“СЕЙТЕКТЕ” ИНДИЯ МАЙРАМЫ

  • 02.05.2018
  • 0

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору менен бирдикте Кыргызстандагы Индия элчилиги “Индия майрамына чакырабыз!” аттуу фестивалда индия ырлары, бийлери жана музыкалары жаңырды. Кыргызстанда иштеген индус бизнесмендери  улуттук кийимдер, тамак-аш  көргөзмөсүн уюштурушту.

“СЕЙТЕКТЕ” ИНДИЯ МАЙРАМЫ

“СЕЙТЕКТЕ” ИНДИЯ МАЙРАМЫ

Фестивалды Кыргызстандагы Индиянын ыйгарым жана толук элчиси Лакшманан Савитри менен Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун директору Сабийра Челпакова ачышты. Индиянын салты боюнча шам жагылды. Андан соң элчи айым фестивалдын максаты тууралуу айтты.

“СЕЙТЕКТЕ” ИНДИЯ МАЙРАМЫ

  • Фестивалда биз Индия мамлекетин жакындан тааныштыралы дедик. Ал үчүн келген коноктор сарини кантип ороо керек экенин, хна менен сүрөт тартууну, индия тамактарын даамдап көрүү үчүн атайын көргөзмө уюштурдук. Кыргызстан менен Индиянын кызматташтыгын көрсөтөлү деп чечтик, — деди элчи айым.
  • “СЕЙТЕКТЕ” ИНДИЯ МАЙРАМЫ

Индия укмуш кооз мамлекет, жан дүйнөсү бай. Индия дегенде Гималайды элестетебиз. Ал жерде ар кандай диндеги көптөгөн элдер жашайт, т.а. Индия – чоң калейдоскоп. Укмуштуудай кооз кийим  кийинген 350 катышуучу сахнага чыкканда Индия жыттанып турду.

“СЕЙТЕКТЕ” ИНДИЯ МАЙРАМЫ

«Индия – Лакшми» театралдык-хореографиялык увертюраны Кумар Сакши менен “Дилгир”  элдик үлгүлүү бий ансамбли ачып, финалында болсо кадимки болливуд көрсөтүлдү. Ар бир бийдин сырдуу дүйнө менен байланышын видеоматериал толуктап турду. Бий башталганда видеодо Гималай пайда болуп, андан соң Ганг, күрүч талаасы, океан, храмдар, кооздолгон пилдер ж.б.у.с. көрсөтүлүп турду.

“СЕЙТЕКТЕ” ИНДИЯ МАЙРАМЫ

Индустар түштүк-түндүк, чыгыш-батыштан сырткары да надир жана зенит (дух) деп бөлүшөт. Бий аркылуу да бардык нерсени асманга жеткиребиз деген ойдон кийин, ыйык лотос гүлү ачылды. Кыскасы, көрүүчүлөр бий менен катар видеодо көрсөтүлгөн символдор аркылуу Индияны таанышты.

“СЕЙТЕКТЕ” ИНДИЯ МАЙРАМЫ

Концерттин аягында видеодо павлин пайда болгондо сахнага чыккан бийчилер дагы павлин сыяктуу тизилип, анын бийин көрсөтүштү. Ошентип эки сааттык фестивалда Индиянын элдик бийинен баштап болливуд бийлерин, Радж Капур менен Алиша Чинайдын аткаруусундагы ырларды кыргыз ырчылары ырдап, көрөрмандарга майрам тартуулашты.

“СЕЙТЕКТЕ” ИНДИЯ МАЙРАМЫ

 

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер