STEM АЯНТЧАСЫ — ЭКОЛОГИЯЛЫК МЫКТЫ ЧЕЧИМ
- 13.04.2026
- 0
КР Агартуу министрлигинин азыркы талаптары жана стратегиялык багыттары -негизинен окуучулардын функционалдык сабаттуулугун жогорулатууга жана теорияны практига айкалыштыруу. Бул шартта география предмети жөн гана теориялык маалымат берүүчү булак эмес, окуучунун изилдөөчүлүк, логикалык жана практикалык көндүмдөрүн калыптандыруучу негизги куралга айланууда.
Менин педагогикалык ишмердүүлүгүмдөгү негизги миссиям – географиялык билимди STEM, PISA эл аралык баалоо стандарттарына ылайык окутуп, теориялык билимдерди турмуштук компетенцияга (көндүмгө) айландыруу болуп саналат.

География сабагында PISA тапшырмаларын колдонуу, окуучулардын текст менен иштөө, диаграммаларды талдоо жана табигый кубулуштардын себеп-натыйжасын аныктоо жөндөмүн өстүрөт. STEM (Science, Technology, Engineering, Mathematics) багыты болсо, географияны математикалык эсептөөлөр жана инженердик чечимдер менен байланыштырат. Мен Агартуу министрлигинин «Алтын Казык» стратегиясынын жана 12 жылдык билим берүү моделинин алкагында география предметин окутууну жаңы сапаттык деңгээлге трансформациялап, окуучулардын функционалдык сабаттуулугун (PISA) жогорулатуу максатында автордук STEM-аянтчасын ийгиликтүү ишке ашырып жаткан инноватор-педагогмун. КРнын Агартуу Министрлигинин алдындагы Республикалык экология,аймак таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөр борборунун Баткен шаарындагы Кызыл-Жол жалпы билим берүү мектебинин «Жаш эколог» ийриминин алкагында ишке ашкан «Жашыл келечек» долбоору буга далил.
Жаш эколог ийрими – географиянын практикалык лабораториясы. Ийримде 17 окуучу 3 жылдан бери иш алып барат. «География», «Өсүмдүктөр дүйнөсү», «Экологиялык көйгөйлөр», “Финансылык сабаттуулук” деген темаларды тереңдетүүчү аянтча болуп саналат.
Бул – географиялык билимдин турмуштагы реалдуу колдонулушу.
- Science (Илим): Топурактын курамын изилдөө, уруктун өнүп чыгуу биологиясын байкоо.
- Technology (Технология): Күнөсканадагы температураны жана нымдуулукту көзөмөлдөө, пленка (клеёнка) менен жабуунун физикалык касиеттерин колдонуу.
- Engineering (Инженерия): 40м2 аянтка оптималдуу күнөскана конструкциясын чийүү жана түзүү.
- Mathematics (Математика): Керектүү каражаттарды эсептөө (30 000 сомдук бюджет), үлүштүк каржылоо (8% өздүк салым) жана кирешени пландоо.
Сабак учурунда сингапурдук окутуу усулдарын (мисалы, командалык иш, бири-бирин угуу жана кеңешүү) колдонуу окуучулардын жоопкерчилигин жогорулатат. Бул ийрим иштеринде ачык көрүндү: 7-10-класстын окуучулары жаш өзгөчөлүгүнө карабай, бир команда катары иштеп, «Эжей, мен үймө-үй кирип көчөт сатып келем» деген сыяктуу демилгелерди көтөрүп, социалдык көндүмдөрүн өстүрүштү.
Ошондой эле, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Баткен кампусу тарабынан уюштурулган сынакка катышып, «Экологиялык мыкты чечим» номинациясына ээ болушубуз биздин изилдөө иштерибиздин илимий деңгээли жогору экенин тастыктайт. Окуучулар 50 күндүн ичинде көчөт даярдап, аны сатыкка чыгаруу менен финансылык сабаттуулукка да кадам ташташты. Эки жылдан бери бул STEM-аянчасына парник уюштуруп, ага помидор, балгар калемпири, көк пияз, капуста, баклажан уруктары себилип,көчөттөр жетилүүдө. Ашкабак эгилип,анын түшүмдөрү мектеп ашканасына берилип, окуучулардын витаминдүү туура тамактануусуна салым кошулууда. Жаш экологдор өсүмдүктөрдүн калдыктарын кайра иштетүү максатында компостер куруп, чиринди даярдоодо. Биздин STEM окуучуларыбызды колдоо максатында Агартуу министрлиги тарабынан мини парниктер, компостер берилди.
Биздин ураан — «STEM аянтча — жашыл келечек!»
12 жылдык билим берүүгө өтүүдө мугалимдин ролу фасилитаторго айланышы керек. География сабагын экологиялык долбоорлор менен интеграциялоо — окуучуну келечектеги экологиялык кризистерге даяр, креативдүү ой жүгүрткөн жана өз ишине жоопкерчиликтүү инсан кылып тарбиялоонун эң натыйжалуу жолу.
Сапаргүл КУШМАТОВА,
Баткен шаарындагы Кызыл-Жол мектебинин география мугалими



Комментарийлер