ШКУГА МҮЧӨ МАМЛЕКЕТТЕРИНИН ӨКМӨТ БАШЧЫЛАРЫНЫН КЕҢЕШИНИН ОТУРУМУНУН АЛКАГЫНДА АЛГАЧКЫ СТАРТАПТАРДЫН ФОРУМУ ӨТТҮ

  • 29.10.2020
  • 0

Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын кеңешинин отурумунун алкагында алгачкы стартаптардын форуму өткөрүлдү.

ШКУГА МҮЧӨ МАМЛЕКЕТТЕРИНИН ӨКМӨТ БАШЧЫЛАРЫНЫН КЕҢЕШИНИН ОТУРУМУНУН АЛКАГЫНДА АЛГАЧКЫ СТАРТАПТАРДЫН ФОРУМУ ӨТТҮ

Форумга видеоконференция форматында ШКУнун 8 өлкөсүнөн мамлекеттик органдардын, ийгиликтүү стартаптардын, венчурдук фонддордун жана бизнес коомчулуктун өкүлдөрү, инвесторлор катышты.

2020-жылдын 27-октябрында ШКУга мүчө-мамлекеттердин ар тараптуу кызматташуусунун өз ара аракеттешүүсүнүн негизи болгон форумга Кыргыз Республикасынын атынан Кыргызпатенттин, Жогорку технологиялар паркынын,  өкүлдөрү, РEAK Бишкектин, «Текайым», «Neobis», «Business Innovation Group» коомдук фонддорунун өкүлдөрү катышты.

ШКУГА МҮЧӨ МАМЛЕКЕТТЕРИНИН ӨКМӨТ БАШЧЫЛАРЫНЫН КЕҢЕШИНИН ОТУРУМУНУН АЛКАГЫНДА АЛГАЧКЫ СТАРТАПТАРДЫН ФОРУМУ ӨТТҮ

Форумдун максаты – биргеликте стартаптардын экосистемасын өнүктүрүү жана алардын толук кандуу ишке ашырылуусуна өбөлгө болуу, стартаптарды жана инкубаторлорду активдүү негизде тартуу жана алгалатуу, социалдык чакырыктарды  чечүүдөгү кызматташууга багытталган ар бир ШКУга мүчө-мамлекеттердин экосистемасы менен тааныщтыруу.

Катышуучулар Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында биргеликте стартап-долбоорлорду илгерилетүү маселелерди талкуулашып, ШКУга мүчө-мамлекеттердеги стартап-индустрияны өнүктүрүү, бизнес-инкубаторлорду түзүү процесстери тууралуу кеп кылышты.

Иш-чара “Инвест Индия” Индия улуттук агенттиги тарабынан уюштурулду.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер