СЫНАКТЫН ЭКИНЧИ АЙЛАМПАСЫ ЖАРЫЯЛАНДЫ

  • 26.08.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстун экинчи айлампасы жарыялангандыгын билдирди.

Сынакка катышуу үчүн талапкер документтерди 2022-жылдын 25-августунан 8-сентябрь, саат 18:00гө чейин өзүнүн ЖЕКЕ электрондук почтасы аркылуу тиешелүү облустун электрондук дарегине жөнөтөт. Эскерте кетүүчү жагдай, башка бирөөнүн почтасынан жөнөтүүгө болбойт.

Баткен облусу — [email protected]

Жалал-Абад облусу — [email protected]

Ысык-Көл облусу — [email protected]

Нарын облусу — [email protected]

Ош облусу — [email protected]

Талас облусу — [email protected]

Чүй облусу — [email protected]

Документтерди өз убагында тапшырбаган же болбосо документтери толук болбогон талапкерлер сынактан четтетилет.

Ал эми компьютердик тестирлөө өтө турган график жана жайы тууралуу кошумча маалымат жарыяланат.

Сынак жөнүндө маалыматтарды төмөндөгү телефондор аркылуу алууга болот:

0 (505) 110108, 0 (556) 110107, 0 (755) 112237, 0 (778) 112238.

Бөлүшүү

Комментарийлер