“СЕЙТЕКТЕН” ЫР-МАЙРАМ

  • 05.07.2018
  • 0

26-июндан 2-июлга чейин көгүлтүр көл жээгиндеги  “Ала-Тоо” эс алуу үйүндө Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына  жана Комсомолдун 100 жылдык мааракелерине арналган  “Менин мекеним Кыргызстан” аттуу XII Республикалык  балдардын чыгармачылык фестивалы болуп өттү.

“СЕЙТЕКТЕН” ЫР-МАЙРАМ

Фестивалдын экинчи күнү:  Айтматов ааламына саякат

27-июнь, фестивалдын экинчи күнү, бүтүндѳй бойдон залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналды.

Кыргыз кереметине жѳѳ жүрүш

“СЕЙТЕКТЕН” ЫР-МАЙРАМ

Ысык-Көл – Кыргыз бермети болсо, Рух-Ордо – Кыргыз керемети. Адамзат ойлоп тапкан бардык диндерди, Батыш, Чыгыш, анан да көчмөн маданиятын, Чыңгыз Айтматов баш болгон улуу инсандардын ары татаал, ары кызыктуу тагдырын колго салгандай көрсөткөн бул ачык асман алдындагы тарыхий-маданий комплекс көл тарапка сапар тартып келген ар бир адамды өзүнө тартып турат.

Эртең мененки тамактан кийин фестивалдын бардык катышуучулары сап-сап болуп тизилип, Кыргыз керемети – Рух-Ордону көздөй жөнөштү.

  • Түрдүү аймактардан келишкен балдар-кыздар бул жерден өздөрү үчүн зарыл маалыматтарды алып, жан дүйнөлөрү байып кетет деген ойдомун, — дейт фестивалдын уюштуруучусу, Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун директору Сабира Челпакова бүгүнкү күндүн өзгөчөлүгүн белгилеп.

Канча команда, ошончо түс

Демейде балдарды гүлдөргө салыштырып жүрөбүз. Бул да туура экен. Биз, журналисттер,буга өз көзүбүз менен күбө болдук. Фестивалга катышкан ар бир чыгармачыл жамаат өз кийимдери, өз түстөрү менен келишип, ыр-майрамынын көркүнө көрк, шаңына шаң кошушту. Мисалы, “Шаттык” бий тобу жалаң кызыл түстөгү футболка, кепка кийип жолго чыкса, жалалабаддык “Аруузат” тобу көгүш түстөгү футболка, кепкалар менен айырмаланып турушту.

Жумгалдык “Кыз-Арт” тобундагы татынкай кыздар кызгалдак түспөл улуттук көйнөгүнө кооз сайма түшүрүлгөн ак чыптама кийишсе, айтылуу “Ак-Шооланын” кичинекей ырчылары кыпкызыл футболка, кепкалары менен башкалардан өзгөчөлөндү. Айрым топтор өз кийимдерине логотиптерин да түшүрүп алышкан. Мисалы, Бишкектик “Анаэль” бийчилер тобунун агыш түстөгү футболкаларына өздүк логотиптери куп жарашып турат.

Көлгө, Рух-Ордого таңыркаган балдар

“СЕЙТЕКТЕН” ЫР-МАЙРАМ

Сап катар тизилген балдардан калбай басып, ар бир команда менен таанышууга үлгүрдүм. Менин жанымда бараткан фестивалдын катышуучусу Насиров Руслан “Сейтектин” алдындагы “Байчечекей”  комузчулар ансамблинен болот.

  • Комузчулар ансамблине катышканыма үч жыл болду. Эч өкүнбөйм. Бул аралыкта көп нерсеге жетиштим. Күүнү ыргагы, нотасы менен черткенге үйрөндүм. Азыркы фестивалга өткөн жылы да келгем, — дейт ал.

Токтогул районунан бул жолку балдар фестивалына жыйырма сегиз бийчи, комузчу кыздар келишкен.  Кубанычбек кызы Уулболсун Жусупбекова Мөөркан эже жетектеген комузчулар ансамблинин мүчөсү.  Анын бул фестивалга үчүнчү жолу келиши. Ал эми таластык окуучулар, “Келечек” тобунун таланттары, Алмазбекова Адина – манасчы, Баязбекова Сезим – комузчу, Эгембердиева Сабина – дастанчы экен. Алар мага көл тарапка биринчи жолу келишкенин айтышты. Ош шаарынан “Жаш Толкун” тобунун өкүлү Абдиллажанова Айназик он эки жашта.  Анын да көл тарапка алгачкы келиши экен.

  • Ысык-Көл мага картадан абдан кичинекей көрүнгөн. А чындыгында аябай чоң тура! Суусу да тунук, таптаза.  Азыр Рух-Ордого баратабыз. Аябай толкунданып жатам, — дейт Айназик.

Бир сааттай жол жүрүп, кыргыз кермети – Рух-Ордого келдик.  Мындагы тазалык, сүрөттөп бүткүс кооздук фестивал катышуучуларын кайдыгер калтырбады. Алыстан ат арытып келишкен балдар-кыздар ачык асман алдындагы экспонаттар менен таанышып жатышты. Учурдан пайдаланып, айрымдарын кепке тарттым.

  • Биз Айтматовдун  чыгармаларынан үзүндүлөрдү жатка айтып жүрөбүз. Көрүүчүлөр чын дилден кол чаап күтүп алышууда. Рух-Ордодон Акбаранын, Дүйшөн менен Алтынайдын, “Кылым карытар бир күндөгү” Найман-Эненин, Маңкурттун, “Саманчынын жолунан” Толгонайдын айкелдерин, сүрөттөрүн көрдүк. Кечинде жазуучунун мааракесине арналган кечеге бир топ викториналык суроолорду даярдап койдук, — дейт “Ак-Шоола” үлгүлүү балдар хорунун даярдоо тобунун жетекчиси Салтанат Шабданалиева.

Бишкектен “Анаэль” тобунун бийчиси Ярослав 13 жашта. Ал да “Рух-Ордого” биринчи жолу келиптир.

  • Рух-Ордо мага болуп көрбөгөндөй чыгармачылык шыктануу тартуулады.

Бул жерде улуу инсандарды, Чыңгыз Айтматовдой жазуучуларды аргасыз эстейт экенсиң.

Алардай болууга, аларга теңелүүгө өзүңө сөз берет экенсин, — дейт Ярослав.

“Дилгир” тобунан Саадат Шамыралиева 10 жашта.

  • “Рух-Ордо” – өзүнчө керемет жер экен. Музей фонтандарынын, сүйлөмө таштарынын, жапжашыл арчаларынын кооздугун айтпа! Сөз менен жеткире албайсың! Улуу манасчы Саякбайдын айкели да көл жээгине куп жарашыптыр,- дейт Саадат.

Кѳл боюндагы ыр-майрамга алыскы Чоӊ-Алай районунан жоон топ жаш таланттар келишкен.

  • Бизде мындай кооз комплекс жок.Уюштуруучуларга ыраазыбыз.Кѳргѳнүбүзгѳ кѳзүбүз тойбой турат, — дейт Чоӊ-Алай райондук балдар чыгармачылыгы борборунан Жарманбетов Салимбек агай.

Балдар фестивалына  “Мугалим” журналы уюштурган “Окуучу күткөн мугалим” I Республикалык жайкы мектебинин угуучулары да катышып жатат.

  • Фестивалдын алкагында биз тоолуу ѳлкѳбүздүн чар тарабынан жаӊыланууга даяр турган жаш педагогдорду топтодук. Yч күн бою алар үчүн ар түрдүү темадагы мастер-класстарды уюштурабыз, — дейт “Мугалим” журналынын башкы редактору Рахат Сулайманова.

Жайкы мектептин угуучуларынан арасынан мен лейлектик чыгармачыл педагог, “Мугалим” журналынын Баткен облусу  боюнча  координатору Жеӊишбек  Абдиназаровду жолуктурдум.

-Бүгүн  биз Айтматов ааламына саякат жасадык. Залкар жазуучунун кайталангыс чыгармалары эсибизге түштү. Рухубуз тазарды, жан дүйнѳбүз байыды. Кѳргѳнүбүздүн баары  эртеӊки окуу иштерибизге дем болот деп  ойлойм. Анткени бул жерге биз  XXI кылымдын мугалими кандай болууга тийиш, анын имиджи, кийим кийүү стили, кеп маданияты кайсыл ѳӊүттѳ ѳзгѳрѳт деген  суроолорго жооп табуу үчүн келдик, — дейт лейлектик чыгармачыл мугалим.

Сѳзүмдүн аягында дагы бир пикирди кыстара кетейин. Ал мында келгендердин баарынын кѳз карашын кынтыксыз чагылдырарына шек жок.

  • Мынча адамды бириктирип фестивал ѳткѳрүү оӊой иш эмес. Жаткан жерибиз, тамак-ашы, күнүмкү программалары кѳӊүлгѳ толду,- дейт «Анаэль» тобунун жетекчиси Олег Коженков.

Эмесе, фестивалдын бүгүнкү күнүнѳ чекит коё туралы…

А.Алибеков,  Чолпон-Ата, Ала-Тоо эс алуу үйү

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер