ТҮРКИЯ: БАЛДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ – МАМЛЕКЕТТИН БАШКЫ МАКСАТЫ

  • 11.03.2018
  • 0

(башталышы өткөн санда)

Төртүнчү күн. Бакыркейдеги Адалет (Адилет) бала бакчасы

ТҮРКИЯ: БАЛДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ – МАМЛЕКЕТТИН БАШКЫ МАКСАТЫ

Бул күнү түз эле Бакыркейде жайгашкан аялдардын жаза өтүүчү жайында ачылган Адалет бала бакчасына келдик. Бул бала бакча Адилет жана Билим берүү министрлигинин келишиминин негизинде ачылыптыр. 2 жаштан 6 жашка чейин 12 өлкөнүн жарандарынын балдары менен түрмө кызматкерлеринин балдары кошо тарбияланышат экен. Сабак үч ай бою түрк тилинде окутулат. Искусство, табигый илимдер ж.б.у.с. ийримдерде балдар билим алып, килем токуганды, кондитердик таттууларды жасаганды, кышка керектүү тамак-ашты камдаганды үйрөнүшөт экен.

Балдар жаза аткарган мекемеде болгон үчүн, ал жерде тамак жей алышпайт, ошон үчүн бала бакчада үйдө тамак жегендей кылып шарт түзүлгөн. Ар бир экинчи күнү балдар атка минишсе, үчүнчү күнү улуттук бийлерди үйрөнүшөт экен. Ошондой эле шахмат, баскетбол ойноп, бассейнге барып ден соолуктарын чыңдашат. Балдардын социалдашуусу үчүн аларды көп жерге алып чыгышарын адистер айтышты. Энелери эртең менен саат 8.00 сабакка алып келип, кечинде 16.30 бала бакчадан алып кетет экен.

— Энелер турган казарма эки кабаттуу, ар бир бөлмөдө экиден аял турат. Ошондуктан балдар энеси менен алты жашка чейин чогуу болот. Энесинин уруксаты жок баланы бир дагы тууганы алып кеталбайт. Алты жашка чыкканда туугандары жоктор Балдар үйүнө жөнөтүлөт, ал эми атасы бар балдар үйлөрүнө барып, мектепке киришет. Бул бала бакчанын ачылганына үч жыл болду. Менимче, дүйнө жүзү боюнча Стамбул шаарында эле бар. Балдар түрмө экенин билишет, биз аларга үй деп айтабыз. Билим берүү министрлигинин стандарты менен окутулат. Жаңы ыкмалардын баарын пайдаланып окутабыз. Негизи бала энесиз эркин жүргөнчө, апасы менен чогуу болгону жакшы, — деди бала бакчанын жетекчиси Арзу айым.

ТҮРКИЯ: БАЛДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ – МАМЛЕКЕТТИН БАШКЫ МАКСАТЫ

Балдар эч нерседен кем болбой багылып жатканына күбө болдук. Түркиядагы колунда бар адамдар аты-жөнүн айтпай эле кайрымдуулук кылып турушат экен. «Бактылуу планка» деген өзүнчө чакан складда балдарга деп келген белектер, т.а. оюнчуктан баштап кымбат баалуу кийимдер, канцелярдык товарларга чейин сакталып турат.

ТҮРКИЯ: БАЛДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ – МАМЛЕКЕТТИН БАШКЫ МАКСАТЫ

Ушул жылдан баштап төрт университет менен биригип, философия боюнча долбоор башталат экен. Ал жерде балдарга кантип туура суроо бериш керек, кантип туура ойлонуш керек ж.б.у.с. нерселерди үйрөтүшөөрүн Арзу айым баса белгиледи.

ТҮРКИЯ: БАЛДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ – МАМЛЕКЕТТИН БАШКЫ МАКСАТЫ

Папатия бала бакчасы

ТҮРКИЯ: БАЛДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ – МАМЛЕКЕТТИН БАШКЫ МАКСАТЫ

Бул бала бакчанын жетекчиси жаны тынбаган, бала десе жеп жаткан ашын жерге койгон мыкты директор экен. Анын айтымында, ал 18 жылдан бери бала бакчада эмгектенип келатыптыр. Үч кесиптин ээси: мектепке чейинки билим берүү педагогу, менеджер жана электрик. Ал бала бакчасындагы эркекке таандык бардык иштерди өзү жасаарын айтты. Электр энергиясына тийиштүү иштерди эч кимге жалдырабай эле өзү оңдоп-түздөп алат экен. Ишке кирбей жөн эле жаткан бала бакчанын жер төлөсүн ремонттоп, балдарга ылайыктап бөлмөлөргө бөлүп, жаркыратып салыптыр. Жада калса балдар үчүн оюнчуктарды өзү жасап, кызыктуу программаларды дагы өзү түзөт экен.

ТҮРКИЯ: БАЛДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ – МАМЛЕКЕТТИН БАШКЫ МАКСАТЫ

16 класста 15-16 баладан билим алышат. Жалпы 300 бала камтылыптыр.

— Түркияда 1 жаштагы балдардын саны 230 миңди түзсө, 5 жаштагы балдардын саны деле 230 миң. Мен келгенде аба алмашуу системасы иштечү эмес, оңдоп алдым. Бала бакчанын жетекчиси техникалык иштерди, бухгалтерияны, негизгиси өз кесибин жакшы билиши керек. Бала үйүн кантип таап барыш керек боюнча программа иштеп чыктым. Ал оюн менен бала санаганды, үйүн адашпай тапканды үйрөнөт, айлана-чөйрөнү таануусу күчөйт. Биз эч кимден эч нерсе күтпөй эле өзүбүз иштей беребиз, — деди жетекчи.

ТҮРКИЯ: БАЛДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ – МАМЛЕКЕТТИН БАШКЫ МАКСАТЫ

ТҮРКИЯ: БАЛДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ – МАМЛЕКЕТТИН БАШКЫ МАКСАТЫ

Бешинчи күн. Эмма Билтажи атындагы Эне жана бала, Чоң аталар жана неберелер борборлору

ТҮРКИЯ: БАЛДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ – МАМЛЕКЕТТИН БАШКЫ МАКСАТЫ

Эсенлер муниципалитетине караштуу Эмма Билтажи атындагы Эне жана бала, Чоң аталар жана неберелер борборлоруна бир көчө жөө басып келдик. Көрсө, бул Балдар көчөсү экен. Бул тарапка бир дагы унаа кирбейт. Балдар эч нерседен коркпой кенен ойношот.

Эне жана бала комплексинин иштегенине төрт жыл болуптур. 4-6 жаштагы 400 бала бекер билим алышат. Ар бир тайпада 25 баладан ашпайт. Энелер саат 9-11, 11-13, 14-16 чейин алып келип, ар түрдүү ийримдерге балдарын берип коюп, өздөрү дагы самын жасоо, кондитердик жактан билим алышат экен. Биз барган учурда балдар спектакль койгонго даярдык көрүп жатышыптыр. Жалал-Абад педагогикалык колледжинин директору Бариса Турдубаева «Карагат» деген ырды балдарга арнап ырдап берди. Алар дагы бизге жооп катары түркчө ыр ырдашып, каалоолорун айтышты.

ТҮРКИЯ: БАЛДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ – МАМЛЕКЕТТИН БАШКЫ МАКСАТЫ

Андан соң чоң аталар, чоң энелер борборуна сапар тарттык. Ал жерде атайын жомок окуучу бөлмөсү бар экен. Түрк эски маданиятына, салтына тиешелүү жомокторду чоң аталар менен чоң апалар балдарына айтып беришерин 70, 80, 90 жаштагы аксакалдар кеп уруп отурушту. Балдар чоң ата, чоң апалары менен бирге сүрөт тартып, чийип, килем токуганды, устачылык кылганды, жер менен иштегенди үйрөнүшөт экен. Ай сайын мэрия 200 миң доллар которуп тураарын билдик. Баса, Эсенлер мэриясы балдарды өнүктүрүү үчүн 13 га. жерди бөлүп, ал жерге дүйнө жүзүндө жок Балдар паркын (ал жерде зоопарк да бар) куруу пландаштырылып жатканын сыймыктануу менен айтышты.

Багжылар бала бакчасы

ТҮРКИЯ: БАЛДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ – МАМЛЕКЕТТИН БАШКЫ МАКСАТЫ

Бул бала бакчада 3-6 жаштагы 60 бала тарбияланат экен. Эртең менен саат 8.00 — 17.30 чейин. Бул жерде дагы бардык ийримдер иштейт. Жумасына бир жолу социалдык-маданий иш-чараларды өткөрүшүп, же болбосо шаардын сыртына алып чыгышат экен. Андан кийин үстү жабык балдардын оюн паркына келдик. Майыптарга бекер, өз каалоосу менен келгендерге биздин акча менен алганда 2000 сом. Бул мэриянын каржылоосундагы жалгыз борбор экен. Бул жерден чыккандан кийин мүмкүнчүлүгү чектелгендердин сарайына бардык. Беш кабаттуу 16500 кв.м. ээлеп турган сарайда 37 бөлүм иштейт экен. 2010-жылы ачылыптыр, ай сайын мэрия 500 миң доллар которуп турат экен. Кыскасы, Стамбул шаарында балдарга мамлекет өзгөчө көңүл буруп, алардын өнүгүүсүнө бардык шарттарды түзүп берип жатыптыр.

Ушул эле күнү кечинде Багжылар муниципалитетинин уюштуруусунда Османлы Конагы социалдык мекемеде коштошуу сый-тамагы уюштурулуп, сертификаттар тапшырылды. Буга TDBB генералдык секретары Фахри Солак, Багжылар мэринин орун басары Кенан Гултурк, TDBB менен Багжылар муниципалитетинин кызматкерлери катышып, каалоо-тилектер айтылды. Багжылар мэринин орун басары Кенан Гултурк өз сөзүндө, Түркия менен Кыргызстан бир тууган, эгерде Түркия күчтүү болсо, Кыргызстан дагы күчтүү, же тескерисинче, бирөө алсыз болсо, экинчиси дагы алсыз экенин баса белгиледи. Делегациянын улуусу, И.Арабаев атындагы КМУнун Мектепке чейинки билим берүү технология кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, профессордун м.а. Токон Орусбаева мындай деди: «2005-жылы Түркияда мектепке чейинки мекемелер 20% гана балдарды камсыздай алчу, бүгүн 80% жетиптир. Бул деген 15 жыл аралыгында билим берүү системасына чоң инвестиция салынганын көрсөтүп турат. Бала бакчалар абдан жакшы экен, балдардын саны дагы аз. Ар кандай мекемелерден ар түрдүү тажрыйба топтоп алдык. Мисалы, биздин мамлекетте Бакыркейдеги Адалет бала бакчасындай мекеме, Эсенлердеги Чоң аталар жана неберелер борборлору жок. Ушундай нерселерди өз өлкөбүздө таратсак деген ойдобуз. Биз Түркияны жакшы көрөбүз. Түркия бизге боордош мамлекет. Бул жерде биз өзүбүздүн үйүбүздөй сезебиз. TDBB уюштурган программа үчүн ыраазычылык билдирем. Абдан жакшы жана эсте калаарлык, жемиштүү программа болду».

Сый тамактан кийин сертификаттар тапшырылып, сүрөткө түшүп, уюштуруучулар менен коштоштук. Эртеси таң эрте Стамбул шаарын дагы бир ирээт кыдырып, Ыйык София музейине бардык, пароходко түштүк, кечинде Кыргызстанга сапар тарттык.

ТҮРКИЯ: БАЛДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ – МАМЛЕКЕТТИН БАШКЫ МАКСАТЫ

ТҮРКИЯ: БАЛДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ – МАМЛЕКЕТТИН БАШКЫ МАКСАТЫ

Сөз соңу

Түркияда балдарды өнүктүрүү жакшы жолдо баратканын көрдүк. Стамбул шаарында эле 2 миллион 850 миң окуучуга 125 миң мугалим билим берет. 2005-жылдан тарта өнүгүү программасы кабыл алынып, ошондон баштап билим берүү системасына өзгөчө көңүл бөлүнө баштаптыр. Чет өлкөлөргө чыгып, тажрыйба топтоп келип, өздөрүнүн маданиятына, саясатына тууралап, мыкты долбоорлорду ишке ашырышат экен. Эң башкысы, ата-энелердин жоопкерчилиги мыйзамда каралыптыр. Түркияда балдарды өнүктүрүү менен катар ата-энелерди дагы окутканы, сен байсың, сен кедейсиң деп бөлүшпөй, баарына тегиз мамиле кылганы бизди ойго салды. Эмне үчүн бизде ушундай иштер жок? Ата-энелер качан жоопкерчиликти моюнга алышат? Балдарын бирөөгө түртө салганды качан токтотуп, качан ойгонушат?

Түркияда жер аз, эгер кичине эле жердин башы чыкса, балдарды өнүктүрүү борборлоруна, бала бакчаларга бөлүнүп, ага мамлекеттик партия болобу, же оппозициябы, же мэриябы, же министрликтерби, же жеке ишкерби, айтор,  балдарга жүрөктөрүн арнап, курушат экен. Балдарга болгон сүйүүсү өзгөчө экенин өз көзүбүз менен көрүп келдик.

Бизде канча деген партиялар бар. Ар бири эле бирден бала бакча куруп берсе, азыркыдай абал болмок эмес. Ал эми Бишкек шаарындагы заңгыраган биринен бири ашкан тойканаларчы? Эмне үчүн бизде мэрия, мамархитектура тойканаларга жер бөлүп берип жатканда жанына бала бакча же мектеп курасың, ал биздин баланста болот деп соодалашпайт? Заңгыраган кабат-кабат үйлөрдү куруп жаткан курулуш компанияларына да үйдүн жанында бала бакча курасың деп милдеттендирип койсо болбойт? Капчыктуулар ошого деле макул болмок. Болгону тиешелүү жетекчилер өз кызыкчылыгын көздөбөй, жүрөктөрү келечек, балдар деп согуп, колунан келген аракеттер жасалса бул жаатта жылыштар болоору талашсыз.

Бизде дагы окутуу жагында өрнөк алчу жакшы иштер бар, бирок бала бакчалардын, мектептердин жетишсиздигинен бир партада үч окуучу отурса, бир керебетте үчтөн бала жатса кайдагы сапат, кайдагы өнүгүү?..

Жакынкы арада базар, тойкана, кабат-кабат үй курам деп өз кызыкчылыгын көздөгөн эмес, мамлекеттин жеңилин жерден, оорун колдон алып, балдарга билим очогун, Энелер жана аталар борборун ж.б.у.с. курам деген кыргыздын  мекенчил жаштары чыгат деп үмүтүбүздү өчүрбөй, келечекке кенен кадамды таштай туралы. Келгиле баарыбыз ойгонуп, баарыбыз ойлонолу!

Ал эми ушул турду уюштурган TDBB генералдык секретары Фахри Солак мырзага жана “Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаевага жана фонддун аткаруучу директору Догдуркүл Кендирбаевага делегациянын атынан чоң ыраазычылык билдиребиз.

Жетекчилердин ой-пикирлери

Арстанбек Сагынтай уулу, «Р.Отунбаеванын демилгеси» эл аралык фондунун кызматкери:

— Мамлекет жол башчы болуп тартып баратканы билинип турат экен. Иштегенге мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Уникалдуу проектилер бар экен. Керек болсо Сириядан келген качкындардын балдарын бөлбөй, өз балдарындай мамиле кылып окутушканы жакты.

Токон Орусбаева, И. Арабаев атындагы КМУнун Мектепке чейинки билим берүү технология кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, профессордун м.а.:

— Жети күндүн ичинде ар түрдүү формадагы, типтеги, билим берүү жана социалдык министрликке караган, мэриянын бакчаларында болдук. Жалпысынан жаңылыктар жакшы киргизилген. Ар бир жетекчи чыгармачылык менен иштеп, ар түрдүү формадагы инновациялык программаларды, өзүнчө жаңылыктарды киргизиптир. Биринчиси, текшерүү деген маселе жокко эсе экен. Чыгармачылык менен иштеп, жылдын аягында отчет беришет экен. Бул абдан жакшы. Ар бир жетекчи өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө, адистеринин күчүнө таянат экен. Бир бакчада 6-7 группа болсо, ар биринде ар түрдүү жабдыктар, түрдүү жасалгалоо, ар түрдүү мамиле экен. Жетекчилер бардык жагынан колдоо көрсөтүп турат. Ар бир бакчага барганда балдардын көз карандысыз, жашоого даяр, ачык жана тарбиячыларга да башкача мамиле кылышат экен. Дагы бир жаңы формасы — түрмөдөгү бала бакча. Бизге кызыктуу болду жана чоң таасир калтырды. Энеси кандай кылмыш жазабасын балада эмне күнөө? Түрмөдө иштеген кызматкерлердин балдары дагы чогуу тарбияланат экен. Эне баланы ажыратпай, энесинин жанында бала 6 жашка чейин болот экен. Эң жакшы жери — Кыргызстандан келиптир деп жетекчилеринен баштап адистерине чейин чоң маани бурду.

Стамбул чоң шаар. Көчөлөрү тар. Ошого карабастан, бир көчөнү балдар көчөсү деп коюшуптур. Машинелер кирбейт, балдар эркин жүрүшөт экен. Бул мамлекеттик Ак партиянын демилгеси жана салымы экенин айтышты. Жаман жагын көрө алган жокпуз, өнүгүү программасы жаңы башталса дагы туура жолдо баратыптыр.

Бариса Турдубаева, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы педагогикалык колледждин директору:

— Түркия билим берүү системасындагы үч нерсени байкадым: биринчиден, бала бакчанын директорлору окуу жайлар менен тыгыз байланышта болуп, иш берүүчү катары алар студент окуу жайды бүтүп келгенден кийин экзамен алышат. Окуу жай менен байланышып, окуу программасына чейин киришип, учурдагы бала бакчадагы жетишкендиктерди үйрөтүп келип, анан кайрадан экзамен алып, категория беришет экен. Мисалы, окуу жайды жакшы бүтүп келгендердин айлыктары жогорураак болот экен. Экинчиси – балдарды жүрөгү менен сүйүп, Монтессори педагогикасы менен методикасын пайдаланып өтүп, балдарга жагымдуу чөйрө түзгөнгө аракет жасалганын көрдүк. Бардык бала бакчаларда балдардын колу жете турган эмеректер жасалган. Балдар өздөрү ойноп жаткан жерде жатса жатып, турса туруп үйдөгүдөй чөйрө түзүлүп, жылуу мамиле жасалат экен. Балдардын интеллектуалдык жактан деңгээлин жогорулатканга бардык аракеттер жасалып жатыптыр. Түрдүү ийримдер иштеп, алар турмуш менен байланыштырылып, турмушка керектүү компетенттүүлүктү калыптандырышат экен. Эмеректери, оюнчуктары табигый буюмдардан жасалган. Бир дагы бала бакчадан Кытайда жасалган оюнчуктарды көргөн жокпуз. Оюнчуктары санитардык-гигиеналык нормага туура келет. Үчүнчүсү – мамлекеттин билим берүү системасына болгон камкордугу абдан жакты. Мугалимдин, тарбиячынын, билим кызматкерлеринин статусун мамлекет эбак эле көтөрүп коюптур. Ар бир кызматчы башын бийик көтөрүп, биз ушул жерде иштейбиз деп, жанын бергенге даяр экен. Маселен, түрмөдөгү бала бакчаны ачкан Арзу деген кыз үйүнө кетпей иштейт экен. Айлыктары жакшы үчүн, үйүнө барбай иштеп жатышат. Атаандаштык аябай күчтүү экенин директорлор айтышты. Бир бала бакча менен экинчи бала бакча аттандашып иштешет экен. Биз кыйынбыз дебей, баарын ала жүрүшкөнү жакты.

Бактыгүл Токторбаева, РДББнын коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн башчысы:

— Үч жактуу окутушат экен. Биринчи, балдарды окутушат, экинчи — мугалимдерди окутуп, дайыма даярдап турушат, үчүнчү — ата-энелерди да окутушат экен. Бизде ата-энелерди окутат деген жок. Өкмөттүк деңгээлде балдарга көргөн камкордугу жогорку деңгээлде экен. Бир дагы бала бакчада медперсонал жок. Себеби бул жерде профилактикалык кароо абдан күчтүү коюлуптур. Ай сайын болобу, жума сайын болобу ата-эне өздөрү балдарын текшертип, ар бир баланын колунда карточкасы бар экен. Профилактикалык кароо болгондуктан бала бакчалар коркпой эле балдарды жарым күндүк, бир күндүк, эки сааттык кылып ала беришет экен. Биз ал ишти жайылталы десек, кыска мөөнөткө келген бала башка балдарга жугуштуу ооруларды жугузуп коет деген коркунуч бар. Дагы бир эске алчу нерсе, жеке менчик бала бакчалар ачылышы керек болсо, мэрия атайын имарат салып же бөлүп берет экен.

Наталья Никифорова, заместитель начальника управления образования при мэрии г.Бишкек:

Что для нас было новое. Во-первых, работа с родителями выстроена в контексте максимального сохранения института семьи – родители получают консультации, проводят совместные занятия, участвуют в организации праздников, отчетных концертов. Важный момент — предоставление муниципалитетами площадок для общения с детьми, оборудование залов ожидания, комнат для прослушивания лекций по различным темам, создание театральных площадок со зрительскими залами для проведения совместных мероприятий. Сохранение традиций и передача культурного наследия в условиях мегаполиса, путем создания условий для совместного пребывания детей дошкольного возраста и старшего поколения (бабушек, дедушек). Второе, набор в детские учреждения в основном строго по территориальному принципу. Третье, принцип государственно-частного партнерства в дошкольном образовании. Со стороны муниципалитета — предоставление зданий, финансирование заработной платы, оплата коммунальных услуг, питание, со стороны родителей – оплата дополнительного образования, поддержка проведения мероприятий; предоставление льгот по оплате для государственных и муниципальных служащих (до 20%); гибкий график внутреннего распорядка дошкольных организаций – полный день для работающих родителей, возможность кратковременного пребывания в саду; отсутствие требований для организации сна детей старше ясельного возраста, дает возможность максимального использования помещений для организации занятий и проведения игр; строгое соблюдение стандартов наполняемости групп детьми (до 25 человек в группе) создает условия для педагогов и воспитателей, выдерживает требования санитарных норм из расчета на 1 ребенка в условиях столицы; строгое выдерживание норм и требований при строительстве зданий для детей с ОВЗ. Муниципалитет. Участие в проектной деятельности. Создание условий для проведения совместно с вузами работы по выявлению одаренных детей. Предоставление информации родителям, дошкольной организации о способностях, наклонностях ребенка, выработка рекомендаций для организации учебного процесса, выбора общеобразовательной школы для получения возможности дальнейшего развития. Создание Центров творческого развития, привлечение студентов педагогических вузов для проведения занятий и создание Центров для работы с детьми ОВЗ.

Социальное партнерство. Муниципалитетом совместно с министерством образования, министерством юстиции поддержана инициатива по реализации проекта по созданию условий пребывания детей дошкольного возраста, матери которых отбывают срок лишения свободы. Построен детский сад нового типа на территории тюрьмы, в котором дети заключенных имеют возможность получать дошкольное образование в современных условиях, социализироваться в общество независимо от родителей, получивших наказание за нарушение закона. Имеют возможность общения с родственниками; муниципалитетом создан Центр поддержки женщин, позволяющий решить психологические, юридические, социальные проблемы. Созданы условия для обучения, получения профессиональных навыков, изготовления и реализации продукции.

Сотрудничество. Взаимное желание взаимодействовать, выстраивать отношения для получения информации о новых педагогических разработках, проектах, достижениях; обмениваться опытом, использовать и применять в управлении новые методы, форм, подходы, практики, решения в условиях городской среды; приложить совместные усилия сохранить культурное наследие и традиции своего народа, увидеть во взаимосвязи общие исторические связи и совместное стремление обеспечить качественное современное образование, уделять особое внимание раннему развитию детей, развивать и укреплять институт семьи.

Саламат Көлбаева, Калыс-Ордодогу №86 мектептин директору:

— Түркиядан алып келген бардык тажрыйбаларды ишке колдоном. Өзгөчө Монтессори, Вальдроф педагогикасын пайдаланганды көздөп турам. Бул педагогиканы тереңдетип окууну колго алыш керек жана аны ишке ашыруу зарыл. Балдарды тарбиялоодо жана дүйнө таанымын калыптандырууда түрк элинин иш тажрыйбасы жардамга келеринде шек жок. Пайдаланган китептерин ала келдим, буюрса аны котортуп, ишке пайдаланам.

Дилнара Майгулакова, №186 бала бакчанын директору:

— Бала бакчаларда балдарды эң жакшы көргөн гана адамдар иштейт экен. Экинчиден, үй-бүлө маселесине мамлекет тарабынан көбүрөөк көңүл бурулганы жакшы экен. Колунда бар адамдар аты-жөнүн жарыя кылбай эле бала бакчаларга жардам беришкени жакты. Материалдык-техникалык базасы күчтүү болгондуктан тарбиячылар чыгармачылык менен иштешкени байкалып турат. Булар көп борборлорду ачып, лабораторияны ателье деп, ар бир кабинетте адис иштейт экен. Бир дагы кабинет, бир дагы жер бош калбаптыр. Ошонун баары балдарга кызмат кылат. Балдарды ар тараптан колдоп, аларга кошумча билим берип, аны төлөш керек болсо ата-эне түшүнүү менен кабыл алышат экен. Өкмөт аткарыш керек деген түшүнүк жок экен. Кайсы кызмат ордунда болбосун балдарга бирдей мамиле кылганы аябай жакты.

Имараттардын ичинде балдардын коопсуздугун сактоодо жөнөкөй эле материалдарды алып коргоп коюшуптур, жерге салынган килемдер жокко эсе экен. Баарынан дагы курулуш материалдар балдарга ыңгайлуу жумшак, бала жыгылса да эч нерсе болбойт.

Гүлайым Молдакунова, Ат-Башы районундагы Казыбек айылындагы «Казыбек Жеткинчек» бала бакчасынын директору:

— Биз балдарды сөзсүз жаткырып уктатабыз. Ал үчүн атайын уктоо бөлмөсү, керебети керек болот. Стамбулдагы бала бакчаларда бул проблема жок экен. Эгер бала уктагысы келсе ошол ойноп жаткан бөлмөнүн бир бурчуна барып, матрац, жаздыкты жазданып алып уктай берет экен. Каалаган учурда ойгонот экен. Ата-энелер балдарын кыска мөөнөткө да, эртеден кечке чейин да алып келишет экен. Түрктөрдүн аялдары көбүнчө үйүндө болуп, балдарын үйдө тарбиялашып, керек учурда алып келип, анан окутуп кайра алып кетип калышат тура. Көп бала бакчаларда балдардын эшикке чыгып ойногонуна аянтчалары жок болгондуктан, имараттын ичинде эле ойношот экен. Бизде территория кенен, ошондуктан балдар таза абага чыгып, ойношот. Папатия бала бакчасынын жетекчиси өзүн өзү каржылап, оюнчуктарды да өзү жасаганы абдан жакты.

Сакенова Назира, Ош облусунун Алай районундагы «Жоогазын» бала бакчасынын директору:

— Муниципалитетке караштуу мамлекеттик жана жеке бала бакчаларда үй-бүлө маселесин биринчи орунга коюп, ошолордун коопсуздугу боюнча мамлекеттик чиновниктер дагы, бала бакчада иштеген кызматкерлер дагы иштешет экен. Күнүгө мониторинг жүргүзгөндөрү жакты. Эң жакшысы — стандарт боюнча бир тайпада 25 бала болуш керек болсо, бардык бала бакчаларда 12-18ке чейин эле экен. Артыкчылыктары – бир тарбиячы бир өзгөчөлүк тапса, ошону жазып, университеттердин окутуучуларына жөнөтөт экен. Илимий жактан жактырылгандан кийин, ал өзүнүн методикасын кошуп, пайдаланат экен. Дагы бир өзгөчөлүгү – өзгөчөлөнгөн бардык методдордун жыйындысынан интеграцияланган сабактарды да өтүшөт. Методдорду өздөрүнүн маданиятына, кулк-мүнөзүнө, салт-санаасына да ылайыкташтырылат экен. Ааламды, планетаны бала бакчадан билип чыгышканы жакты.

Булар биз сыяктуу эле өнүгүүнүн жолунда экен. Орто Азия мамлекеттердин ичинде Кыргызстанда биринчи жолу 2010-жылы мектепке чейинки билим берүү мыйзамы кабыл алынган. Башка мамлекеттерде андай мыйзам жок. Бизде дагы мыкты өсүштөр, жылыштар бар. Экономикалык жактан гана буларга жетишибизге кичине убакыт бар экен.

Перизат Багышова, Кочкор районундагы «Баластан» бала бакчасынын жетекчиси:

— Түрктөрдүн меймандостугу абдан жакты. Бала бакчалары атаандыштык менен изденип, чыгармачылык менен иштешет экен. Балдарды бала бакчага көп тартыш үчүн кыска мөөнөттүүлөрдү көбөйтүшүптүр. Мында ата-эненин жоопкерчилиги көбүрөөк болот. Кыргызстанда да кыска мөөнөттүү 120 бала бакча ачылды.

Жаза өтүүчү жайдагы бала бакчага барганда энелик сезимим ойгонуп, ызаланганга чейин бардым. Стамбул шаарынын прокурору бизден сурады: «Бала энеси жок сыртта эркин жүргөнү жакшыбы, же энеси менен кошо түрмөнүн ичинде жүргөнү жакшыбы?» деп. Кыргыздын жакшы макалы бар го «Балага бирөөнүн май бергенинен, энесинин суу бергени артык» деген. Менимче, булар ушул идеологияны пайдаланып жатышат. Эне үчүн бала кымбат, бала үчүн эне кымбат.

Канышай Капарова, Талас районундагы «Байчечекей» бала бакчасынын тарбиячысы:

— Бир бала бакчада дубалдар жок, баары ачык экен. Ар бир тайпа өздөрүнүн бөлүнгөн территориясында олтуруп алып, сабак окуп жатышат. Бирок эч ким бири-бирине тоскоол этпегени көрүнүп турду. Санитардык-гигиена аябай катуу сакталганы, бир эле жолку стакандарды пайдаланышканы жакты. Түркияда бала менен кошо ата-энени дагы окутушат экен. Анан баланын окуусун баалоо дагы өзгөчө экен. Ата-энелери менен сүрөттөрүн илип коюшканы жакты. Негизи эне өзү гана тарбиялайт экен, сабак учурунда гана бала бакчага барышат. Ошондуктан кыска мөөнөттүү бала бакчалар көп экен.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим», Бишкек — Стамбул — Бишкек

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер