ТАТЫКТУУ ЖЕТЕКЧИЛЕРДИ ТАНДОО АРАКЕТИ

  • 29.11.2023
  • 0

ТАТЫКТУУ ЖЕТЕКЧИЛЕРДИ ТАНДОО АРАКЕТИ

Кечээ жакында башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ваканттык орундарына санариптик тестирлөөнүн 2-этабы болуп өттү. Ал эми биринчи этабы октябрь айында өткөрүлүп ага 140 киши катышкан.

 Башталгыч жана орто кесиптик мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчиси кызматына талапкерлерди тестирлөөдөн өткөрүүнү Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялардын улуттук борбору уюштурган.

 

“ТАЛАПКЕРЛЕР 48 БОШ ОРУН ҮЧҮН АТ САЛЫШТЫ”

Экинчи  тур 28-ноябрда үч нөөмөт менен өтүп ага 170 талапкер чакырылган. Бул боюнча Билим берүүнүн сапатын жана маалыматтык технологияларды баалоо боюнча Улуттук борбордун тестирлөө методикасы жана технология бөлүмүнүн башчысы Рыскүл Маданбекова маалымат берди.

  • Башталгыч жана орто билим берүү уюмдарынын жетекчилик кызматы үчүн бардык региондон 170 киши чакырылган, бирок 153 талапкер катышты. Катышуучулар 48 бош орун үчүн ат салышууда. Тест негизинен үч бөлүмдөн турат. Ар бир бөлүмдөн 70% дан ашык алган талапкер тестирлөөдөн өттү болуп эсептелинет. Андан соң министрликке маектешүүгө жиберилет. Маектешүүдөн өтсө анан атайын токтом менен кызмат ордуна дайындалат. Мыйзамда бир катышуучу бир эле кызмат ордуна талапкер болсун деген чектөө жок экен. Ошондуктан катышуучулардын арасында жети адам эки,үч кызмат орун үчүн талапкер болуп катышууда,- деди.

Ошондой эле биринчи тестирлөөдөн өтпөй калгандар кайра даярданып бул тестке дагы катышса чектөө жок экенин баса белгиледи. Конкурска адамдык фактор таасир эте албагандыктан ар бир талапкер чыныгы билим деңгээлин көрсөтөрүн кошумчалады.

 

“САПАТТУУ БИЛИМГЕ ЭЭ БОЛГОН ЖЕТЕКЧИЛЕР КЕЛСЕ ДЕП НИЕТ КЫЛАБЫЗ”

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбеков тестирлөө боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берди. Анда ал башталгыч жана орто кесиптик лицейлеринин жетекчилик кызматына билимдүү, дасыккан адистер келсе экен деген ниетин билдирди.

  • Менин байкашымча катышуучулардын көпчүлүк бөлүгү конкурска даярданбай эле келип алышууда. Мисалы мурунку биринчи турдагы тестирлөөдөн өткөн бир талапкер министрликке баарлашууга келгенде эң жөнөкөй ошол тесттеги суроолорго ооз эки жооп бере алган жок. Конституциянын эмгек кодекси жөнүндө таптакыр билбейт. Ошондуктан ал талапкерди өткөргөн жокпуз. Биздин ниетибиз жана максатыбыз жаңы генерациядагы өз ишин мыкты билген, билимдүү, ошол жетекчилик кызматы менен кесиптик окуу жайды өнүктүрүү стратегиясы бар жетекчилер келсе деп ойлойбуз,- деди. Ошондой эле конкурска катышып жаткан талапкерлерге кайрылуу жасап жөн эле тестирлөөгө катышып көрөйүн деген ой менен келбей, жакшылап жоопкерчиликтүү даярданып, жетекчи болуп калсам кандай кылып окуу жайымды өнүктүрөм деген максат коюп келишсе деген пикирин билдирди.

ТОГУЗ ТАЛАПКЕР БОСОГО УПАЙДАН ӨТТҮ

Тестирлөө үч нөөмөттө өтүп катышуучулар атайын металлодетектор аркылуу текшерүүдөн өткөрүлүп, тестирлөөчү бөлмөгө киргизилди. Ар бир талапкерге тест тапшыруу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн экен. Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы тест учурун фейсбук баракчасына түз эфир аркылуу чагылдырып турду. Баардык катышуучулар толук ордуларына отурган соң атайын тесттин жол жобосу түшүндүрүлүп бир жарым саат убакыт берилди. Катышуучулар тестке толук жооп берип бүткөндөн кийин канча суроого жооп бергени автоматтык түрдө биринчи өзүнө көрүнүп турду. Жалпы 153 талапкердин арасынан тогуз адам тестирлөөдөн ийгиликтүү өттү. Эми алар Билим берүү министрлигине маектешүүгө чакырылат. Маектешүүдө билим деңгээлин көрсөтүп, өзү жетекчи болуп бара турган кесиптик окуу жайды өнүктүрүү, оптимизациялоо планы болсо директорлук кызматка дайындалат. Белгилей кетсек

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 “Кыргыз Республикасынын башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомунун 6-пунктуна ылайык мамлекеттик билим берүү уюмдарында бир эле адам катары менен 5 (беш) жана андан көп жыл ээлеген директорлордун кызмат ордуна конкурстук тандоо башталган.

Бөлүшүү

Комментарийлер