«САНАРИПТИК ПЕДАГОГИКАНЫН» ЖЕҢҮҮЧҮСҮ АНЫКТАЛДЫ

  • 23.07.2020
  • 0

Ысык-Көл районуна караштуу Тамчы айылындагы Тамчы мектеп-гимназиясынын математика мугалими Нурдан Эшимканов республикалык «Санариптик педагогика» сынагында 1-орунду ээледи. Нурдан 2016-жылы «Мугалим» журналы өткөргөн республикалык сынакта 3-орунга чыккан. Ал дайыма изденүүнүн үстүнөн иштеген мыкты мугалим.

«САНАРИПТИК ПЕДАГОГИКАНЫН» ЖЕҢҮҮЧҮСҮ АНЫКТАЛДЫ

 

Нурдан Эшимканов Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде окуган.

— 3-курстан эле Бишкек шаарынын №18, №70 мектептеринде эмгек жолумду баштап, азыркы убакта өзүм окуп бүткөн Ысык-Көл районунун Тамчы мектеп-гимназиясында математика мугалими болуп эмгектенем. 2013-жылы ITEC Software Technology программасы менен гранттык негизде Индиянын Дели шаарында квалификациямды жогорулатып келгем. Ошондон кийин үй-бүлөлүк шартка байланыштуу жана өзүм окуган мектепке салым кошуу максатында Тамчыма келгем.

2013-жылы Ысык-Көл облусундагы «Жыл мугалими» сынагында 3-орунду ээлегем. 2016-жылы «Улут жүзү – мугалим» аттуу «Мугалим» журналы өткөргөн республикалык сынактын финалдык этабына өтүп, 3-орунду камсыз кылгам. Ушул эле жылы Билим берүү жана илим министрлиги жана Азия өнүктүрүү банкынын «Секторду өнүктүрүү программасы: Билим берүү системасын бекемдөө» долбоорунун алкагында тренерлик курстан ийгиликтүү өтүп, азыркы мезгилге чейин математика сабагы боюнча тренер болуп, тренингдерди өтүп келем. 2020-жылы июнь айында бул долбоордун алкагында видеоконтентке да тартылгам, ал жакында жарыкка чыгат, — дейт жеңүүчү.

Н.Эшимканов Билим берүү жана илим министрлиги тарабынын уюшулган республикалык «Санариптик педагогика» аттуу видеосабак сынагына катышып, сабактарды даярдоодо буга чейин билбеген көп программаларды, платформаларды үйрөнүп, ар кандай интернет ресурстарын пайдаланган.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, «КБ»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер