«СЕЙТЕК» — БИР БООРУМ, «СЕЙТЕК» — БОРБОРУМ

  • 05.07.2018
  • 0

1-июлда көл жээгиндеги «Ала-Тоо»  эс алуу үйүнүн жайкы  оюн-зоок залында «Менин мекеним Кыргызстан» ХII республикалык балдардын чыгармачылык фестивалынын гала-концерти болуп өттү.

«СЕЙТЕК» -  БИР БООРУМ, «СЕЙТЕК» - БОРБОРУМ

Концерттин башталышын кабарлаган шаңдуу музыкага жарышып сахнага улуттук кийимчен татынакай кыз-балдар чыгышты. Алдыңкы сапта – таластык жаш манасчы Нурсултан Нурканов. Анын аткаруусундагы Манасты уккан да, укпаган да арманда. Жеке мага кадимки Саякбай атабыз тирилип келгендей болду. Не деген кыраат, не деген аткаруучулук чеберчилик! Көрсө, Нурсултандын устаты Кулмат Сыдыков ырдын пири Барпыдай ыр саптарын жамгырдай төккөн тубаса талант экен. Кулмат агай жетектеп келген «Келечек» тобу менен катар, фестивалдын бардык чыгармачыл топтору, жыйынтыктоочу концерттин жүрүшүндө, уюштуруучулардын колунан грамота, эстелик белектерин алышканын айта кетели. Нурсултанга улай залда комуз күүсү жаңырды. Аткаруучулар —  «Сейтек» борборунун, Ош, Жалал-Абад, Талас, Токтогул жергесинин жаш комузчулары. Курама топтун аткаруусундагы «Маш ботой» мага өткөндөгү Көчмөндөр оюнун эске салды. Ичимден «Чалыкпа да арыба, Кыргыз көчү!» деп отурдум…

Бул жолку гала-концерт ачылыштар менен жаңылыктарга жык толду десем жаңылышпайм. Мага айрыкча жумгалдык өспүрүм кыздардын аткаруусундагы «Мөлмөлүм» бийи абдан жакты. Бир-эки күн илгери ушул эле кыздар «Корей  бийин» чебер бийлеп, көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурган болчу. Бул жолу да андан кем болбоду. Кызыгуум артып, бийчи кыздардын эжейине суроо узаттым.

— Мен өзүм бийчи эмесмин. Мектепте орус тилинен сабак берем. Студент кезимден бийлегенди жакшы көрчүмүн, ошол сүйүүмдү азыр окуучуларыма берип жатам, — дейт Жумгал районунан келген «Кыз-Арт» тобунун жетекчиси Абылдаева Айгүл.

Дегеле бул күнкү концертте түрдүү жанрдагы, түркүн маанайдагы бийлер арбын болду. «Сейтек» борборунан элдик, үлгүлүү «Шаттык» ансамблинин (жетекчиси Токтосунов Тынчтык)  жаш таланттары аткарган «Темир комуз», Сузак районунан «Аруузат» тобунун (жетекчиси Аданова Бусайра) «Көчмөндөр бийи», Бакай-Ата районунан «Кыял» ансамблинин (жетекчиси Жакыбалиева Кыял) «Бийиктик» аттуу бийи, бишкектик балдардын «Пчелка» ансамблинин ( жетекчиси Наталья Нещерет) «Буритто» бийи, Олег Коженков жетектеген «Анаэль» тобунун аткаруусундагы «Самба» нукуралыгы менен көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурду.

Ал эми  Токтогул районунан «Таң шоола» ансамблинин (жетекчиси Абдрахманова Айнура) «Өзбек бийи», Балыкчы шаарынан «Дэя» ансамблинин (жетекчиси Хаджиева Наргиза) «Индия бийи», Бишкек шаарынан «Вспышка» шоу-балетинин ( жетекчиси Бочкала Татьяна) «Жапайы бийи», «Каухар» бий ансамблинин (жетекчиси Асангазиева Алина) индия бийи «Пхангра», «Азия Нур» ансамблинин (жетекчиси Намазбеков Нурлан) «Заманбап бийи» аткаруучулук чеберчилиги аркылуу көрүүчүлөрдүн жапырт колдоосуна ээ болуп жатты.

Булардан кийин сахнага чыккан «Ассоль» элдик бий ансамблинин (жетекчиси Чунтонова Людмила) «Жайлоодо» деп аталган композициясы, «Кыялкеч» ансамблинин (жетекчиси Жакыбалиева Гүлзат) «Маш ботой» бийи, «Дилгир» ансамблинин (жетекчиси Шамыралиева Гүлжамал) «Куш бийи», «Чаплин» студиясынын (жетекчиси Акимбаева Рано) «Уйгур бийи» да көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштолду.

Эми гала-концертте аткарылган ырларга орун берсек. Кара-Суу районунан Мирбек уулу Адилет (жетекчиси Туратова Адилет) «Апакем» аттуу ырды, Ош шаарынан Маматова Айнакан жетектеген «Келечек» ансамблинин жаш солисти Акбаралиев Амирхан «Лето» деген аталыштагы ырды көрүүчү жаштардын купулуна толгудай мыкты аткарышты. Нурлан Насипти идеал туткан Амирхан учурда Ош шаарындагы Каныбек Алтыбаев атындагы орто мектебинин 5-классында окуйт.

Сиздерди дагы бир жаш талант менен тааныштырып өтөйүн. Ал –  Жетиген уулу Айдар. Он төрт жаштагы ырчы жигит Нарын районунан болот. Эжейинин айтуусунда акыркы эки жылдын аралыгында Айдар бир топ ийгиликтерге жетишиптир.

— Айдар өтө таланттуу бала. Анын келечеги алдыда деп ойлойм. Буга чейин салттуу музыка фестивалында, «Мен кыргызстандык экениме сыймыктанам» кароо-сынагында байгелүү орундарды ээлеп келсе, быйыл «Жаш таланттар – 2018» сынагында биринчи орунду багындырды», — дейт Айдардын эжейи, Нарын районундагы «Өрнөк» балдардын чыгармачылык билим борборунан Турдалиева Асел. Баса, бул күнкү концертте Айдар Барпынын «Гөзал кыз» аттуу чыгармасын комуздун коштоосунда аткарып берди.

Кийинки жаш ырчылар Бишкектин үстү жагындагы Ак-Өргө конушунан болот. Азамат Нургазиев, Амир Асылбеков жана Кайрат Жеңишбеков —  Ак-Өргөдөгү балдардын  англис тили студиясынын  алдыңкы ырчылары, Америка ырлары фестивалынын лауреаттары. Уккулуктуу ырлары менен дүйнө таанууну максат кылган өспүрүмдөр мага тоолуу өлкөбүздүн бардык аймактарында болушканын айтышты.

— Ошто Сулайман тоого чыкканыбыз, Таласта Манас атанын күмбөзүнө зыярат кылганыбыз, Токмокто Бурана менен таанышканыбыз, Нарында Көкөбай Мамбеталиев түптөп кеткен зоология музейинде, Туз шахтасында болгонубуз, Аксу менен Жети-Өгүздүн кооздугу, Караколдогу Нагима Абдувалиева билим алган гимназия,  тарых жана край таануу музейлери, Кыргызстандагы бирден-бир зоопарк, облустук архивде жыйылган баалуу маалыматтар эсибизде калды. Албетте, бардык аймактарда концерт бердик, жаңы досторду күттүк, -дейт студиянын  ырчысы Кайрат Жеңишбеков.

Көл жээгинде өткөн фестивалга  Ак-Өргө  англис тили студиясынан  Алтынай, Эсенгелди, Марат, Кайрат жана Ислам аттуу жаш солисттер да келишкен.

— Фестивалга эки ырыбыз менен катыштык. Угуучулар кол чаап  тосуп алышты. Кийинки жылы да келебиз. Бизге фестивал абдан жакты, — дейт студиянын ырчы кызы Алтынай.

А. Алибеков, «Кут Билим» (Чолпон-Ата, Ала-Тоо эс алуу үйү)

Бөлүшүү

Комментарийлер