ТАЛМУДАГЫ ТАЙМАШ

  • 25.02.2019
  • 0

Талас мамлекеттик университетинде региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында 21-февраль — Эл аралык эне тил күнүнө карата Талас шаарында жайгашкан жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын ортосунда “Күч – билимде” аттуу интеллектуалдык таймаштын финалдык айлампасы өттү.

ТАЛМУДАГЫ ТАЙМАШ

Аталган оюн гуманитардык факультеттин тарых адистигинде окуган 2-курсунун студенти Арстаналы уулу Бекназар тарабынан демилгеленип, тарых жана коомдук илимдер кафедрасы менен гуманитардык факультети тарабынан колдоого алынып өткөрүлдү. Аталган оюн буга чейин Талас шаарындагы жогорку жана кесиптик орто окуу жайларынын арасында өткөрүлүп, 48 команданын арасынан мыкты деп тандалып алынган сегиз команда финалга ат салышты. Финалдык айлампада “Умай эне” командасы 1-орунга, “Манас” командасы 2-орунга, “ТЭФ” командасы 3-орунга ээ болуп, атайын дипломдор жана белектер менен, калган беш команда мүчөлөрү баалуу белектер менен сыйланышты. Бул тууралуу окуу жайдан маалымдашты.

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер