САНАРИПТҮҮ ПЕДАГОГИКА — САНАРИПТҮҮ КЕЛЕЧЕК

  • 04.10.2022
  • 0

САНАРИПТҮҮ ПЕДАГОГИКА - САНАРИПТҮҮ КЕЛЕЧЕКБишкекте 5-6-октябрда «Санариптештирүү доорундагы билим берүүнүн стратегиялары жана инновациялары” аттуу Эл аралык конференция өтөт.

 Конференциянын максаты — Кыргызстандагы билим берүүнүн артыкчылык берилген багыттарынын бири – билим берүүнү санарипке өткөрүү, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн санариптүү технологияларды киргизүү жана маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү болуп саналат.

«Таалим-Форумдун» миссиясы билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, туруктуу өнүгүүсүн жогорулатуу жаатындагы демилгелерди колдоо болуп саналат. Фонд өзүнүн 15 жылдык ишмердүүлүгүндө окутуу процессинде сабак аралык жана инновациялык ыкмаларды, жолдорду жайылтуу жана колдонуу боюнча бир нече долбоорду ишке ашырды, мугалимдер үчүн тренинг семинарларды өткөрдү, табигый жана маданий баалулуктар, туруктуу өнүгүү маселелери боюнча мугалимдердин түшүнүгүн кеңейтүүгө жардам берүү ресурстарын иштеп чыкты.

Конференция болор алдындагы 4-октябрь күнү, мугалимдер жана магистранттар үчүн “Окутуу жана изилдөө үчүн куралдар” аттуу тренингдер  өткөрүлөт.

САНАРИПТҮҮ ПЕДАГОГИКА - САНАРИПТҮҮ КЕЛЕЧЕК

5-октябрда Эл аралык конференция өз ишин COVID-19га карата көрүлгөн чаралар: борбордук азия аймагында билим берүү стратегияларын өркүндөтүү үчүн алган сабактар аттуу 1-сессия менен баштамакчы. Модератор: Жаңыл Бөкөнбаева, т.и.к., KIX Улуттук комитетинин Кыргызстандагы координатору.

А.Токтомаметов, педагогика илимдеринин кандидаты, КР ББИМ алдындагы РПККЖ КДИ директору, Цэрма Тодгэрэл, Монголиянын ББИМ Билим берүү маалымат технологиялары борборунун директору, Алима Ибрашева, “Өрлэу” кесипкөйлүктү жогорулатуу улуттук борборунун академиялык маселелерди башкаруу боюнча төраганын орун басары, Астана, өз илимий изилдөөлөрү менен чыгышат.

Конференциянын биринчи күнүндөгү иш-чаралар тематикалык иштерди камтыйт. Санариптүү демилгелер галереясы ар кандай жергиликтүү уюмдар кеңири аудиторияга калктын түрдүү катмарларына, анын ичинде мугалимдердин, окуучулардын, ата-энелердин жана мектеп жетекчилеринин санариптик компетенттүүлүгүн калыптандыруу жана өнүктүрүү боюнча билим берүү демилгелери, долбоорлору жана иштелип чыккан иштелмелери жөнүндө айтып берүү үчүн аянтчаны түзөт.

6-октябрда  Тематикалык иштер менен катар алты сессия жана тегерек стол үстүндө келген меймандар менен биргеликте төмөндөгү темалардын үстүндө талкуулар, лекциялар, изилдөөлөрдүн жыйынтыктары каралмакчы:

“Мектептеги билим берүүнүн сапатын камсыз кылууда педагогдордун санариптүү компетенцияларын түптөө”;

“Билим берүүнү санариптештирүү: алдыңкы тажрыйбалар жана инновациялар”;

“Covid — 19 жана мугалимдердин кесипкөйлүгүн өркүндөтүү: демилгелер жана инновациялар”;

“Кыргызстан, тажикстан жана монголиядагы талаа изилдөөлөрүнүн тематикалык окуялары”;

“Чечимдерди кабыл алуу үчүн изилдөөнүн маалыматтары”;

“Санариптештирүү шартында мугалимдин өзгөрүлгөн ролу”.

Заманбап шарттарда билим берүү иш-чаралары стандарттуу эмес милдеттерди биргелешип чечүүгө, изилдөөлөрдү баштоого жана долбоорлорду ишке ашырууга багытталган, мында ар бир окуучу өз ролун аткарат. Санариптештирүү доорунда педагогикалык иштин ролу, мүнөзү жана баалуулугу өзгөрүүдө.

А.Асаналиева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер