Төрага Нурланбек Шакиев КУАУнун алдыңкы студенттерине стипендия тапшырды

  • 11.05.2024
  • 0

Бүгүн, 11-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин алдыңкы 15 студентине 20 миң сомдон стипендия тапшырды. Ошондой эле эки окутуучуга илимий ишмердүүлүгүн колдоо багытында 100 миң сомдон каржылык көмөк көрсөттү.

Төрага Нурланбек Шакиев КУАУнун алдыңкы студенттерине стипендия тапшырды

Төрага үстүбүздөгү жылдын башында аталган окуу жайга барып, жетишкендиктери жана түзүлгөн шарттары менен жеринде таанышып келген. Нурланбек Шакиев Кыргызстан агрардык өлкө экендигин, айыл чарба тармагы экономикабыздын негизин түзөрүн, андыктан, бул тармакты өнүктүрүү үчүн илим менен тажрыйбаны айкалыштырган жана заманбап технологияларды мыкты өздөштүргөн адистер өтө зарылдын баса белгиледи. —

  • 90 жылдык тарыхка ээ Кыргыз улуттук агрардык университети коюлган талаптарды эске алып, экономикабызды алдыга сүрөгөн адистерди чыгарууну улантышы керек. Бүгүнкү тапшырылып жаткан стипендия жана каржылык колдоо студенттер менен окутуучуларды шыктандырып, жаратман жаштардын өсүп чыгышына аз да болсо көмөкчү болот деген ишеничтемин.

Төрага Нурланбек Шакиев КУАУнун алдыңкы студенттерине стипендия тапшырды

Туура жүргүзүлгөн экономикалык саясаттын негизинде ички дүң продукциябыздын көлөмү өсүп, калк турмушун жакшыртууга багытталган ири долбоорлор ишке ашырылууда. Айрыкча билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, келечек ээлерине татыктуу таалим-тарбия берүү башкы максат катары каралып жатат. Өз кезегинде Жогорку Кеңеш да билимге умтулган жаштарды колдоп, алдыңкы окуучуларга жана студенттерге ар тараптуу жардамдарды көрсөтүп келебиз. Бүгүнкү берилип жаткан стипендиялар жасалган жакшы иштердин бир мисалы. Буйруса мындай саамалыктар дагы уланат, – деди Нурланбек Шакиев.

Төрага Нурланбек Шакиев КУАУнун алдыңкы студенттерине стипендия тапшырды

Ал эми 100 миң сом каржылык колдоо алган гидромелиорация, экология жана жерге жайгаштыруу факультетинин деканы, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Аман Самыкбаев аталган университетте 48 жылдан бери иштеп келе жаткандыгын айтты.

  • Алгачкы жолу ушундай көңүл бурулуп, Жогорку Кеңештин Төрагасынын атынан каржылык колдоо көрсөтүлүүдө. Берилген акчаны төрт жылдан бери чыгара албай жаткан экология маселелерине байланышкан эмгегимди чыгарууга жумшайм. Андыктан берилген жардам үчүн Төрагага ыраазычылык билдирем, – деди.

Жолугушууда студенттер да сөз сүйлөп, тапшырылган стипендия мыкты окууга шыктандырарын жана келечекте мамлекетке керектүү адистерден болуу максаттары бар экенин кошумчалашты.

  • Айыл чарба тармагы күн сайын өнүгүүдө. Буга байланыштуу заманбап тажрыйбаларды өздөштүрүп, агрардык өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн өз салымымды кошом деген тилегим бар, – деди 2-курстун студенти Арсен Турдубаев.

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер