СПОРТ ЗАЛГА МУКТАЖ МЕКТЕП

  • 04.06.2024
  • 0

Ош облусунун  Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов айыл аймагындагы Келдибек Колдошев орто мектебинде 360 окуучу ийгиликтүү окуу жылын аяктады.

СПОРТ ЗАЛГА МУКТАЖ МЕКТЕП

Кундуз Арапованын маалыматына таянсак, 2023/2024-окуу жылы мектеп үчүн жемиштүү жылдардан  болуптур.

СПОРТ ЗАЛГА МУКТАЖ МЕКТЕПСПОРТ ЗАЛГА МУКТАЖ МЕКТЕП

— Окуучуларыбыз билим алуу менен бирге ар түрдүү конкурстарга, олимпиадаларга, кароо-сынактарга катышып, байгелүү, алдыңкы орундарды багындырышты. Акыркы коңгуроо салтанатына мектепке адаттагыдай эле демөөрчүлөр, 10, 20 жылдык бүтүрүүчүлөр келишти. Мектеп алгач ашар жолу жана АРИСтин жардамы менен курулганына 16 жыл болду. Кийин айыл өкмөтүнүн эсебинен эки кабат, сегиз кааналуу кошумча имарат салынган. Анткени окуучулардын саны көбөйүп, эки сменада окушат. Бирок спорт жана чоң  залыбыз жок, ар дайым иш-чараларда аба-ырайын Кудайдан тилеп, эшик алдында өткөрөбүз. Биздин келечек ээлерине спорт зал куруп берсе деп көп эле жолу Жогорку Кеңеш өкүлдөрүнө, бийликтегилерге кайрылып келатабыз, — дейт маалыматта.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер