ТАЛАСТА ОКУУЧУЛАР ҮЧҮН АРТ-ЛАГЕРЬ УЮШУЛДУ
- 23.07.2018
- 0
Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык фонду уюштурган арт-лагерь Таласта старт алды.
Фонддун берген маалыматы боюнча, арт-лагерге Талас облусунан 150 бала жана Көркөм сүрөт академиясынын алдындагы Көркөм сүрөт мектептеринен 30 окуучу катышты. Арт-лагердин иши: бий, вокал, гончардык өнөр, дизайн/колдонмо өнөр, кино жана драма, живопись жана кулинардык өнөр боюнча 8 арт-классты камтыйт.
Арт-лагерь иштеген убакыттын ичинде балдар өнөрдүн ар кандай түрлөрү жөнүндө түшүнүк алып, базалык ыкмаларга үйрөнө алышты.
Бул Талас облусунда балдар үчүн өткөрүлгөн биринчи арт-лагерь. Уюштуруучулар балдарды көркөм өнөргө аралаштыруу менен аларга шыктанууну берип, көркөм өнөрдүн ар кыл түрлөрү жөнүндө алардын түшүнүгүн кеңейтип, өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугунун алдын алат деп үмүттөнүшөт.
Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”
Комментарийлер