ШАХМАТТЫН АЖАЙЫП ААЛАМЫ

  • 06.08.2018
  • 0

Көп жылдар бою жаштар гезитинде иштеген белгилүү журналист Болотбек Жумабаев  “Шахмат залкарлары” китебинин бет ачарын өткөрдү. “Кут билим” гезити жаңы китептин авторун маекке тартты.

-Болотбек агай, кыргыз тилинде акыркы мезгилде шахмат боюнча китеп  көрбөй калган элек. Сиздин шахматка мындай кызыгууңуздун себеби эмнеде?

— Мен жаш кезимден шахматтын чоң күйөрманымын. Айрыкча жаштардын республикалык «Ленинчил жаш» гезитинде эмгектенген жылдары шахматка абдан көп аралаштым. Ошол жылдары Кыргызстандын шахмат турмушу абдан кызыктуу эле. Фрунзеде СССРдин эркектер арасында жана аялдар арасында чемпионаты  үзбөй өткөрүлчү.

Кыргызстандын борбору ал кезде  шахматтын эң чоң күйөрманы, бейиши болгур Акылбек Муратбековдун жеке демилгеси менен шахматтык борборго айланган десек болот. Жыл сайын Фрунзеде эл аралык шахмат таймашуулары өткөрүлүп, ал мелдештерге ысымы ааламга белгилүү гроссмейстерлер катышып турган.

Ошол жылдары Кыргызстанга дүйнөнүн экс-чемпиондору Михаил Таль, Тигран Петросян, аялдар арасында дүйнөнүн чемпиону Майя Чибурданидзе сыяктуу белгилүү  шахматчылар каттап калышкан. Айрыкча Кыргызстанга дүйнө чемпиону Анатолий  Карпов байма-бай каттап,  ал тургай Ысык-Көлдө эс алып,  жооптуу мелдештерге даярданып кетип турган.

Шахматтык вундеркинди аталган Гарри Каспаров 1981-жылы  18 жашында Фрунзеде СССР чемпиону деген наамга татыган. Көп узабай дүйнөлүк  таажы үчүн таймашууга аттанган.

СССРдин аялдар арасында чемпионатында  легендарлуу грузин шахматчысы Нана Иоселиани дагы чемпиондук таажыны  Фрунзеде тагынган.

-Сиз  жаштар гезитинде спортту тейлечү белеңиз?

— Мен комсомолдук турмуш бөлүмүн тейлегеним менен спортко абдан кызыкчумун. Ошол кызыгуумдун аркасында шахматтык бардык  мелдештерге катышыптырмын. Жаштар гезитинин журналисти катары залкар шахматчылар Гарри Каспаров, Анатолий Карпов, Вишванатан Ананд, Майя Чибурданидзе менен, белгилүү шахматчылар Лев Псахис, Нана Иоселиани менен далай ирет жолугушуп, аңгемелештим.

Мындан тышкары Кыргызстандын шахмат боюнча чемпиондору Эмил Молдобаев, Бакыт Самаганова менен  көп баарлашкам.

Ошол журналисттик архивимди  иретке келтирип, шахмат залкарлары тууралуу көп жылдан бери жыйнап жүргөн материалдардын негизинде мына ушул китеп жаралды.

— Эмгегиңизге жалаң  Кыргызстандын кыртышындагы шахматчылар киргенби?

-Шахматтын тили – эл аралык тил. Анысы кандай   Кыргызстанда шахмат боюнча кыргыз тилинде китеп жоктугун эске алып,  шахмат боюнча көптөгөн энциклопедиялык маалыматтарды камтууга аракет жасадым. Шахматтын тарыхындагы кызыктуу окуялар, залкар шахматчылар Эмануэль Ласкер, Хосе Рауль Капабланка, Александр Алехин, Михаил Таль тууралуу жана эч бир эрежеге сыйбаган Роберт Фишердин кайталангыс таланты жана  татаал тагдыры баяндалды.

Шахмат оюнун башатында турган чыгаан шахматчылардын бири  америкалык Пол Морфи, композиторлук менен шахматчылык өнөрдү айкалыштыра билген франциялык Франсуа Филидор, орус шахматынын көч башчысы Михаил Чигорин байыркы оюнга канчалык салым кошконун айтып берүүнү дагы  милдетим деп эсептедим.

Шахмат дүйнөсүнө дүрбөлөң салып, Гиннес китебине катталган үч эже-сиңди Жужа, София  жана Юдит Полгарлардын  таланты дүйнө элдерин тамшандырып келет. Андан тышкары  грузин кыздарынын кайталангыс феноменинин сыры  али күнчө  ачыла элек. Мына ошолордон кыйгап өтө албадым.

Кыргызстандын шахмат федерациясын дээрлик чейрек кылым жетектеп, улуттук шахматты өнүктүрүүнүн башатында туруп, ал ишке  бүт өмүрүн арнаган Акылбек Муратбеков  деген кыргыз элинин татыктуу уулу болгон. Ал тууралуу айтылбаса Кыргызстанда шахматтын өнүгүү тарыхы  толук болушу мүмкүн эмес. Ал аксакал  Кыргызстанда бүтүндөй бир муун мыкты шахматчыларды тарбиялады.  Акылбек агай өткөн кылымдын сексенинчи жылдары эле шахматты мектептин программасына киргизүү боюнча демилге көтөрүп чыккан.

-Мындайча айтканда    быйыл билим берүү министрлигинин Кыргызстан шахмат федерациясы менен кол койгон меморандумундагы максаттар ошол кезде эле түптөлгөн турбайбы?

— Ошондой десек дагы болот. Азыркы жаңы замандын тушунда акылды өнүктүрүү жана тарбиялоо маселеси абдан актуалдашпадыбы. Интернеттин арааны жүрүп, техникалык прогресс адымдап жаткан шартта шахматтын мааниси өсүп жатат. Айрыкча окуучулардын акыл жөндөмүн өнүктүрүүдө шахматтын мааниси абдан чоң.  Бул жагдайды түшүнгөн айрым мамлекеттер эчак эле мектеп программасына шахматты милдеттүү предмет катары киргизип алышкан. Биздин билим берүү министрлиги дагы замандын ошол талабын илгиртпей түшүнүп, Кыргызстан шахмат федерациясы менен меморандум түзүп, дүйнөнүн он экинчи чемпиону Анатолий Евгеньевич Карпов менен жолугушуп, шахматтык академия ачууга умтулуп жатканы абдан жакшы саамалык. Муну балдарды тарбиялоого мамлекеттик көз караш десек жарашат. Муну  кош колдоп колдош керек.

— “Шахмат залкарларында” мектеп балдары кызыктуу кандай материалдарды окуй алат?

— Менимче шахмат оюну адамзаттын өнүгүү тарыхындагы ойлоп тапкан эң ажайып оюндарынын бири. Нечен кылымдарды арытып, оюн өз тарыхын улам байытуудан байытууда. Жер жүзүндө жүз миллиондогон адамдар сыйкырдуу оюнга арбалып, анын ачыла элек сырына суктанышат. Кылым карыткан чемпиондук таажы талашуу мелдештери улам бир жаңы ысымды атап, шахмат Олимпине жаңы таланттын жылдызын жандырууда. Стейниц, Алехин, Капабланка, Фишер, Таль, Карпов, Каспаров, Ананд… Кылымда бир жаралчу  мындай улуу инсандар менен жолугушуп, баарлашуунун өзү адамды кыйла байытат, ички дүйнөсүн тазартат эмеспи. Дегеле шахмат дүйнөсү – ажайып аалам. Анын кызыгына  баткан өспүрүмдөр  эч качан жаман жолго азгырылбайт деп ойлойм.

-Шахмат турмушунда  кызыктуу бир жагдалар болот эмеспи. Сиз дагы далайларын баштан кечирсеңиз керек?

-Албетте. Ошону бирин эске салайын. “Ленинчил жаш” гезитинин кабарчысы катары  1985-жылы Бүткүл дүйнөлүк жаштардын жана студенттердин фестивалына баргам. Ошол фестивалдын алкагында  шахмат боюнча дүйнө чемпиондору, атактуу гроссмейстерлер  Армиянын спорт клубунун  чоң манежинде  бир мезгилде 1050 тактада оюн  тартуулаган. Аны угуп алып мен дагы Михаил Таль же Анатолий Карпов менен бир тактада ойносом деген үмүт менен баргам. Тилекке каршы шахмат ышкыбоздору эки саат мурда келип орундарды ээлеп алышыптыр. Мен Карпов менен беттешсем деп ойлогом, бирок жанындагы тактада олтуруп калыптырмын. Көрсө Нана Александрияга туш келиптирмин. Ошентип грузин шахматчы кызы менен беттешкен жайым бар. Азыр алардын баары тарых энчисине өткөн.

 

—  Улуттук  маданияттын  азыркы ахвалын эске алганда  коомубузда шахматка кызыгуу канчалык деп ойлойсуз?

— Сөзүңүздүн төркүнүнө түшүндүм. Турмуш канчалык кыйын болсо дагы  коомдогу маданий катмар сакталып турат. Шахматка кызыгуу дагы бирде азайып, бирде күчөп турат. Анын себеби ар түрдүү. Жыйнактын негизги максаты дагы ошол маданий катмарыбызды калыңдатуу. Элибиздин спорт менен искусствонун айкалышынан бүткөн шахматка – акыл оюнуна кызыгуусун  арттыруу. Кудайга шүгүр, азыр Кыргызстанда шахматка кызыгуу күчөп баратат. Бул абдан жакшы. Ошол жакшы ишке дагы бир аз дем бергенге көмөктөшсөк  жаман болбос.

— Шахмат залкарлары менен Кыргызстан шахмат турмушу кандай айкалышат болду экен?

— Алыбай алына жараша демекчи, бизде дагы шахматтык сыймыктарыбыз бар эмеспи. Аялдар арасында Европа чемпиону Светлана Матвеева кезинде  Фрунзедеги №13-орто мектепти аяктаган. Эркектер арасында Европанын чемпиону Эрнесто Инаркиев – Оштун кулуну. Акыркы кезде Чыңгыз деген кичинекей шахматчыбыздын дүбүртү Азияны жаңырта баштады. Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет. Балким Кыргызстан дүйнөгө залкар бир шахматчы тартуулашы эч ажеп эмес.

Ушул жагдайды эске алып, жыйнакка Кыргызстандын белгилүү шахматчыларына дагы атайын бир бөлүм арнадым.  Акыркы кезде Анатолий Карпов баягы сексенинчи жылдардай болуп Бишкекке тез-тез каттай баштады. Англиялык атактуу шахматчы Найджел Шорт келди. Мунун баары  шахмат  чөйрөсүндөгү жакшы саамалык. Ушул жакшы ишти эми улантып кетсек элибиздин маданий көрөңгүсү дагы бир тепкичке көтөрүлөөр эле.

Айнура КАНИМЕТОВА

Бөлүшүү

Комментарийлер