СПОРТ ТАРМАГЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШУУ

  • 23.11.2023
  • 0

Кыргыз Республикасынын Чөп үстүндөгү хоккей (Хоккей на траве) федерациясы Эл аралык Чөп үстүндөгү хоккей федерациясы (AHF, FIH ) менен биргеликте 2023-жылдын 16-21-ноябрь күндөрү машыктыруучулар арасында квалификациялык окутуу семинарларын өткөрдү.

СПОРТ ТАРМАГЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШУУ

Маалыматка таянсак, семинардын жыйынтыгы менен “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинин дене тарбия мугалими Туратбек Бакаевге эл аралык класстагы машыктыруучу наамын (FIH Level 1 couch course) тастыктаган сертификатты Азиянын Чөп үстүндөгү федерациясынын делегаты Захид Али (Zahid Ali) мырза тапшырды.

СПОРТ ТАРМАГЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШУУ

СПОРТ ТАРМАГЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШУУ

Белгилей кетсек, “FIH Level 6 couch course” сертификатын алган  машыктыруучулар оюнчулардын курамын түзүү, оюндарды өткөрүү, эл аралык чемпионаттарга оюнчуларды даярдоо, калыстар тобуна мүчөлүккө кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Бүгүнкү күндө  Эл аралык Чөп үстүндөгү хоккей федерациясы “Креатив-Таалим” билим берүү комплекси менен тыгыз кызматташып, анын негизинде комплекстин базасында машыгууларды өткөрүү  макулдашылды.

Дүйнөнүн 137 мамлекетинде өз ишин алып барган Чөп үстүндөгү хоккей федерациясы Кыргызстанда 2022-жылы негизделип, 25-октябрда “Дордой” стадионунда алгачкы оюндарын өткөргөн.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер