дегендей, өкмөт тарабынан ордендер, медалдар жана Ардак грамоталар менен белгиленген. Ал «Ардак белгиси» ордени, «Каармандык эмгеги үчүн», «Эмгек ардагери» медалдары, «Элге билим берүүнүн отличниги», «СССРдин агартуусунун отличниги» наамдары менен сыйланган,  Эл аралык «Руханият» сыйлыгынын лауреаты.

Айтмакчы, И. Бекбоев 70-80-жылдарда азыркы Улуттук университетте декан, проректор болуп да эмгектенген. Ошо кезде ал жетектеген кесипти жогорулатуу факультетинин атак-даңкы үлгүлүү факультет катары союзга чейин угулган эле.

Окумуштуу — чет мамлекетте

Кыргызча айтканда, Исак Бекбоевдин өмүрү,  бир жагынан,  “ат үстүндө”  да өттү. Иш сапар менен аябагандай көп жол жүрдү. Мугалимдерге теориялык, усулдук-методикалык кеңеш берүү үчүн педагог-устат Исак Бекбоевдин Кыргызстанда барбаган мектеби, түнөбөгөн айылы жок десек жаңылбас элек. Республикада өткөн нечендеген педагогикалык окууларда, семинар-кеңешмелерде, Москвада, Союздук республикалардын борборлорунда уюштурулган Эл аралык конференцияларда 30дан ашык доклад жасаган. Кыргызстандын таланттуу балдарын жетектеп, Европа, Азия, Америка өлкөлөрүнө окуучулардын Эл аралык олимпиадаларына барып, жеңиштүү кайткан. Өзгөчө, И. Бекбоевдин Италияда «Чек арасыз педагогика аркылуу окутуу жана тарбиялоо» аттуу эл аралык конференцияда жасаган доклады конференциянын катышуучуларынын арасында чоң резонанс жараткан. Ал доклад орусча «Материнское образное слово-золотая колыбель» деп аталган. И Бекбоевдин бул доклады Италияда эл аралык басылмада жарыяланган.

Жалпы педагогикалык жана дидактикалык көз караштары

И. Бекбоевдин педагогикалык көз караштары педагогикалык коомчулуктун алдына мамлекет тарабынан коюлган актуалдуу маселелерди иш жүзүнө ашырууда педагогдорду илимий-методикалык жактан оптималдуу камсыз кылуунун жолдорун ар тараптан изилдеп,  алардын эң олуттуу теориялык жана практикалык муктаждыктарын канааттандырууга зарыл болгон материалдарды оперативдүү такай иштеп чыгууда калыптанган. Алсак, өткөн кылымдын 50-60-жылдарында «Мектептин турмуш менен байланышын бекемдөө жана СССРдеги билим берүү системасын андан ары өнүктүрүү жөнүндө» деген 1958-жылдагы мыйзамды ишке ашыруу боюнча мугалимдерге, жалпы эле педагогдорго эң зарыл болгон илимий-методикалык жардам көрсөтүү максатында И. Бекбоев тарабынан орто мектептин бүткүл математикалык курстары (арифметика, алгебра, геометрия) боюнча өндүрүштүк жана практикалык окуу колдонмолорунун толук сериясы иштелип чыгып жарыяланган. Ал китептерде математиканы окутууну турмуш менен байланыштыруунун илимий-методикалык сунуштары, мектеп жаштарынын математикалык даярдыгынын деңгээлин жогорулатуунун жолдору берилген.

И. Бекбоевдин педагогикалык көз караштары классиктердин советтик педагогиканын методологиясынын негиздөөчүлөрүнүн эмгектерине, биздин мамлекетибиздин жетектөөчү өкмөттүк чечимдерине гана эмес, ошондой эле ал жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдеринин, жогорку жана атайын орто окуу жайларынын окутуучуларынын практикалык иштерин үйрөнүп, системалаштырып, анализдеп чыгуунун акыркы жыйынтыктарына негизделген.

Ала-Тоодо мектеп жок, агайыбыздын жарыгы барбаган!

Жогорудагы монографиялардын, методикалык куралдардын, окуу китептердин мазмуну жөнүндө өзүнчө бир чоң изилдөөнү жаратса болор эле. Бул жерде профессор Исак Бекбоевдин эмгектеринин кыргыздын педагогика, методика илимине кошулган салмактуу, орошон салымы экендигин жана алар окуучулардын, студенттердин, мугалимдердин, илимий кызматкерлердин колдон түшпөс китебине айлангандыгын баса белгилемекчибиз. Исак Бекбоев Кыргыз билим берүү академиясында Билим жана илим борборун жетектөө менен Кыргызстандын педагогика илиминин көч башында туруп, жаңы окуу концепцияларын, стандарттарын, программаларын, жаңы муундагы окуу китептерин түзүүнүн активдүү демилгечилеринен болду. «Кыргыз педагогикасы» аттуу энциклопедия жарык көргөн. 700дөн ашык педагогикалык терминдерден жана түшүнүктөрдөн турган бул чоң, энциклопедиялык эмгекти түзүүнүн түйшүктүү ишин да Исак Бекбоев жетектеп, өзү да негизги авторлордон болуп отурат. Ар дайым бел чечпеген мээнеттүү түйшүктүн ичинде жүргөн жан дүйнөсү айкөл, адамгерчилиги бийик, терең илимпоз, Исак Бекбоевич «Кыргыз Республикасынын Эл мугалими» деген жогорку наамга ушундай ардактуу жана кыйын-кезең жолдор менен жеткен. Анын басып өткөн жолу баарыбызга өрнөк.

Советбек Байгазиев, филология илимдеринин доктору, КББАнын академиги, профессор

 

 

Поделиться

Комментарии