СИЛЕР ӨЗГӨЧӨСҮҢӨР!

  • 19.05.2020
  • 0

СИЛЕР ӨЗГӨЧӨСҮҢӨР!

 

Ардактуу окуучуларым!

Акыркы коңгуроо майрамдык салтанатынын катышуучулары, бүтүрүүчүлөр!

Жылдагыдан өзгөчөлөнүп онлайн түрүндө өткөрүлө турган Акыркы коңгуроо майрамыңар кут болсун!

Баарыӊардын маанайыңар ачык деп ишенем. Арийне, мектеп сахнасында жетелешип баспасаңар да, толкундануу сезими силерден алыстабайт. Ден соолукту ойлосок, буга эч өкүнбөшүбүз керек. Алдыда далай шаӊдуу салтанаттарга катышасыӊар.

Элибиз аман, жерибизде бейпилдик, ар бириӊердин ден соолугуӊар бекем, турмуштагы жолуӊар байсалдуу болсун! Келечек силердин колуңарда!

Мына азыркыдай сабырдуу, токтоо ой жүгүрткөн, акыл калчай билген күчтүү, ар кандай кырдаалга кыраакы, кайраттуу көз караш менен тарбияланган мүнөзүңөр жана интернеттен чексиз мүмкүнчүлүктөрдүн эӊ керектүүлөрүн ала билген дилгирлигиӊер, онлайн сабактардан алган билимиңер — силердин дайымкыдан бийик өзгөчөлөнгөн утугуңар!

Азыркы кырдаал силерди чыйралтып, турмуш чындыгына түз кароого, ар кандай кыйынчылыктарды өжөрдүк, сабырдуулук менен жеӊүүгө үйрөттү. Аныкталбаган сырлар алпурушуп алышууга чакыргандай.

Ал андыктан мындан да билим алуудан, илимдин бийиктигине умтулуудан талбайлы. Коомдун анык талабы да мына ушунда.

Ардактуу, акылдуу бүтүрүүчүлөр!

Силер өзгөчөсүңөр!

 

Ашира Кулишева

Кара-Үнкүр жалпы орто билим берүүчү мектеби.

Ала-Бука району.

Фотонун шилтемеси: https://www.picuki.com/tag/%D0%91%D0%B8%D0%BB%D0%B8%D0%BC%D0%B4%D2%AF%D2%AF_%D0%B6%D0%B0%D1%88%D1%82%D0%B0%D1%80_%D0%BD%D1%83%D1%80%D0%B4%D1%83%D1%83_%D0%BA%D0%B5%D0%BB%D0%B5%D1%87%D0%B5%D0%BA

Бөлүшүү

Комментарийлер