ОКУУ ЖАЙЛАРДА МӨӨНӨТҮНӨН МУРДА КАНИКУЛ ЖАРЫЯЛАНДЫ

  • 15.03.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү уюмдарына мөөнөтүнөн мурда каникул жарыялоо тууралуу буйрук чыгарды

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 14-мартындагы өлкө аймагында коронавирустун жайылышына жол бербөө жана кырдаалдын өнүгүшүнө бөгөт коюу боюнча чечимине ылайык, Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билим берүү уюмдарын мөөнөтүнөн мурда үч апталык каникулга чыгаруу тууралуу буйрукка кол койду.

Буйрукка ылайык, 2020-жылдын 16-мартынан 8-апрелине чейин менчигинин түрүнө жана кайсы ведомствого таандык экендигине карабастан, жалпы билим берүү уюмдары, мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары, кесиптик башталгыч, орто жана жогорку окуу жайлары үчүн мөөнөтүнөн мурда каникул жарыяланды.

Бишкек жана Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын, райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, кесиптик башталгыч, орто жана  жогорку окуу жайларынын жетекчилери  бул буйрукту окуучуларга, студенттерге жана алардын ата-энелерине жеткирүүгө милдеттендирилди.

Алар ошондой эле окуу кааналарында, аудиторияларда, жатаканаларда, коомдук жайларда санитардык тазалоону, каникул учурунда педагогикалык кызматкерлердин окуу-усулдук иштерин уюштурат.

Мөөнөтүнөн мурда каникул убагында жогоруда аталган билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысы сакталат.

Мындан сырткары жогорку окуу жайлардын ректорлору каникул мезгилинде күндүзгү жана кечки бөлүмдөрдө билим алган студенттер үчүн окуу процессин дистанттык окутуу технологияларын колдонуп жүргүзүү жагын караштырууга милдеттендирилди.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер