ТАТЫКТУУ СЫЙЛЫКТЫН ЭЭСИ

  • 11.10.2022
  • 0
ТАТЫКТУУ СЫЙЛЫКТЫН ЭЭСИ

М.Рыскулбеков атындагы Мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасынын башчысы, п.и.к., проф.м.а. Жапаралиева Назира Жакыповна

М.Рыскулбеков атындагы КЭУ универсиетет макамын алышына быйыл туура 25 жыл толду. 30-октябрь КЭУнун туулган күнү

        М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети үчүн быйылкы жыл да жемиштүү жылдардан болду. Кыргыз Республикасынын экономикалык потенциалын өнүктүрүүдө КЭУ бир топ илимий изилдөөлөрдү жана долбоорлорду ишке ашырууда. Буга чейинки жемиштүү эмгектери үчүн социалдык-экономикалык, руханий  жана интеллектуалдык потенциалды өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен М.Рыскулбеков атындагы КЭУ “Даңк” ордени менен сыйланды.

ТАТЫКТУУ СЫЙЛЫКТЫН ЭЭСИ

Бул сыйлыкка жетүү үчүн КЭУ далай жемиштүү кыйынчылыктарды, натыйжалуу жеңиштерди багындырган. Мындай ийгиликтерди КЭУнун эволюциялык жол менен өнүгүшүндө чейрек кылым бою жетектеп келген Төлөбек Кадыралиевич Камчыбековдун эмгеги зор. Анын мыкты менеджер, ашып түшкөн чарбачыл, кесипкөй жетекчи өзү түптөгөн бышык, бекем пайдубалдын жардамы менен жогорку квалификациялуу кесип ээлерин, илимдин кандидаттарын, докторлорун чыгарып, өзү топтогон мыкты профессордук-окутуучулук жамаат менен жана университетти материалдык-техникалык базасы менен тийиштүү деңгээлде камсыз кылуу аркылуу айтылган ийгиликтерди, көк мелжиген бийиктиктерди багындырып келет.

КЭУнун окумуштуулары Кыргызстандын региондору боюнча илимий изилдөө иштерин жүргүзүп келишет. Бүгүнкү күндө 3 региондун (Сузак, Кочкор, Түп райондору) ар бир айыл өкмөттөрү менен социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын түзүп, потенциалын изилдеп, алдыга карай өсүүдө кандай мүмкүнчүлүктөр бар экендигин, канча каражат талап кылынат, инвестицияны кантип тартуу керектиги ж.б.у.с. иштердин үстүндө иштөөдө.

Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен биздин окуу жайга “Илимий изилдөө университети” деген макам ыйгарылды. Демек, биздин окуу жайдын окумуштуулары жана уябыздан учурган кесипкөй адистер Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнө мындан ары да зор салымдарын кошот деген ишенимди артты.

 Ушундай макамды алуу үчүн кандай иштер жасалды? Алыс кетпей, акыркы жаңылыктарды эле айтсак, ЕвразЭК биримдигине кирген жогорку кесиптик окуу жайлардын ректорлорунун форуму 2022-жылдын 28-майында биздин окуу жайда өттү жана көп өтпөй, 23-июнда “Expo Eurasian-2022” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн жана “Eurasian Education Day” эл аралык форумунун алкагында “Евразия мамлекеттеринин ортосундагы дипломатиялык мамилелердин негизги парадигмасы катары эл аралык бизнес жана билим берүү системаларынын өз ара аракеттенүүсү” аталышындагы тегерек стол өттү. Ошондой эле, тегерек столдун жүрүшүндө Италиядан, Кытайдан, Россиядан келген өкүлдөр, ЖОЖдордун ректорлору жана Кыргызстандын билим берүү тармагындагы эксперттер билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган темадагы баяндамаларды жасашты жана ал жерде М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун окумуштуулары өздөрүнүн олуттуу, илимий көз караштарын билдиришти. Жыйынтыгында, 2022-жылдын 23-июнунда Кыргыз экономикалык университетинде “Университеттер – бизнес, билим берүү жана дипломатияны тартуунун жаңы эл аралык борборлору” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция КЭУда өттү. Натыйжада, көптөгөн эл аралык деңгээлдеги мемарандум, келишимдерге эки тараптуу колдор коюлду.

Ааламдашуу бир жагынан дүйнөлүк билим берүү мейкиндигинде университеттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, кандайдыр бир атаандаштыкка түрткү берет. Ал эми экинчи жагынан рыноктун катышуучуларын өз ара пайдалуу кызматташууга үндөйт. Дал ошондой атаандаштыкка мезгил талабынан калбай туруштук берүү менен бирге, бир топ жылга алдыга карай коюлган пландардын негизинде жемиштүү жыйынтыктарга ээ болуп келебиз.

 Андан сырткары, КМШ Экономикалык кеңешинин “Продукциянын жана кызмат көрсөтүүнүн сапаты жаатындагы жетишкендиктери үчүн 2021-жылдагы КМШ Сыйлыгын ыйгаруу жөнүндөгү” чечимине ылайык, конкурстун лауреаттары жана дипломанттары аныкталды. Биздин окуу жай,  продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жаатындагы жетишкендиктери үчүн 2021-жылы КМШ Сыйлыгын изденип алуу конкурсунун «250 адамга чейин иштегендердин кызматтары» номинациясынын дипломанты болуп калды. КМШ Экономикалык Кеңешинин чечими 2022-жылдын 18-мартынан тартып кабыл алынган. Бул Кыргызстандын тарыхында билим берүү чөйрөсүндөгү биринчи жаңылык десек жаңылышпайбыз.

Бул жаатта Туризм жана меймандостук кафедрасынын эмгек жамаатынын жана жетекчиси Жаңыл Темировна Чубурованын эмгеги зор.

ТАТЫКТУУ СЫЙЛЫКТЫН ЭЭСИ

TEMPUS – ТАCIS  CD 20583-1999 « «Туризм жана меймандостук» адистиги үчүн окуу программасын иштеп чыгуу».  2001-жыл – “Туризмди колдоо жана өнүктүрүү жылы” болуп жарыялануунун негизинде бул долбоор туризм боюнча окуу программаларынын даярдалышында чоң  ролду ойногон.

TEMPUS PERSEUS 2009-2012 – долбоордун максаты ишканалар менен университеттин ортосундагы  “изилдөө – илим – өндүрүш” принциби боюнча тыгыз  кызматташтыкты түзүү жана бекемдөөдө турат. Ушу сыяктуу көптөгөн ийгиликтердин натыйжасында, көптөгөн эл аралык долбоорлор ишке ашкан.

КЭУ- Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) климаттын өзгөрүшү боюнча программасынын алкагында, атап айтканда, энергетика жана транспорт жаатындагы чыгымдарды талдоо маселелери боюнча илимий изилдөө жүргүзүп жаткан Кыргызстандагы жалгыз алдыңкы ЖОЖ. Мындан тышкары, КЭУнун базасында БУУ ЕЭКтин долбоорунун алкагында Борбордук Азияда соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча компетенциялардын жалгыз борбору түзүлгөн.

Университеттин “Көз карандысыз аккредитациялоо жана рейтинг агенттиги»-НААР (Нур-Султан ш., Казакстан Республикасы) бардык билим берүү программалары боюнча эл аралык аккредитация күбөлүгү бар. Мындан тышкары, КЭУнун Бухгалтердик эсеп жана аудит боюнча бакалавр программасы ACCA (Association of Chartered Certified Accountants), тарабынан аккредитацияланган.

КЭУнун башкы максаттары жана милдеттери болуп өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларга жана дүйнөлүк билим берүү мейкиндигиндеги өзгөрүүлөрдүн артыкчылыгына ылайык келген жогорку жана орто кесиптик экономикалык билим берүүнүн сапатын камсыз кылуунун жогорку деңгээлине жетишүү; инсандын, мамлекеттин жана коомдун муктаждыктарына ылайык жогорку билимдүү атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо, ошондой эле, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Европа экономикалык бирлигинин жарандарына билим берүү кызматтарын көрсөтүү саналат.

КЭУнун бүтүрүүчүлөрүнө 2012-жылдан тартып дипломдоруна кошуп Diploma Supplement европалык тиркемеси берилет. Бул жогорку кесиптик билим берүү тууралуу документ аркылуу дипломдордун академиялык жана кесиптик таанымалдуулук шарттары жеңилдейт дегенди түшүндүрөт.

1997-жылдын декабрь айында Советтик соода техникумунун базасында түзүлгөн окуу жай өзүнүн 20 жылдык ишмердигинин мезгилинде Кыргызстанда гана эмес, Борбордук Азия жана КМШ өлкөлөрүндө, «алыскы чет» мамлекеттерде  да таанымал заманбап университетке айланган. 2006-жылдан тартып адистерди даярдоону Болонья  процессинин принциптери боюнча жүргүзөт, аны  менен  эл аралык билим берүүнүн мейкиндигине толугу менен интеграцияланган.

Бүгүнкү күнү КЭУда 33 илимдин докторлору жана 89 илимдин  кандидаттары эмгектенет.

Өлкөдө КЭУ  экономика боюнча башкы тармактуу университет болгондуктан, республиканын Билим берүү жана илим министрлигинин «Экономика  жана  башкаруу»  ирилешкен программалары боюнча Окуу-усулдук бирикмеси иштейт  жана анын олуттуу жоопкерчилиги бар.

Кыргызстандын ЖОЖдорунун ичинен КЭУнун астында түзүлгөн Үзгүлтүксүз ачык билим берүү иниституту 2008-жылы түзүлүп, ал институттун мыкты жетекчиси Токсобаева Бактыгүл Асановна жергиликтүү жана кошуна, алыскы чет өлкөлүк студенттерге аралыктан билим берүү вазийпасын кыргыз билим берүү системасында биринчилерден болуп ишке ашырган. Бүгүнкү күндө институт бай тажрыйбасы менен аралыктан окутуунун түрдүү платформаларын жүзөгө ашырууда.

ТАТЫКТУУ СЫЙЛЫКТЫН ЭЭСИ

Брюсселде, Монгол жогорку окуу жайларындагы кесиптештер менен бизнес-программаларды жана мектептерди эл аралык аккредиттөө маселелери боюнча ACBSP америкалык аккредиттөө Кеңешинин жыйынында. Питер Хорн -ACBSP аймактык жетекчи (2013).

ТАТЫКТУУ СЫЙЛЫКТЫН ЭЭСИ

Кесиптик компетенцияларды калыптандыруу маселелери боюнча Назарбаев университетиндеги жогорку билим берүү лидерлеринин форумунда

КЭУнун айырмалануучу өзгөчөлүгү болуп студенттердин соода, коомдук тамактануу жана сапатты камсыздоо тутумдарына багытталган тармактар, адистиктер жана адистештирүүлөр боюнча окутуусу саналат. КЭУнун уюткусу катары Советтик соода техникумдан бери келе жаткан адистиктер: Коомдук тамак-ашты тейлөө, ресторандык бизнес, товар таануу жана товарды эксперттөө ж.б. бүгүнкү күндө Кыргызстандагы бул багытты окутууда жалгыз окуу жай десек да жаңылышпайбыз. Бул багыттагы кафедраны техника илимдеринин доктору, профессор Алымбеков Кеңешбек Асанкожоевич жетектеп, аны менен бирге эл аралык долбоорлордун жигердүү катышуучусу. Натыйжада эл аралык донорлорду тартууда талыкпай иштеп келет.

ТАТЫКТУУ СЫЙЛЫКТЫН ЭЭСИ

ТАТЫКТУУ СЫЙЛЫКТЫН ЭЭСИ

“Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бренддик азык-түлүктөрүн эл аралык рынокко чыгаруу “ форуму. Евросоюз азыркы учурда Алматыда өткөрүп жатат. (3-5-октябрь 2022-жыл.)

ТАТЫКТУУ СЫЙЛЫКТЫН ЭЭСИ

“Жашыл экономика” боюнча эл аралык жыйындан бир көз ирмем. Кипрдеги Никосия университетинин ректору, Эрасмус плюс долбоорунун координатору менен 2021-жылдын 30-ноябры.

Андан тышкары, университетте «Тышкы экономикалык ишмердик жана эл аралык соода» жана «Эл аралык туризм» тармактары боюнча англис тилинде окутуу программасы  ишке  ашырылууда.

Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен 2015-жыл —  Улуттук экономиканы бекемдөө жылы болуп жарыяланган. Ошол жылы КЭУда  профессор Т.К.Камчыбековдун жалпы редакциясындагы “КРнын улуттук экономикасы: өнүгүүнүн келечеги жана көйгөйлөрү” аттуу илимий эмгектердин жыйнагы чыгарылган; анын материалдары өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнүн актуалдуу көйгөлөрү боюнча илимий изилдөөлөрдүн кеңири диапазону чагылдырылган.

ТАТЫКТУУ СЫЙЛЫКТЫН ЭЭСИ

Илимий изилдөөдөн даярдалган материалдардын негизинде атайын монографиялар, илимий макалалар чыгарылып, мамлекеттик мекемелерге, анын ичинде Президенттик аппаратка, Жогорку Кеӊешке, Өкмөткө жана тиешелүү министрликтерге жөнөтүлөт. Жыйынтыгында мындай илимий электен өткөрүлгөн материалдар практикалык жактан кеңири керектелип  жатат.

КЭУ – Темпус, Erasmus +,  MEVLANA, Fullbright, ITEC, AIESEC,  ДААД эл аралык программалардын, ошондой эле башка программалардын да катышуучусу болуу  менен бирге жогорку билим берүү жаатында дагы башка чет өлкөлүк ЖОЖдор жана уюмдар менен жигердүү түрдө кызматташып  келүүдө.

КЭУ – республикада биринчилерден болуп  Европалык Комиссиянын жогорку билим берүү жаатындагы долбоорлорду ишке ашырууну баштаган; ошентип, 1999-2015 – жылдардын ичинде төмөнкү долбоорлор ишке ашырылган:

  • TEMPUS – ТАCIS CD 20583-1999 « «Туризм жана меймандостук» адистиги үчүн окуу программасын иштеп чыгуу». 2001-жыл – “Туризмди колдоо жана өнүктүрүү жылы” болуп жарыялануунун негизинде бул долбоор туризм боюнча окуу программаларынын даярдалышында чоң  ролду ойногон.
  • TEMPUS MPJEP 23027-2002 «Борбордук Азияда туризмге жана меймандостукка үйрөтүү» — бул долбоордо Өзбекстан, Монголия, Бельгия жана Италиянын университеттери менен бирге чоң программа аткарылган.  Анын натыйжасында, Болонья процессинин талаптарынын негизинде иштелип чыккан конвергенттик окуу планы  кабыл алынган.
  • TEMPUS CM_SCM-T033A06-2006TTER — «Билим берүүдө туризм үчүн реформалоо жаатын окутуу». ECTS баалоо шкаласы даярдалып, ушул  күнгө  чейин  колдонулуп  келе жатат.
  • TEMPUS PERSEUS 2009-2012 – долбоордун максаты ишканалар менен университеттин ортосундагы “изилдөө – илим – өндүрүш” принциби боюнча тыгыз кызматташтыкты түзүү жана бекемдөөдө турат.
  • TEMPUS CANQA (Сапат жана аккредитация кепилдигинин Борбордук-Азиялык тарамы), бул долбоордун алкагында КЭУ 2012-жылы эл аралык аккредитациядан өткөн жана “Экономика” жана “Менеджмент” багыттары боюнча сапат тастыктамасына ээ болгон.
  • « Темпус UNIVIA программасынын долбоору – Университеттердин эл аралык ишмердигин өнүктүрүү жана өркүндөтүү» боюнча төмөнкү добоорлор ишке ашырылууда:
  • Германия, Чехия, Румыния, Испания жана Норвегиянын университеттери менен академиялык мобилдүүлүк боюнча «Эрасмус Плюс» долбоору;
  • Туркиянын университеттери менен “Мевлана” программасынын академиялык мобилдүүлүгү боюнча долбоору;
  • Студенттер үчүн англис тилинин волонтерун/окутуучусун тартуу боюнча Фулбрайт программасы;
  • Эрасмус+ EUCA-INVEST долбоору (Кавказ жана Борбордук Азиянын ишкердик университеттерине инвестициялоо);
  • Эрасмус+HECAFS — Тажикстан жана Кыргызстанда тамак-аш азыктарын өндүрүү стандарттарынын тутуму үчүн жогорку билимди берүү долбоору ;
  • Эрасмус + LMPT — “Туризмдин туруктуу өнүгүшүнүн жаатында ишмердикти иштеп чыгуу жана өнүктүрүү боюнча бакалавриаттын жана магистратуранын кесиптик программалары” долбоору ;
  • Норвегия — “Туризмдин туруктуу өнүгүшү: Норвегия, Грузия жана Кыргызстандын айыл ишкердиги жана маданий мурасы” долбоору.

КЭУ –  EURHODIPтин иш жүзүндөгү мүчөсү болгон, студенттерге Европанын ЖОЖдорунда практика өтүүгө, окууну улантууга жана европалык үлгүдөгү диплом алууга мүмкүнчүлүк берген Кыргызстандагы жалгыз жогорку окуу жайы болуп эсептелет.

Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети көп тепкичтүү окуу жай экенин айтып келебиз: Лицей, Экономика жана сервис колледжи, Кыргыз экономикалык университети, магистратура, аспирантура, докторантура. Ушул окуу жайдын кенже түзүмү болгон колледж жана лицейди көп жылдардан бери жетектеп, университетке эң жакшы сырьену тартуулаган, мыкты менеджер, тажрыйбалуу жетекчи жана педагог Узбекова Гулнара Ашырбековна эсептелет.

Орто кесиптик окуу жай болгон КЭУнун Экономика жана сервис колледжин жетектөөдө республикабызда биринчилерден болуп, “Экономиканы санариптештирүү жана анын регионду өнүктүрүүгө тийгизген таасири” аттуу ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференция өткөргөн.

ТАТЫКТУУ СЫЙЛЫКТЫН ЭЭСИ

ТАТЫКТУУ СЫЙЛЫКТЫН ЭЭСИ

Кыргыз Республикасынын билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги тарабынан “Колдонмо информатика” (тармактар боюнча) жана “Тамактануу кызматын” уюштуруу адистиктери боюнча орто кесиптик билим берүү мекемелеринин ичинен биринчилерден болуп аккредитациядан өткөрдү.

Ал эми 2019-жылы “Эл баасы” аккредитациялык агенттиги тарабынан 8 “Экономика жана бухгалтердик эсеп”, “Каржы (тармактар боюнча)”, “Салык жана салык салуу”, “Банктык иш”, “Мейманкана сервиси”, “Туризм”, “Коомдук тамактануу азыктарынын технологиясы”, “Укук тануу”  адистиктери боюнча аккредиттөөдөн өтүүдө Гулнара Ашырбековна Узбекованын мыкты жетекчилигинин негизинде ишке ашкан.

Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин жетишкендиктеринин акыркы жылдарындагы кээ биринен эле мисал кылсак:

2014 — «KYRGYZ TOURISM AWARDS — 2014» конкурсундагы “Туризм” багыты боюнча “Мыкты ата-мекендик жогорку окуу жай” аталмасында Гран-При сыйлыгы;

2015 – “Билим берүү” аталмасындагы 2014-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыгы;

2016 – «Центурион» ЖОЖдор аралык интеллектуалдык оюндун жеңүүчүсү;

2016 — Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан уюштурулган Көркөм окуу сынагындагы I орун;

2016 – «Дил маек» теледолбоорунун эки мертебелик жеңүүчүлөрү;

2017 – «Кыргызстандын жаш-таланттары 2017» райондук конкурсунун «Элдик аспаптар» аталмасындагы I орун;

2017 — КЭУнун студенти —   Ашхабад 2017 — V Азия оюндарынын коло сыйлыгынын ээси;

2017 – КЭУнун «Ала-Тоо» ШТК курама командасы Казакстанда “Жайдарман” лигасынын «Мера Астаны” кубогунда III орунду алган;

2017 – КРнын ЖОЖдорунун арасында өтүлүүчү бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит боюнча VII Республикалык олимпиадасындагы I орун;

2017 — «Ала-Тоо жазы — 2017» республикалык фестивалындагы Гран-При сыйлыгы;

2017 – «Илим жана билим берүү — 2017» XII Студенттер жана жаш окумуштуулардын эл аралык илимий конференциясындагы I даражадагы диплом (Астана ш.);

2017 – VII Евразиялык Экономикалык Жаштар Форумундагы II орун (Екатеринбург ш.);

2017 – КРнын ББжИМнин “Ар түрдүүлүктөгү бирдик” атындагы Дүйнөлүк тилдер жана маданияттар эл аралык фестивалындагы III орун;

2017 – ЖОЖ аралык республикалык универсиаданын биринчи лигасындагы КЭУнун футбол командасынын I оруну;

2017 – “Kyrgyz Tourism Awards — 2017” туризм чөйрөсүнүн Улуттук сыйлыгынын “Туризм чөйрөсүндө адистерди даярдоо боюнча эң мыкты окуу жай” аталмасындагы II орун;

2017 – Web of Science Awards – 2017: Tomson Reuter эл аралык медиакомпаниянын Web of Science платформасынын эң жигердүү ЖОЖ категориясынын тастыктамасы.

2017, 2018, 2019 – бухгалтерлик эсеп, анализдөө жана аудит боюнча Республикалык олимпиадада 1- орун;

Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун институционалдык рейтингинде «Экономика жана менеджмент» жана «Тейлөө сектору» багыттары боюнча кадрларды даярдоонун багыттары жана деңгээлдери боюнча II орун (АРТА/ АРТА);

— Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун институционалдык рейтингинде «Экономика жана менеджмент» жана «Тейлөө сектору» багыттары боюнча кадрларды даярдоонун багыттары жана деңгээлдери боюнча II орун (НААР/ АAAР);

— 2018-жыл – 580100 “Экономика”, 580200 “Менеджмент”, 580300 “Коммерция”, 580500 “Бизнес-информатика”, 600200 “Туризм”, “Экономика жана менеджмент” жана “Улуттук тейлөө тармагы” адистиктери боюнча 1-орун. НААР/АААР);

— 2018 — Жогорку окуу жайларынын эл аралык рейтингинде сегизинчи орун, (ARES-2020) категориясы боюнча В (BBB+, BBB, BB+, BB, B+, B): Окутуунун, изилдөөнүн ишенимдүү сапаты жана жумуш берүүчүлөр тарабынан бүтүрүүчүлөр үчүн суроо-талап (Жакшы сапаттагы көрсөткүчтөр (Good quality performance);

-2018-жыл – 580100 «Экономика», 580200 «Менеджмент», 580300 «Коммерция» (бакалавриат, магистратура), 580500 «Бизнес менеджмент» программалары боюнча Аккредитация жана рейтинг боюнча Көз карандысыз агенттиктигинин Эл аралык программалык аккредитациясынын сертификаттары (АРТА/АРТА);

— 2022-жыл – 2021-жылдагы «Продукциянын жана тейлөөнүн сапаты жаатындагы жетишкендиктери үчүн», Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин сыйлыгынын Дипломунун лауреаты.

Россиянын  Өкмөтүнө  караштуу Финансы университети, РФнын Жогорку Экономика Мектеби жана Түштүк  Корея университети менен макулдашууларга кол коюлган,  бул макулдашуулар студенттерге жана окутуучуларга ошол ЖОЖдордо окуусун  улантууга такшалма өтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Булардан  тышкары, университет  Россиянын “Дүйнөдөгү орус тилинин элчилери” деген эл аралык волонтердук программаны ишке ашырып  келе  жаткан  Пушкин атындагы Мамлекеттик орус  тили институтунун өнөктөшү.

ТАТЫКТУУ СЫЙЛЫКТЫН ЭЭСИ

Ал эми бүгүнкү күндүн актуалдуу маселеси болгон Стартап боюнча биздин окуу жайдагы ийгиликтер:

2022-жылдын 27-апрелинде Энактас КЭУ командасы Екатеринбургда өткөн,  эл аралык ишкер Евразия сынагында Ecolibris долбоору менен ийгиликтүү чыгып, Россия боюнча экинчи, Кыргызстан боюнча биринчи орунду ээлеген.

2022-жылдын 10-11-июнунда Улуттук филармонияда КР Маданият, Маалымат, Спорт жана жаштар саясаты министри Жаманкулов Азамат Капаровичтин жана ЕСтин КРдагы элчиси Эдуар Ауэр мырзанын, өлкөнүн шайланган өкүлүнүн катышуусу менен 2022-жылдагы жаштар ишкердигинин Улуттук кубогу болуп өттү. Мелдештерде Enactus KEU командасы эко-долбоордун 2 инновациясын сунуштады: Ecolibris (дан эгиндеринин кебегинен жасалган бир жолку идиш-аяк) жана Жети Жер (ишкерлердин ата мекендик билдирмелери үчүн онлайн аянтча). Ошондой эле инновациялык эко-долбоорлорду сунуш кылган бардык университеттердеги командаларынын арасынан Enactus KEU алдыңкы 5 топ командага чыгып, тарыхта биринчи жолу финалисттердин кубогун алып, 3-орунга ээ болду.

Команда учурда төмөнкү долбоорлор боюнча иштеп жатат: Ecolibris

Golden Lives

Jeti-jer

Мындан тышкары, 5 ай шаарыбыздын12 мектеп окуучулары ОТК № 29, 66, 79 мектеп-гимназиясы  № 2,88,79 орто мектеп жана 2 насаатчысы башынан тартып Paradox кийим дүкөнү менен Start Up’ иштеген. Мектеп окуучулары апрель-май айларында стартапта 20 000 сомдон ашык акча табышкан. Ошентип, биздин Enactus KEU командасы мектеп окуучулары менен финалга гана эмес, улуттук мелдештин финалына чыкты, ошондой эле эл аралык мелдештерге чыкты.

Студент жана бизнес-инкубатордун резиденти Мудинов Айтемир Кыргызстандагы Entrepreneurship World Cup 2022 улуттук тандоо турунун финалисти болуп, 1-орунду ээледи.   Entrepreneurship World Cup 2022 Эр-Рияд,Сауд Арабиясында Кыргызстандын өкүлү болуп катышат. Birgeeats- долбоору-бул уникалдуу бизнес-долбоор, ал Кыргызстандын рыногундагы тамак-аш жеткирүү кызматтарынан кыйла айырмаланат. Долбоор ишке ашырылып жатат жана дүйнөлүк масштабга чыгууга даяр.

Мудинов Айтемир Кыргызстандагы хакатондордун 14-Days  финалынын жеңүүчүсү болду. 2022-жылдын 24-июнунда катышуучулар өздөрүнүн стартап-долбоорлорун тааныштырышты жана калыстар тобунун пикири боюнча мыкты команда Казакстандагы бизнес-инкубация программасынан өтүүгө сертификат жана Компаньон банкынан 1000 АКШ $ өлчөмүндөгү акчалай сыйлык алды. Ал эми жеңүүчү Birge Eats тамак-аш жеткирүү кызматы болду. 14 Days Hackathon — бул Кыргызстандын экосистемасын жана стартапын колдоо үчүн түзүлгөн социалдык коммерциялык эмес иш-чара. Уюштуруучу -Makers  программалоо мектеби, ал эми башкы өнөктөш-Компаньон Банкы. Белгилей кетсек, ХАКАТОНГО жалпысынан IT чөйрөсүндөгү адистер, маркетинг жана сатуу менеджерлеринин 80 адиси катталган. Алардын ичинен 14 команда түзүлгөн, бирок алардын 6сы гана финалга жеткен.

ТАТЫКТУУ СЫЙЛЫКТЫН ЭЭСИ

КЭУнун студенттери «Жаштардын Евразия экономикалык форуму УРГЭУ уюштурган «Ишкер Евразия» Эл аралык экономисттер конгресси сынагында III орунду багындырышкан жана Кыргыз Республикасында 1-орунду ээлешкен.

Жаштарды өнүктүрүү Институту тарабынан World Skills менен биргеликте уюштурулган «Digital Skills» долбооруна катышып, «Мыкты графикалык дизайн» номинациясы боюнча I орунду ээлеген.

Бүгүнкү күндө М.Рыскулбеков атындагы КЭУну экономика илимдеринин кандидаты, эл аралык донорлор менен мыкты иш алып барган өз мезгилинин талабынан артта калбаган, келечектүү жаш жетекчи Кадыралиев Алмаз Токтобековичтин жетекчилиги менен да көптөгөн ийгиликтерди багындырууда.

ТАТЫКТУУ СЫЙЛЫКТЫН ЭЭСИ ТАТЫКТУУ СЫЙЛЫКТЫН ЭЭСИ ТАТЫКТУУ СЫЙЛЫКТЫН ЭЭСИ

Жогорудагы акыркы эле жетишкендиктердин өзү мамлекеттик жогорку даражалуу “Даңк” орденин алууга татыктуу экенин айгинелейт. Албетте, окуу жайыбыздын профессордук-окутуучулук жамаатынын жана таланттуу студенттерибиздин, тажрыйбалуу насаатчыларыбыздын мойнунда дагы чоң милдеттер бар экендигин, алган сыйлыктын артында дагы мүшкүлдүү иштер, жоопкерчиликтүү милдеттер бар экенин түшүнөбүз.

Урматтуу кесиптештер сиздерди учурдан пайдаланып мамлекеттик даражалуу сыйлыктын татыктуу ээси болгондугуңуздар үчүн чын дилимден кубануу менен куттуктайм! Илимий ийгиликтерди, чыгармачыл жетишкендиктерди каалайм!

ТАТЫКТУУ СЫЙЛЫКТЫН ЭЭСИ ТАТЫКТУУ СЫЙЛЫКТЫН ЭЭСИ

 

Бөлүшүү

Комментарийлер