САНАРИП КӨНДҮМДӨР БОЮНЧА ОКУУ КУРСУ ПРЕЗЕНТАЦИЯЛАНДЫ

  • 09.09.2022
  • 0

2022-жылдын 8-сентябрында Билим берүү жана илим министрлигинде өткөн тегерек столдо Кыргыз Республикасындагы санарип көндүмдөр боюнча окуу курстарынын интерактивдүү картасы презентацияланды.

“DigiKonush” долбоорунун координатору Банур Абдиева жана долбоордун эксперти Жанна Саралаева санариптештирүү аркылуу айыл коомчулугунун келечегин кеңейтүү максатын белгилеп, маалыматтык технологиялар менен иштөө көндүмдөрүнө окутуу боюнча кызмат көрсөтүүчү уюмдардын интерактивдүү картасын түзүү жана Баткен, Каракол жана Ош шаарларындагы мамлекеттик университеттердин алдында санарип көндүмдөрдүн заманбап борборлорун ачуу иштери жөнүндө айтып беришти.

Буга кошумча долбоордун координатору жана эксперти келечекте бул карта Билим берүү жана илим министрлигине бериле тургандыгын билдирди.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов долбоордун өнөктөштөрүнө ыраазычылык билдирип, мугалимдердин маалыматтык технологияларды колдонуу компетенттүүлүгү боюнча стандарттык жана квалификациялык талаптар даярдалгандыгын айтты.

“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде жана Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунда мугалимдер маалыматтык технологияларды колдонуу компетенттүүлүгүнүн стандарттары боюнча окуудан өтүшөт”, — деди Мамбетакунов.

Долбоордун координатору Банур Абдиеванын айтымында, айыл тургундары үчүн маалыматтык технологияларды колдонуу боюнча сынакка 60 арыз келип түшкөн. Анын 34нө төрт министрликтин өкүлдөрүнөн турган комиссия Жогорку технологиялар паркынын акселерация программасына бекиткен.

“Тренингден кийин катышуучулар долбоорлорду толуктап иштеп чыгып, 28-сентябрда гранттык комитет менен боло турган финалдык жолугушууда көрсөтүшөт. Болжол менен 11 долбоор каржылык колдоо алат”, — деди Банур Абдиева.

Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери долбоордун катышуучуларына кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулоону сунушташты.

“DigiKonush” долбоору “Лидер” Атуулдук Демилгелер Борбору” коомдук бирикмеси жана Европа биримдигинин финансылык колдоосу менен Эстония эл аралык өнүктүрүү борбору тарабынан ишке ашырылууда.

ЖМКтар иштөө бөлүмү

 

Бөлүшүү

Комментарийлер