САНАРИПТИК САБАТТУУЛУККА АРНАЛДЫ

  • 13.03.2023
  • 0

САНАРИПТИК САБАТТУУЛУККА АРНАЛДЫ

К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун #DigiKonush санарип көндүмдөр борборунда “Санарип инсан” долбоорунун алкагында “Электрондук коммерция” боюнча окутуу  өтүлдү.

САНАРИПТИК САБАТТУУЛУККА АРНАЛДЫ

Окутуунун алкагында катышуучулар товар же сунуштала турган кызматтарды фото, видео жана тексттин жардамы менен бүгүнкү күндөгү базар талабына ылайык презентациялоо; тексттик сыпаттамасын түзүү; жарнама, пост, макала, техникалык мүнөздөмөлөр үчүн тексттерди жазуу жана копирайтинг сырларын ачуу сыяктуу көндүмдөргө ээ болушту. Ошондой эле мобилография боюнча практика жүзүндө видео аркылуу жарыялоону; видеого тартууну, монтаждоо сырларын жана ага тиешелүү тиркемелер аркылуу электрондук аянтчаларга жайгаштырууну өздөштүрүштү. Тренерлер: Фариза Чилмергенова, Ажыбек Нурланов, Алина Найзабекова

САНАРИПТИК САБАТТУУЛУККА АРНАЛДЫ“Санарип инсан” долбоору — жаштардын, кыз-келиндердин, мигранттардын жана алыскы аймактарда жашаган тургундардын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу максатындагы долбоор. Атап айтканда, санариптик платформаларды колдонууну, социалдык медианын функцияларын үйрөнүүнү, санарип финансылык колдонмолорду, онлайн коммерция жана ишкердик кылууда маалымат технологиясын колдонуу жана жашыл экономика аркылуу туруктуу өнүгүү жолдорун сунуш кылат. Долбоорду Евробиримдиктин колдоосу менен European Neighborhood Council жана Интернет коомдун кыргыз бөлүмү ишке ашырууда.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер