САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ЭРЕЖЕЛЕРДИ БУЗГАНДАР ЖООПКЕРЧИЛИККЕ ТАРТЫЛАТ. БЕРЕНЕЛЕР

  • 24.03.2020
  • 0

Нарын облусунун аймагында коронавирустун жайылып кетишине бөгөт коюу максатында алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Маалым болгондой, өкмөттүн алдында түзүлгөн республикалык штабдын талаптарын аткарбагандар, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузгандар төмөнкүдөй жоопкерчиликке тартылат:

Жоруктар кодексинин 280-беренеси (Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу);

Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди атайлап же абайлабагандыктан бузуу. Эгерде абайлабагандан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирилсе, белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

Этиятсыздыктан массалык дартка чалдыгууну, адамдардын уулануусун же башка оор зыян келтирген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди атайлап же этиятсыз бузуу: VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Бузуулар жөнүндө кодексинин 154-беренеси (Карантиндик режим зоналарынан материалды ташып келүү тартибин бузуу);

Өзгөчө карантиндик режим өлкөлөрүнөн же зоналарынан материалдарды ташып келүү тартибин бузуу 3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер