ШЕКТҮҮ ТАСМА ОКУТУУЧУНУ ИШТЕН ЧЕТТЕТТИ

  • 25.01.2018
  • 0

Кыргыз улуттук консерваториясынын окутуучусу Интернетте жарыяланган уят тасмага байланыштуу жумуштан убактылуу четтетилди. 23-январда музыкант-педагог видеомонтаждын курмандыгы болгонун айтып, коомчулукка кайрылып, ал маалыматты тараткан жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражатын сотко берерин билдирди. Коомдук уюмдардын өкүлдөрү жарандарды жеке турмушундагы маселе боюнча кызматтан кетирүү мыйзамсыз экенин айтып жатышат.

Бир нече күндөн бери Интернетте порнографиялык мүнөздөгү сүрөт, видеотасма тарап, андагы аял Кыргыз улуттук консерваториясынын окутуучусу Марина Шипулина болушу мүмкүн экендиги, ал орусиялык порносайттардын бирине жайгаштырылганы айтылып жаткан.

Кечээ Шипулина өзү Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, бул тасмага эч кандай тиешеси жоктугун, мурдагы таанышы өч алыш үчүн аны ушундай ыкма менен каралап жатканын билдирди.

​- Мен расмий түрдө билдирем: таратылган сүрөттөгү аял мен эмесмин, бул эң мыкты деңгээлде жасалган монтаж. Мында мага жалган жалаа жабылды. Бул видео менен сүрөттөрдү кандайдыр бир программа менен жасап чыгышкан. Аны мурда мени менен алты жыл чогуу жашаган адам өч алуу максатында уюштурган. Тилекке каршы, ал экөөбүздүн эки жолго түшкөнүбүздү жигит катары татыктуу көтөрө алган жок. Ошол күндөн баштап эле коркута баштаган. Социалдык тармактар аркылуу таратылган видеолорду жана сүрөттөрдү менин токсон жаштагы агама да көрсөтөм деп коркутуп келген, — деди Марина Шипулина.

Соцтармактарда жарыяланган видеотасма жергиликтүү маалымат булактарынын биринин электрондук кат куржунуна келип, ал аркылуу коомчулукка шардана болгон. Ал катта элге таанымал, жаштарга билим берген тажрыйбалуу адистин Улуттук консерваторияда иштегенге моралдык укугу жоктугу жазылып, жогорудагы видео жана сүрөттөр далил катары келтирилгени айтылат.

Бул чуулгандуу окуядан улам окутуучу азырынча жумушунан убактылуу четтетилди. Мындай маалыматты Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Жийде Зоотбекова бышыктады.

— Бул иш боюнча министрликке маалымат келип түшкөн. Андыктан териштирүү бүткөнгө чейин Марина Шипулина жумушунан убактылуу четтетилди. Бул чечимди консерваториянын жетекчилиги кабыл алган, — деди ал.

Марина Шипулина өзү азыркы тапта видеороликтерди ким, кандай жол менен таратканын милиция териштирип жатканын билдирди:

 

— Жумушумдан бул иштер иликтенип бүткөнчө убактылуу четтетишти. Ал эми видео тасманы жана сүрөттөрдү «WhatsApp» аркылуу тараткандар изделип жатат. ШИИБ жана УКМК 16-январда иликтөө иштерин баштаган.

«Кылым шамы» коомдук уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулованын айтымында, жарандарды өз үйүндө болгон жеке турмушундагы маселеси үчүн жумушунан четтетүү мыйзамга жат көрүнүш.

​- Эмгек кодексине ылайык ар бир адам жумуштан мыйзамсыз четтетилгени тууралуу сотко кайрыла алат. Кайсы бир жарандын видеосу чыгып кетсе эле, аны жумуштан четтетип койгон болбойт. Бул аябай талаштуу маселе. Бул эгер ошол ишкананын профсоюзу болсо ошолор аркылуу, эгер профсоюз жок болсо, сот аркылуу чечилиши керек, — дейт укук коргоочу.

Бирок укук коргоочу мындай окуяга кабылган жаран окутуучу болгондуктан анын моралдык жоопкерчилигине байланыштуу маселе чыгарын кеп кылды.

— Ал мугалим болсо, анда этика деген маселе бар. Бул маселени жамаат карашы керек. Кандай болгон күндө да талаштуу маселелер сот аркылуу чечилүүгө тийиш, — деди Азиза Абдирасулова.

Марина Шипулина чыгармачыл чөйрөдө бүт өмүрүн музыкага арнаган адис катары таанымал. Бир нече эл аралык жана жергиликтүү фестивалдардын лауреаты болгон музыкант акыркы жылдары консерваторияда педагог катары эмгектенип келет. Ал былтыртан баштап өтө баштаган «Асман» вокалдык теледолбоорунун калыстар тобунун мүчөсү.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер