Спартакиаданын мыктылары

  • 27.01.2025
  • 0
 20-январынан 24-январына чейин Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин профессордук-окутуучулар жана кызматкерлеринин курамдарынын арасында спорттун алты түрү боюнча өткөн жыйынтыкталды. Ага окуу жайдын факультет, колледж жана административдик чарбалык бөлүмдөрүнүн курама командалары катышты.
Спартакиаданын мыктылары
 Жалпы командалык эсепте 1-орунду кесиптик колледждин, 2-орунду медициналык колледждин, 3-орунду гуманитардык педагогикалык факультетинин жамааты багындырды.  1-2-3-орунду алган командалар, мыкты оюнчулар диплоп жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Жалпы жамааттын ден соолугун чыңдоо менен бирге ынтымагын, достугун арттырууга арналган спорттук иш чарага университеттин жетекчилиги 200 миңдин тегерегинде, ал эми бириккен профсоюз уюму 50 миңге жакын акча каражатын бөлүп берди.
Спартакиаданын мыктылары
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор АбдилбаетМамасыдыков  спорттун волейбол, стол үстүндө теннис түрлөрү боюнча оюндарга катышып, жалпы жамаатты сергек жашоого жана спорт менен такай машыгууга үндөп жүрдү.
Иш чара «Достук» спорт клубунун жана дене тарбия мугалимдеринин көзөмөлүндө өткөрүлдү.
Бөлүшүү

Комментарийлер