СУПЕР УНИВЕРСИТЕТТЕР — ДҮЙНӨЛҮК ТРЕНД

  • 22.07.2022
  • 0

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун өлкөдөгү бир катар жогорку окуу жайларды бириктирип, ирилештирип, бешөөнө өзгөчө макам ыйгарып,  аларга мурда болуп көрбөгөндөй укуктар менен эркиндиктерди берип жатканы алысты ойлогон акылдуу чечим болуп калды.

Президенттин жарлыгында каралгандай, КУУ, КММА, КУАУ, КМТУ жана ОшМУга  өзгөчө макам ыйгарылып, аларга бир катар жогорку окуу жайлары бириктирилмей болду.

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы менен Кыргыз улуттук агрардык университети бүгүнкү күнү окуу-материалдык базасы бекем, жогорку динамикадагы өнүгүү жолунда, көч башында бараткан жогорку окуу жайлардан экени калетсиз. Ошондуктан өзгөчө макамдын ыйгарылышы —  бул окуу жайлардын жогорку интеллектуалдык командасы менен жогорку кесипкөй менеджерлеринин ишмердигине көрсөтүлгөн өзүнчө бир мамлекеттик чоң колдоо жана ишеним болуп саналат.

КМТУ өзүнөн бир кезде бөлүнүп кеткен КМКТАУ жана Геология университетин, КУУ — Юридикалык университетти кайра алмай болду. Чынында убагында Кыргыз техникалык университетин жеке кызыкчылыктан улам эки-үчкө бөлүп жиберишкен. Эми ошол каталык оңдолуп, акыйкаттык ордуна келди.

Ал эми бул Улуттук университетте отуз жылда биринчи жолу болуп жаткан окуя, биринчи жолу башына баш кошулуп жатат. Буга чейин жалаң гана жоготуунун үстүндө болуп келди, канчалаган филиалдарын, окуу корпустарын, жатаканаларын колдон алдырды. Ошондуктан Улуттук университет үчүн бул өзүнчө бир тарыхый учур, ушундан ары өнүгүп өсүүнүн жаңы этабы башталышы керек. Бул үчүн өзгөчө макам бардык шарттарды түзүп бермекчи, академиялык жана финансылык  эркин ишмердикке мурда болуп көрбөгөндөй чоң укуктар берилип жатат.

Ошондой эле Ош мамлекеттик университетине Ош юридикалык институтунун  берилип жатканын ушундай эле өңүттөн карасак болот. Бул ОшМУнун улуттук гана деңгээлде эмес, регионалдык деңгээлдеги күчүн, таасирин арттырууга өбөлгө түзөт. Ал эми юридикалык университет өз алдынча болгонго караганда, ОшМУнун курамында динамикалуу өнүгүүгө бет алат.

Өзгөчө макам берилген беш университеттен тышкары, Кыргыз экономикалык университетине “изилдөөчү университет” деген макам ыйгарылып, аны Бишкектеги финансы техникуму жана Бизнес жана социалдык өнүгүү академиясы менен бириктирүү дагы келечекти ойлогон кесипкөй чечим болуп калды. Аталган окуу жайлар азыркы абалында өз алдынча тура берсе, илең-салаң болуп, кыбырап жүрө бермек. Андан көрө интеллектуалдык-материалдык ресурстарды, күчтөрдү бириктирүүдөн баары утушка ээ болуп жатпайбы. Биринчиден,  башкаруучулар кыскарат, кайталанган түзүмдөр жоюлат, мамлекеттик каражат сарамжал болот, эң башкысы финансылык, материалдык жана интеллектуалдык ресурстар бириккен жерде потенциал көбөйүп, эл аралык рынокто мамлекеттик университеттердин атаандаштык күчү жогорулайт.

Министрликтин адистери эсептеп чыккан аналитикалык отчетко караганда, ирилештирүү жогорку кесиптик билим берүүнүн 31, орто кесиптик билим берүүнүн 13 багыты боюнча кайталоолорду жоюуга мүмкүнчүлүк түзөт экен.

Техникалык жогорку окуу жайларын бириктирүүдөн эле жылына республикалык бюджеттен 3,5 миллион сом, атайын каражаттардын эсебинен 42,6 миллион сом үнөмдөлмөкчү.

СУПЕР УНИВЕРСИТЕТТЕР -  ДҮЙНӨЛҮК ТРЕНД

Германиядагы Карлсруэ технологиялык институту Европадагы эң алдыңкы жана дүйнөдөгү эң мыкты жүз жогорку окуу жайынын катарына кирет.

Жогорку окуу жайларды ирилештирүү —  азыркы убакта бүт дүйнөлүк тренд экенин айта кетүү керек.

Мисалы, Европада биригүү, ирилешүү жолуна Дания менен Эстониянын университеттери 2005-жылы эле өтүшкөн. Ал эми Франция бүгүн бул жолдогу лидер болуп калды. Анын өкмөтү университеттер менен изилдөө борборлорун бириктирүүдө. Дүйнө университеттеринин ТОП-10 Эң ири Пари-Саклэ федералдык университетинин курамына бүгүн Политехникалык мектеп, Париждин Коммерциялык мектеби жана Париж-Түштүк университети кирет. Дагы бир сонун мисал – Сорбонна менен Пьер жана Мария Кюри институтунун бириктирилгени.

Германияда болсо АКШнын Массачуетс технологиялык институту менен атаандаштык түзүү максатында университет менен изилдөө борбору бириктирилип, Карлсруэ технологиялык институту түзүлдү. Булар бириккен 2009-жылы 20% көп студент тапшырып, финансылык каржылоо 50% көбөйгөн.

Билим берүүнүн лидери атыккан Финляндияда Хельсинки экономикалык мектеби, Технологиялык университет жана Искусство, дизайн университети бириктирилип, Аальто университети түзүлдү. Ошондон кийин бул университетит дүйнөлүк университеттердин QS рейтингинде 50 сапка жогору көтөрүлгөн.

Жогорку окуу жайларды тармактык же регионалдык принцип боюнча бириктирүү, ирилештирүү Россия Федерациясында дагы пландуу жүрүп жаткан процесс. Мисалы, МИФИ Улуттук изилдөөчү ядердик университетке “Росатом” мамлекеттик корпорациясы иштеген шаарлардагы беш жогорку окуу жайы жана он эки орто кесиптик окуу жайы кошулду. Натыйжада МИФИ 2020-жылы QS, THE, ARWU, U.S. News & World Report, RUR жана башка жыйырмадан ашык рейтингде жогорку сапка жылды.

Урал мамлекеттик техникалык университети менен Урал мамлекеттик университети бириктирилип, Урал Федералдык университети түзүлдү. Азыркы күндө бул окуу жайда 109 кесиптик багытта 35 миңден ашык студент окуп жатат. Дүйнөлүк алдыңкы жогорку окуу жайлардын QS World University Rankings рейтингинде ал 331 орунда турат.

Демек, дүйнөлүк тажрыйба көрсөтүп тургандай, чоң университет —  чоң мүмкүнчүлүктөргө жол ачат, чоң өсүшкө өбөлгө болот экен. Ирилешкен окуу жайлар ошондой эле академиялык көрсөткүчтөрдү, илимий изилдөөлөрдүн сапатын ыкчам жогорулатып, чет элдик илимий мектептер менен тезирээк интеграция болорун практика көрсөтүүдө.

Европанын университеттер ассоциациясынын башкаруу, каржылоо боюнча директору Томас Эстерманн  ирилешкен супер-университеттердин таасири чоң болгондуктан, аларга рейтингин көтөрүү жана жакшы репутацияга жетүү жеңил болорун айтып жатат.

Дүйнөлүк үч рейтингдин сап башында турган 65 жогорку окуу жайыныны арасында өзүнө бир спецификалык багытка адистешкен бирөө да жок. Алардын баары универсалдык билим берүүгө адистешкен жана баарынын олчойгон чоң бюджети бар.

 

К. Чекиров, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер