ТҮРКИЯ ӨЛКӨСҮНҮН ЭЛЧИСИ МААЛЫМАТ ЖАНА БАСМА СӨЗ КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

  • 07.11.2020
  • 0

Урматтуу Басма сөз өкүлдөрү,

7-ноябрь – Маалымат жана басма сөз күнү менен чын дилден куттуктайм.

Cөз жана ой-пикир эркиндигинин атынан коомдун көзү, кулагы жана тили болгон Сиздер, бул жооптуу милдетиңиз аркылуу демократиянын, ынтымак жана биримдиктин, ошону менен бирге Түркия жана Кыргызстандын эзелтеден бери уланып келе жаткан достук жана боордоштук байланышынын чыңдалышына жана мындан ары да улантылышына чоң салым кошуп келе жатасыздар.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып дагы бир жолу Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктап, ден соолук, бакыт жана иштериңизге ийгилик каалайм.

Бет кап тагынууну, социалдык аралыкты сактоону унутпаңыздар!

Сак-саламат күндөр каалайм…

Женгиз Камиль ФЫРАТ

Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчи

 

Бөлүшүү

Комментарийлер