САНАРИПТИ БАГЫНДЫРГАН ЭЛЕТТИК МЕКТЕП

  • 02.11.2020
  • 0

Тоң районунун эң алыскы аймагында  Туура-Суу айылында жайгашкан Сагынтай атындагы жалпы орто билим берүү мектеби район борборунан 97 км. алыстыкта жайгашкан. Айыл бийик тоолуу аймакка  кирип, деңиз деңгээлинен 2220 метр бийиктикте турат. COVID-19 оорусу бийик тоолуу аймакка чейин жетип, жети мугалим ооруп, дарыланып чыгышты. Андыктан райондук санэпидемкөзөмөл  окутууга уруксат бербегендиктен, окуучулар аралыкта билим алып жатышат. Болгону 1-класстын окуучулары 1-сентябрдан 2-октябрга чейин салттуу түрдө окушту. Кайрадан оору жайылып жаткандыгына байланыштуу, 1-класстагылар аралыкка окуганга өтүштү.

САНАРИПТИ БАГЫНДЫРГАН ЭЛЕТТИК МЕКТЕП

Заманбап технология

Сагынтай атындагы мектеп да өлкөдөгү санитардык-эпидемиологиялык абалга байланыштуу  апрель айынан баштап окутуу процессин аралыкка өткөргөн. Албетте, дистанттык форматта окутканга даярдыгы жок айылдыктар үчүн кыйынчылыктар болгону менен окуучуларга  жеткиликтүү  сабак жүргүзүлүп турду.

САНАРИПТИ БАГЫНДЫРГАН ЭЛЕТТИК МЕКТЕП

  • Мектеп мугалимдери аралыктан окутуу сабактарына жоопкерчилик менен катышып VIVA VIDEO RECORDER, POVER POINT, INSHOT FILMIGO, SCOOMPA VIDEO, KINEMASTER программаларын пайдаланып,  видеосабактарды даярдашууда. Окуучуларга  WhatsАpp,  YouTube, Telegram, Zoom  аркылуу  байланыш түзүлүп, окуу процессин үзгүлтүккө учураткан жокпуз. Ошондой эле YouTube каналына “Сагынтай мектеби видеосабактар” деп ачылып, бардык сабактар жүктөлүп турат. Ошондой эле инстаграммда sagyntai_mektebi, facebook баракчасында Сагынтай мектеби,  YouTube  каналында Sagyntai mektep kg деп ачылып, мектептин жаңылыктары да жүктөлөт, — дейт мектептин директору Динара Тыналиева.

Күндөлүк сабактардын өтүлүшү боюнча ар бир класстын өздүк WhatsApp  группалары ачылып, ал группага администрация жана предметтик мугалимдер киргизилген. Сабактардын өтүлүшү боюнча  администрация көзөмөлдөп турат. Ошондой эле  окуучулар менен белгиленген убакытта кайтарым байланыштар жүргүзүлүп, өтүлгөн сабактар бышыкталат. Айрым окуучулар сабакка болгон активдүүлүгүн  көрсөтүп, телефон аркылуу ар кандай программалар менен  видеомонтаждарды   жасап, көркөм окуу, тесттер аркылуу кайтарым байланыштарды түзүүдө.

  • Мультисабак боюнча мугалимдерибиз сайт ачып, тесттерди түзүп сабактарында колдонууда. Окуучуларга онлайн сабактар  WhatsАpp,  YouTube, Telegram, Zoom аркылуу  байланыш түзүлүп, көрсөтүлүүдө. Аралыктан окутууга эң активдүү катышкан мугалимдерди  белгилесем: математика мугалими Б.Өмүрбекова, башталгыч класстар мугалимдери Р.Кененбаева, Р.Исмаилова, А.Алышбаева. Ошондой эле Н.Токтоева, Ж.Кудаярова, Ж.Калдарбаева кызыктуу видеороликтерди жасап, окуучуларга жиберип жатышты. Бул мугалимдер айыл өкмөттүн Ардак  грамотасы менен сыйланышса, Өмүрбекова Бурул Тоң райондук администрациясынын Ардак грамотасына татыктуу болду.  “Санариптик педагогика” республикалык видеосабактардын конкурсуна мектептин жаш мугалими Рахатбек кызы Майрам  катышып, облустук билим берүү борборунун Ардак грамотасы менен сыйланды, — дейт жетекчи.

Аралыктан окутуунун терс жагы

  • Ата-энелер балдарын аралыктан окутууга толук камсыздап беришти. Мүмкүнчүлүгү жок ата-энелерди  “О” байланыш түйүнү аркылуу  “Окуучу” тарифине өткөрүп бердик.  Учурда бардык окуучулар онлайн сабактарына активдүү катышып жатышат. Онлайн сабак өтүүдө көйгөйлөр дээрлик жокко эсе. Бирок ошондой болсо дагы, аралыктан окутуунун терс жактары болбой койгон жок. Маселен, көпчүлүк үй-бүлөлөрдө үч-төрт бала окугандыктан, телефон бошобой, сабак учурунда кире алышпай, сабак бүткөн соң кирүүгө туура келди. Ошондой эле мугалимдер окуучулар жок класстарга кирип, сабак өткөндө ыңгайсыздык болот экен. Окуучулар менен гана мектеп шаңга бөлөнүп тураары билинди, — дейт директор.

Тоолуу район болгондуктан мектепте  малчылардын балдары окушат.  Кезегинде мектепте окуп жатканда 3-4-5 км. алыстыктан жөө жалаңдап, же эшек, ат менен барып-келип 18 бала окушат.

САНАРИПТИ БАГЫНДЫРГАН ЭЛЕТТИК МЕКТЕП

— Бир окуучу жашаган кашарда свет жок болгондуктан, телевизордон ТВ сабак көргөн жок, бирок телефон менен  сабак окуп жатат. Биз жаштарга билимди, тарбияны жугумдуу, сапаттуу берүү үчүн ата-энелер, коомчулук менен биргелешип, ынтымакта, биргелешип иш алып баруунун үстүндөбүз, — дейт Динара Тыналиева. — Мектепте  Wi Fi  кошулган, андыктан мугалимдер аны акысыз колдоно алышат. Айылда дагы бар, бирок көпчүлүк үй-бүлөлөр коюуга мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан,  жиберилген видеосабактарды көрүүдө тоскоолдук жаралат. Айрым ата-энелер үйлөрүнөн  балдарына аралыктан окутууга шарт түзүп бере алышпады, себеби айылда мал чарбасы менен оокат кылгандыктан балдарын көбүрөөк сабакка катыштырбай жатышат.

Ал үчүн класс жетекчилер үймө-үй жана кашарларды кыдырып сабакка дайыма катышуусуна талап коюуда. Мугалимдер телесабактарды өз убагында көрө албай калган окуучуларга YouTube каналына жүктөлгөн телесабактарды жиберип, сабактан кийин дагы окуучулар менен дагы иш жүргүзүшүүдө. Ата-энелер менен жолугушууда айрым сабактардан теманы түшүнбөй окуучулар дагы, ата-энелер дагы кыйналышууда. Ал эми окуучулар жиберген тапшырмаларды, тескерисинче,  мугалимдер текшерүүдө кыйналып жатышыптыр.

— Телефондон текшерген абдан оор экен. Ата-энелер үйдөн окута албай жатабыз деп балдарын мектепке жетелеп келген күндөрү болду. Окуучулар дагы мектептен окуйбуз деп суранышып, кат да жазышты. Аралыктан окутуу оор болуп окуй албаган окуучулар менен кээ бир күндөрү юирден-экиден окуучу чакырып, мугалимдер мектептен иштеп жатышат. Окуучулар сабакка катышпай койгондо, чейрек чыгарууда мугалимдер кыйналып жатышат. Ошондой болсо дагы мугалимдер үйлөрүнө барып, окуучулар менен кайтарым байланыш жүргүзүп чейрек чыгарып жатышат, — дейт Д.Тыналиева.

Сагынтай атындагы жалпы орто билим берүү мектепте 22 мугалим эмгектенет жана алардын ичинен беш мугалим пенсионер, 12 класс комплектте  142 окуучу билим алууда.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер