ТАНДОО СЫНАГЫНАН ТАТЫКТУУ ӨТКӨН ДИРЕКТОР

  • 08.03.2023
  • 0

Үйүндөгү алты  баланын мээримдүү энеси, мектептеги окуучуларынын сүйүктүү эжейи Назира Шайлиева өткөн жылы октябрь айында мектеп директорлорун конкурстук негизде тандоо сынагында жеңүүчү аталып, өзү эмгектенген Кара-Суу районундагы Топ-Терек негизги мектебине директор болуп дайындалды.

ТАНДОО СЫНАГЫНАН ТАТЫКТУУ ӨТКӨН ДИРЕКТОР

Иш десе ичкен ашын жерге койгон иштемчил педагогдун мектепте иштегенине быйыл он эки жылдын жүзү болду.

— Мугалимдикти мен ата-энемдин таасиринен улам тандап алдым. Атам кыргыз тили жана адабияты, ал эми апам химия, биология мугалими болчу, учурда экөөсү тең ардактуу эс алууда, — деди ал турмушундагы эң маанилүү тандоосу тууралуу.

Назира өзү Алайдын кызы. Ал Ош облусундагы Алай районуна караштуу Сопу-Коргон айылында 1985-жылы мугалимдердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. 1991-жылы Токтогул атындагы мектептин босогосун аттап, 9-классты артыкчылык күбөлүгү менен бүтүрүп, 11-классты Ош шаарындагы №18 гимназия-мектебинен аяктайт.
Анан жогорку билим алсам деген изги тилеги орундалып, ОшМУнун «саясат таануу» адистигин артыкчылык диплому менен бүтүргөн жаш адис 2011-жылы азыркы иштеп жаткан мектебине англис тили жана тарых мугалим болуп жумушка орношот. Ата-эне кесибинен уламбы же өзүнүн дээринде барбы, айтор бат эле мектепте окуучулар зарыга күткөн мугалимге айланат.

— Мугалимдик кесип өзүм ойлогондон да кызыктуу экен. Күн сайын балдарга дагы эмнени айтып берсем, эмнеге үйрөтсөм деп, изденип иштеп жаттым. Сырттан окуп, «тарых мугалими» адистигине да ээ болдум, — дейт элеттик мугалим.

Көп өтпөй өз ишине тың, издемчил жаш мугалим элдин көзүнө илинип, мектеп директорунун тарбия иштери боюнча орун басарлыгына көтөрүлөт. Уюштуруу иштери аны өзүнө арбап алды. Мектепте гана эмес, айыл өкмөтүндө өткөн иш-чараларды баштан-аяк уюштуруп, алып барып жүрдү. Бир ирет облус губернатору катышкан Нооруз кечесин  эң жогорку деңгээлде уюштуруп, губернатордун сыйлыгына ээ болду. Назира өзү да айыл өкмөтүндө уюштурулган «Ажарлуу айым» сынагына катышып, «Таланттуу айым» номинациясын жеңип алат.

Ошентсе да жүрөгү окуткан окуучулары менен бирге болуп, күнүмкү сабактарын​ жакшыртууга көп эмгек жумшады. Мугалимдердин эң жакын жардамчысы, акыл кошчусу «Кутбилим сабакты» үзбөй окуду. Бара-бара «Кутбилим сабакка» издемчил педагогдун сабак иштелмелери чыга баштады. Усулдук гезит уюштурган сабак иштелмелеринин республикалык  сынагында жеңүүчү болду. Жаштарды мекенчилдикке үндөгөн сабагы татыктуу бааланып, туризм, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланды. Кийин бул сабагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын атайын жыйнагына кирди.

«Манас жаштары» коомдук бирикмесинин «Жаш калем» жыйнагындагы​ «Заманбап турмушка эски каада-салттын кереги барбы?» аттуу макаласы​ аталган коомдук бирикменин Ардак грамотасына татыктуу болду.

Бул арада республикалык «Мугалимдер дүйнөсү» гезити менен кызматташып,  ирандык мугалимдин мисалында таасирдүү макала жазат. Андан ары айыл өкмөтүнүн билим берүү жаатындагы арымдуу иштерин, айылдын эң алдыңкы адамдарын баяндаган макалалары биринин артынан бири жарык көрөт.​ «Тыйын тыйын, тыйындын иши кыйын» деген макаласы азыркы таптагы адамдардын пейилинин өзгөргөнүн ашкерлейт.

Мындан сырткары, теория менен практиканы байланыштырып, тарых сабагы боюнча окуткан окуучуларын Алайдагы Курманжан датканын музейине, Сулайман-Тоо этнографиялык комплексине, Алымбек датканын музейине саякатка алып барды.

Онлайн окуудагы өз предмети боюнча окуучусун билим берүү министринин дипломуна жетиштиргени —​ мугалим жараткан чоң ийгиликтеринин бири. Мектепте эле эмес, райондо мыкты санарип мугалим аталды.

— Мен мугалимдик кесипти тандаганыма эч өкүнбөйм. Окуучулар менен баарлашуудан, ар бир күнкү сабагымдан рахат алам. Балдарымды төрөп эле, бешикке бөлөп иштеп жүрдүм, — дейт  айылдык агартуучу.

Азыркы тапта чыгармачылык менен изденип иштеген мугалим мектепти жетектеп, мындан сырткары, балдарга тарых предметинен  сабак  берет.

— Тарых предмети баланын дүйнө таануусунда көрүнүктүү ролду ойнойт. Ар бир окуучумдун үйүндө дүйнө картасы бар. Алардын кызыгуусун арттырып, бир топ тапшырмаларды картадан таап келгенге берип турам, — дейт алдыңкы мугалим.

Өткөн жылы «Ыйык Ата Журт» коомдук фонду Талас мамлекеттик университетинде уюштурган эл аралык симпозиумга катышып, Жусуп Абдрахмановдун өмүр жолуна жаңыча караган «Жусуп Абдрахманов — мекенге кызмат кылуунун бийик үлгүсү» аттуу мазмундуу макаласы үчүн уюштуруучулардын Алкыш катына ээ болду. Атактуу педагог Гапыр Мадаминов, Астанадан ат арытып келген профессор Дүйшөн Шаматов менен симпозиумда сөз болгон маселелер боюнча ой бөлүштү.
Чыгармачылык менен изденип иштеген мугалимди алдыда дагы бир зор бийиктик күтүп турган эле…
Элдин  ага болгон ишеними артып, өзүнүн  да педагогикалык тажрыйбасы жетилип турган  кезде президентибиздин буйругу чыгып, бир жагы Назира эжей өз күчүн сынап көрүүнү ойлоп, мектеп директорлорун конкурстук негизде тандоо сынагына катышууга арыз берет. Экинчи турда 73,8 бал менен ийгиликтүү өтүп, 2022-жылдын 18-октябрынан тартып, өзү эмгектенген мектепке  жетекчи болуп дайындалат.
Жетекчи болуп иштегенине он күн болуп-болбой мектебине райондук билим берүү бөлүмүнөн фронталдык текшерүү келди. Ошондо мектептеги арымдуу аракеттер белгиленип,  бир катар  сунуштар да берилди. Дароо текшерүүчүлөр  айткан кемчиликтерди жоюу үстүндө тынымсыз иштеп баштады.  Ата-энелердин арасынан демөөрчүлөр чыгып, акылдуу конгуроо койдуруп, терезелерге  пардаларды жаңылап, мугалимдердин күчү  менен каанадагы банерлерди жаңылап, президенттин жарлыктарынын негизинде түзүлгөн иш-чараларды уюштуруп, келечекте сабаттуу балдарды тарбиялап чыгаруу максатында иш алып барды. Азыр да ошол аракетинен жазбай, чакан бирок ынтымактуу жамааты менен изденүү үстүндө болуп, учурдагы мектеп реформасы койгон милдеттерди ишке ашыруу үстүндө талыкпай эмгектенүүдө…

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер