“САНАРИПТИК ПЕДАГОГИКА” РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН СЫЙЛОО

  • 04.11.2020
  • 0

Мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдары (МТКБУ) үчүн видео-сабактардын “Санариптик педагогика” республикалык сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болот. Аталган сыйлоо аземи 6-ноябрь күнү саат 11:00до Билим берүү жана илим министрлигинде өтөт.

Сынак Билим берүү жана илим министрлиги, «Балажан» Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору тарабынан уюштурулган.

Сынактын башкы максаты — заманбап педагогикалык тажрыйбаны жайылтуу жана таанытуу, мугалимдердин маалыматтык-коммуникациялык жана технологиялык компетенттүүлүгүн жогорулатуу, бирдиктүү маалыматтык – усулдук билим берүү мейкиндигин түзүү.

Аталган иш чараны уюштуруучулар сынактын билим берүүнү өнүктүрүүгө жана мыкты педагогикалык практикалардын жеткиликтүүлүгүнө жардам берерине, мугалимдердин кесиптик жана маалыматтык-коммуникациялык компетенциясынын өсүшүнө кызмат кыларына ишенишет. Ал эми эң мыкты деп табылган сынактык иштер коомчулуктун таануусуна ээ болот.

Сынакка жалпысынан 500гө жакын сабак келип түштү, аларды республиканын МТКБнын алдыңкы адистеринен жана усулчуларынан түзүлгөн эксперттик кеңеш карап чыкты.

Сынак апрель айынан октябрь айына чейин бир нече этапта өткөрүлдү жана кошумча билим берүүнүн ар түрдүү багыттарын камтыды: музыкалык, көркөм сүрөт, кол өнөрчүлүк, билим берүүчү, тил үйрөнүү, спорттук, ошондой эле хореография жана компьютердик сабаттуулук. Эксперттик кеңеш сынактык иштерди бир катар критерийлер боюнча баалап, жеңүүчүлөрдү аныктады: сынактык иштердин сынактын шарттарына дал келүүсү, актуалдуулугу, билим берүүнүн заманбап талаптарына жооп берүүсү. Материалдын практикалык багыттуулугу жана усулдук баалуулугу, алдынкы билим берүү жана санарип технологияларын киргизүү деңгээли, ошондой эле сюжеттик бөлүктү түзүү логикасы, МКТ-каражаттарын колдонуу чеберчилиги, видеоматериалдын динамикасы жана жабдылышы, көрүнүштүн жана үндүн сапаты эске алынды. Ошону менен катар жазуунун жана монтаждоонун техникалык деңгээли, сабак учурундагы балдарга тапшырмалардын берилиши, окуучулар менен кайтарым байланышты уюштуруу боюнча сунуштар каралды.

Сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчулөрдүн аттары аныкталды. Бардыгы 15 мугалим: Жунушева Б.Ж. Бишкек ш. Свердлов райондук БЧБ, Самакова Л.С., Бишкек ш. «Балажан» РЭТОУБ; Абдураимова Ш., Баткен обл. Кызыл-Кыя ш., БЧБ; Филиппова А.А., Бишкек ш. «Кыргызстан балдары» ОЧБ; Коронова Т.И., Бишкек ш. «Олe Лукойе» БӨБ; Жаныбекова З. А., Жалал-Абад ш., ОБЧҮ; Акматова А.Б., Ысык-Көл обл. Балыкчы ш. БББ; Добросельская  К.Е., Чүй обл. Токмок ш. БӨЧБ; Курманалиева А.Н., Бишкек ш. Балажан»; РЭТОУБ; Гончарова Е.Е., Талас ш. «Баластан» БББ; Серякова Л., Бишкек ш. «Сейтек» БӨУБ; Орозбаева Д.Н., Баткен обл., Лейлек райондук БББ; Бечелова И., Жалал-Абад обл., Кара-Көл ш. БББ;  Абдулаева А.К., Ош ш. «Келечек» БЧБ; Омурзакова Г., Ош обл., Кара-Кулжа райондук Кардалаева атындагы БӨЧБ.

Жеңүүчүлөрдү дипломдор жана баалуу белектер менен сыйлоо аземи Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин овалдык залында өтөт.

КР ББИМдин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер