СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАРДАГЫ ПЕНСИЯ 65 ПАЙЫЗГА КӨТӨРҮЛДҮ ДЕГЕН МААЛЫМАТ ЧЫНДЫККА ДАЛ КЕЛБЕЙТ

  • 14.11.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү социалдык тармактардагы өлкөнүн жарандары үчүн пенсиянын өлчөмү кескин көбөйгөндүгү тууралуу тарап жаткан маалыматтарды расмий түрдө төгүндөйт.

Маалымат мейкиндигинде мурдагы Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 2020-жылдын 1-декабрынан тартып пенсияны 65 пайызга — 5723 сомдон 9 443 сомго көтөрүү жөнүндө Жарлыкка кол койгону жөнүндө маалымат таркатылып жатат.

Бирок, бул маалымат чындыкка дал келбейт жана жалган болуп саналат.

Үстүбүздөгү жылы Социалдык фонд пенсияны 7 пайызга көтөрүүнү пландап жатат. Бул максаттар үчүн бюджеттен 3 миллиард сом өлчөмүндө каражат талап кылынат.

Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

Бөлүшүү

Комментарийлер