ТЕХНИКАЛЫК ЛИЦЕЙЛЕРГЕ – 120 КОМПЬЮТЕР

  • 28.01.2022
  • 0

Кыргызстандын түштүк аймактарындагы 20 кесиптик-техникалык окуу жайга жаңы компьютерлер берилди.

Ага Хан фондунун “Кыргызстандын тоолуу жамааттарын өнүгүүсүн колдоо программасы” коомдук фонду жүзөгө ашырып жаткан “Аракетчил” долбоорунун алкагында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы аталган долбоордун IT курстарына катышкан 20 кесиптик-техникалык лицейге (КТЛ) компьютердик лабораториялар менен жабдуу жагынан колдоо көрсөтүлдү.

Бардык зарыл программалык камсыздамалары бар 120 компьютер бул КТЛдерге жеткирилди:

Ош облусундагы 7 КТЛге – 42 компью-тер,

Жалал-Абад облусундагы 4 КТЛге – 36 компьютер,

Баткен облусундагы 9 КТЛге –
42 компьютер.

2021-жылдын апрелинен бери “Аракетчил” программасынын алкагында кесиптик-техникалык лицейлердин жана жеке менчик билим берүү борборлорунун мугалимдери үчүн санариптик көндүмдөр боюнча курстар өткөрүлүп келди. Курстарда негизги санарип көндүмдөрү, “Кеңсе тиркемелери боюнча адис” программасы, графикалык жана веб жасалга боюнча окутуу, ошондой эле TOT тренингдери жүргүзүлдү. Түштүк облустардагы 20 КТЛден 44 мугалим окууга катышты.

2022-жылдын январынан баштап долбоордун 41 максаттык райондорунда жашаган 18-34 жаштагы 1000ден ашык улан-кыздары үчүн IT курстары башталышы күтүлүүдө.

“Бул курстар эми жаштардын бекер калбай жумуш табышы үчүн зарыл санариптик көндүмдөргө жана билимдерге ээ болушуна өбөлгө түзөт деп үмүттөнөбүз,  — деди “Аракетчил” долбоорунун координатору Эмилия Саалиева. — Биз атайын жабдылган заманбап лабораторияларда окутуу IT чөйрөсүндө жол таап кеткен жаштардын катарын калыңдатууга мүмкүндүк берет деп эсептейбиз. Алар жумуш таап эле тим болбой, инвестициялык бизнесин да баштай алышат”.

«Аракетчил» долбоору Япония Өкмөтү тарабынан Дүйнөлүк Банк менен өнөктөштүктө каржыланып, Ага Хан Фондунун «Кыргызстандын тоолуу жамааттарынын өнүгүүсүн колдоо программасы» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда.

Өз кабарчы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер