ТАРТИП САКТОО ЖАНА ДАРЫГЕРЛЕРДИН СУНУШТАРЫН ЭСКЕ АЛУУ АР КАНДАЙ ВИРУСТАРДЫН, АНЫН ИЧИНДЕ КОРОНАВИРУСТУН ЖАЙЫЛЫШЫН АЛДЫН АЛУУНУ ШАРТТАЙТ

  • 09.03.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө Коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына келүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын жыйыны болду.

9-мартка карата республикада эпидемиологиялык кырдаал туруктуу, коронавирустун чыккан учуру катталган жок.

Дүйнөдөгү жагдайды эске алуу менен, медицина кызматкерлери, эпидемиологдор, санитардык дарыгерлер, тез жардам жана башка ыкчам кызматтардын кызматкерлери күнү-түнү нөөмөт менен иштөөсүн улантып жатат.

Тышкы иштер министрлигинин өкүлү учурда Иранда турган кыргызстандык жүк ташуучуларга байланыштуу жагдай көзөмөлдө экенин айтты. Министрлик бул маселе чечүү үчүн өнөктөштөр менен байланышууда.

Diamond Princess саякат кемесинде болгон Кыргыз Республикасынын жараны 9-мартта Бишкекке келди. Ал карантинге изоляцияга жаткырылды. Анын ден соолугу канааттандырарлык, коронавирустун бар же жогун аныктоо үчүн анализ алынды. Бул кыргызстандыктын колунда Япониядагы бейтапканадан берилген ден соолугу жакшы экенин күбөлөндүргөн сертификаты да бар.

Жыйында соода, бизнес борборлордун, супермаркеттердин жана оюн-зоок жайларына келгендердин ден соолугун сактоо үчүн санитайзерлерди, аба тазалоочу жабдууларды орнотуу жана келгендерди жетиштүү деңгээлде дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздоо сунушу берилгени айтылды. Бишкек жана Ош шаардык мэриясы бул маселени көзөмөлгө алды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана райондук администрацияларга жергиликтүү деңгээлдеги бардык соода түйүндөрүн (рынокторду) туруктуу түрдө дезинфекциялоону уюштуруу жана жүргүзүү тапшырылды.

Билим берүү жана илим министрлигине сасык тумоону, анын ичинде коронавирустун алдын алуу, өздүк гигиена эрежелери жөнүндө билим берүү мекемелеринде маалыматтык-түшүндүрүү иштерин улантуу тапшырмасы берилди.

Жыйындын катышуучулары белгилешкендей, коронавирус чыккан дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жарандардын тартипти, медицина кызматкерлеринин нускамаларын сактоосу ар түрдүү вирустардын, анын ичинде коронавирустун жайылышынын алдын алат. Бул колду жуу, тамакты чайкоо, жылуу сууну жетиштүү көлөмдө ичүү, адамдар көп жыйналган жерлерге барбоо сыяктуу өздүк гигиена эрежелерин сактоо болуп саналат.

Республикалык штаб дагы бир жолу көп адамдар чогулган кандайдыр бир иш-чараларды өткөрбөй туруу тажрыйбасын дүйнөдөгү көп өлкөлөр колдонуп жатканын, ал тургай айрым мамлекеттер мыйзам менен чектөө киргизгенин эскертүү менен, топтолгон эл катышкан иш-чараларды жакынкы арада өткөрбөй турууну катуу эскертет.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

 

Бөлүшүү

Комментарийлер