СТУДЕНТТЕР ФИНАНСЫЛЫК САБАТТУУЛУГУН БЕКЕМДЕШТИ

  • 15.09.2022
  • 0

ЫМУнун студенттери финансылык сабаттуулук боюнча тренингден өтүштү.

СТУДЕНТТЕР ФИНАНСЫЛЫК САБАТТУУЛУГУН БЕКЕМДЕШТИ

Тренинг Улуттук банктын өкүлдөрү тарабынан ОБСЕнин жардамы менен уюштурулду. Тренингде чыгаша-кирешени эсептөө, кредит алууда, акча сактоодо, депозит ачууда кандай укуктар жана милдеттер тууралуу кенен маалымат берилип, оюндар жана кызыктуу тапшырмалар менен коштолду.

Тренинг К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун Европа биримдигинин каржылыгы менен ERASMUS+ программасынын EGEA долбоорунун алкагында ачылган Жашыл лабораторияда (GreenLab IKSU) өттү.

Бермет АСКАР кызы, 

Каракол шаары.

Бөлүшүү

Комментарийлер