ТҮРКСОЙдун ыраазычылык каты тапшырылды

  • 18.12.2023
  • 0

Токмоктогу №11 мектеп-лицейинин окуучусу Аслинисо Тухтабаевага жана анын мугалими Айнур Турдубековага  ТҮРКСОЙдун ыраазылык каты тапшырылды.

 

ТҮРКСОЙдун ыраазычылык каты тапшырылды

Эсиңиздерде болсо үстүбүздөгү жылы эл аралык ТҮРКСОЙ уюму “ТҮРКСОЙ – түрк дүйнөсүнүн алтын көпүрөсү” темасындагы мыкты дил баяндар сынагын өткөргөн. Ал сынакка 300дөн ашык окуучу катышып, биринчи этапта он окуучунун дил баяндары тандалып алынган. Алардын ичиненен 1,2,3-орунду алгандар Түркияга саякатка барып келишти. Биринчи этапта жеңүүчү болгон он алдыңкы окуучуга Түрксой ыраазылык каттарын жолдогон.

Токмоктогу №11 мектеп-лицейинин окуучусу Аслинисо Тухтабаевага жана анын мугалими Айнур Турдубековага  ТҮРКСОЙдун ыраазылык каты тапшырылды. Аны “Кут Билим” медиа борборунун директору Кубат Чекиров тапшырды. Ал кесипкөй мугалимди жана мектеп окуучусун чын дилинен куттуктап, көптөгөн ийгиликтерди каалады.

ТҮРКСОЙдун ыраазычылык каты тапшырылды

Бөлүшүү

Комментарийлер