СЕРГЕК ЖАШОО ОБРАЗЫ: ЙОГА КҮНҮНӨ АРНАЛДЫ

  • 28.05.2025
  • 0

Жыл сайын 21-июнда дүйнө жүзүндө йога күнү белгиленет. 27-майда Бишкекте Индиянын Кыргызстандагы Элчилиги 11-Эл аралык Йога күнүнө карата 25 күндүк артка саноону расмий түрдө баштады. Иш-чара Ала-Арча улуттук паркында өтүп, ага дарыгерлер, фитнес-тренерлер жана сергек жашоо образын жактагандар катышып, йоганын ден соолукка тийгизген пайдалары тууралуу маалымат алышты.

СЕРГЕК ЖАШОО ОБРАЗЫ: ЙОГА КҮНҮНӨ АРНАЛДЫ

Yoga Fit студиясы атайын 25 күндүк артка саноо программасына карата йога сабагын өткөрүп, катышуучуларга стрессти башкаруу жана денени чыңдоонун техникаларын үйрөттү.

Иш-чаранын соңунда суроо-жооп сессиясы уюштурулуп, катышуучулар йогага байланыштуу суроолоруна кызыктуу жоопторду алышты. Ошондой эле катышуучуларга атайын белектер ыйгарылып, Индия мамлекетинин тамактары тартууланды. Бул күнү катышуучулар йога менен бирге Индия өлкөсүнө баргандай сезимге бөлөнүштү.

Йога — бул учурдагы турмуш ылдамдыгынан улам көпчүлүктүн маанайын көтөрүп, ден соолугун чыңдоого жардам берген эффективдүү ыкма. Кыргызстанда да йога өнүгүп, коомчулукта кеңири жайылууда. 11-Эл аралык Йога күнү муну дагы бир ирет эскертип, сергек жашоо образын жайылтууга үндөйт.

Йога — бул миңдеген жылдардан бери келе жаткан индиялык философия жана практика. Ал дене менен акылдын гармониясын түзүүгө, стрессти азайтууга жана жалпы ден соолукту жакшыртууга багытталган.

Бөлүшүү

Комментарийлер