ТӨРАГА МАМЫТОВ ЖККУНУН ПАРЛАМЕНТТИК АССАМБЛЕЯ КЕҢЕШИНИН ОНЛАЙН-КОНФЕРЕНЦИЯСЫНА КАТЫШТЫ

  • 30.11.2020
  • 0

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы  Талант Мамытов бүгүн, 30-ноябрда Жамааттык коопсуздук  келишими уюмунун  Парламенттик Ассамблея Кеңешинин онлайн-конференциясына  катышты.

ЖККУнун Парламенттик Ассамблея Кеңешинин отурумуна  уюмга мүчө өлкөлөрдүн — Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Россиянын, Тажикстандын  парламенттик делегацияларынын  жетекчилери, ЖККУ ПАнын  байкоочулары — Сербиянын элдик скупщинасынын  жана  Афганистан Ислам Республикасынын  Улуттук Ассамблеясынын  Волеси Джиргасынын  төрагалары, ЖККУнун жана  ЖККУ ПАнын катчылыгынын  өкүлдөрү катышты.

ТӨРАГА МАМЫТОВ ЖККУНУН  ПАРЛАМЕНТТИК АССАМБЛЕЯ КЕҢЕШИНИН ОНЛАЙН-КОНФЕРЕНЦИЯСЫНА КАТЫШТЫ

Видео конференцияга  ЖККУ ПАнын төрагасы, Россия Федерациясынын  Федералдык жыйынынын  Мамлекеттик Думасынын  төрагасы  Вячеслав Володин  модераторлук кылды.

Кеңешменин  катышуучулары  моделдик мыйзам чыгаруу актыларын, Коргонуу жана коопсуздук  маселелери боюнча  ЖККУ ПАнын туруктуу комиссиясынын  демилгеси менен киргизилген  башка укуктук актыларды  кабыл алуу жөнүндөгү маселелерди карашты.

2016-2020-жылдарга Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун  Парламенттик Ассамблеясынын  ишмердүүлүк программасына ЖККУга  мүчө мамлекеттердин  улуттук мыйзамдарын жакындаштыруу жана гармонизациялоо  боюнча өзгөртүүлөрдүн киргизилиши, ошондой эле  2021-2025-жылдарга  бул программалык долбоорду  улантуу маселелери  конференциянын  башкы темаларынын бири болду.

ТӨРАГА МАМЫТОВ ЖККУНУН  ПАРЛАМЕНТТИК АССАМБЛЕЯ КЕҢЕШИНИН ОНЛАЙН-КОНФЕРЕНЦИЯСЫНА КАТЫШТЫ

Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы  Талант Мамытов  2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо белгиленгенин  маалымдады. Ушуга байланыштуу ал ЖККУ ПАнын 2021-жылдын иш планынын долбооруна  КР Президентин шайлоону  киргизүүнү сунуштады.

“Ошондой эле 2021-жылы  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын  шайлоо пландаштарылып жатат, ал аныкталган соң  ЖККУ ПАнын 2021-жылга  иш планына  тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл”, — деди Талант Мамытов.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер