САНАРИП ДООРДУН АГАРТУУЧУЛАРЫ

  • 05.10.2020
  • 0

Аралыктан окутуу ар бир агартуучуну мезгил менен тең жарыштырып, кыска мөөнөттө көп нерсени өздөштүрүүгө мажбур кылды. Бир топ кыйынчылыктар да болду. Мындай кыйынчылыктан мектеп мугалимдери менен бирге эле жогорку окуу жайлардын окутуучулары дагы өтүштү. Албетте, буга чейин ЖОЖдордо аралыктан билим берүү тажрыйбасы болгону менен массалык түрдө бул режимге өтүү окутуучулар үчүн деле оңойго турган жок. Алардын арасында жаңы нерселерди үйрөнүп, сабагын сапаттуу, жугумдуу өтүүгө аракет кылгандары болду, тескерисинче, эскиче эле, эптеп убакыт өткөрүп жаткандары дагы жок эмес. Кимдин кандай иштеп, кандай ийгиликтерди жаратып жатканы өзүнүн эмгек жамаатына белгилүү болот эмеспи. Майрам алдында башкалардан өзгөчөлөнгөн, активдүү окутуучулар жөнүндө сөз кылууну чечтик.

 

ИШИНДЕ КАГАЗ, ФЛЕШКА КОЛДОНБОГОН НАЗГУЛЬ

САНАРИП ДООРДУН АГАРТУУЧУЛАРЫ

Биздин биринчи каарманыбыз Бишкек мамлекеттик университетинин окуу бөлүмүнүн сапат менеджменти жана аккредитация секторунун башчысы, европалык цивилизациялар факультетинин котормонун теориясы жана практикасы кафедрасынын окутуучусу, филология илимдеринин кандидаты, доцент Назгуль Джаркинбаева. Ал БМУнун алдыңкы окутуучуларынын катарын толуктаган, өз кесибин мыкты билген, жаңыны өздөштүрүп, башкаларга дагы үйрөтөйүн деген окутуучу-илимпоздорунун бири. Кесиптештери жана студенттеринин айтымында, анын сабагы дайыма башкалардыкынан айырмаланып турат.  Себеби ал замандын агымынан артта калбай, карантин башталганга чейин эле реалдуу режимде окуган студенттерге дагы аралыктан окутуунун элементтерин пайдаланып сабак өтүп баштаган.

  • Былтыркы окуу жылында 1-курска куратор болгом. Ал группаны башынан баштап эле Google class roomдан иштетип көндүрүп келгем. Жазында карантинге чыкканда менин студенттерим кыйналышкан жок. Лекция болобу, семинардык сабак болобу, керектүү адабияттардын тизмесин издешеби, кыскасы, зарыл материалдардын баарын ошол жактан алышат, экзаменди дагы, тестти дагы ошол жактан тапшырышат. Буга алар көнүп калышкан. Менин бир дагы студентим MSWordду колдонбойт, — дейт Назгуль Болотбековна.

Каарманыбыздын айтымында, колдо турган потенциалды туура пайдаланса,  аралыктан билим берүү өтө деле оор эмес. Мисалы, Google classroom, Google meet, Google forms, Google почта сыяктуу платформалар сапаттуу сабак өтүүгө өбөлгө болуп берет. Бишкек мамлекеттик университети мурда эле бул платформаларды колдонуп, сабак өтүп келишкен жана ишти жеңилдеткен бирдиктүү bhu.kg почтасын мындан алты жыл мурун ишке киргизишкен. Окутуучулардан тарта студенттердин баардыгы ушул почта аркылуу иштешет.

  • Мисалы, менде бир лекцияда 80 адам. Ошонун баарына аралыктан лекция окуу бир топ түйшүктү жаратат, көп эмгекти талап кылат. Ошондуктан дайыма изденүүнүн үстүндө болом. Лекцияда сөзсүз слайд шоу кылам. Анткени кечке окутуучуну тиктеп отургандан студенттер тажашат. Темага ылайыктуу ютубдан видеолорду жүктөйм. Студенттерге эсселерди жаздырам.  80 адамдан бир эле учурда тест алуу дагы оңой эмес. Аны жалаң Google forms аркылуу ишке ашырам. Алдын ала 30 суроодон 50 суроого чейин тестти даярдап, салып коем. Бул платформанын жакшы жери, кайсыл учурда баарына жөнөнтүлсүн деген буйрук берип койсоң, ошол учурда ар бир студенттин өздүк почтасына түшүп калат. Кээде түн ичинде даярдап туруп салып коем. Сабак башталган учурда студенттин почтасына түшүп, дароо маалымат барат. Алар кайсы жерде болбосун дароо суроолорго жооп берип, дароо мага жөнөтүшөт. Мен дагы аны текшергенде убара болбойм, анткени анын туура жообун алдын ала компьютерге киргизип коем. Аны дароо компьютер өзү текшерип, кайсы студент канча балл алганын мага дагы, студентке дагы жөнөтөт. “Импортировать оценки” деген буйрукту берип койсоң, ал дароо жыйынтыкты таблицага түшүрүп, чыгарып берет. Менде эссени текшерген дагы программа бар. Ал автоматтык түрдө тексттин каталарын текшерип берет, мен маанисин карап туруп, тийиштүү баасын коюп коем. Анын жыйынтыгы дагы дароо студенттин почтасына түшөт. Көрдүңүздөрбү, бул программалар ишти кандай жеңилдетип жатат. Өз ишимде көптөн бери кагаз, флешка дегендерди колдонбой калгам. Ошондуктан мага тескерисинче, аралыктан билим берген  жакты, — дейт Назгуль.

Университеттин окуу процессин толугу менен көзөмөлдөө тутуму дагы жакшы жолго коюлган. Мисалы, бир жерден отуруп алып эле сабактын жүрүшүн, студенттердин катышын көзөмөлдөп турса болот. Бул иш дагы Назгуль Болотбековнага жүктөлгөн.

  • Мисалы, журналистика факультетиндеги окуу процессин көзөмөлгө алуу менин мойнумда. Сабак башталганга он мүнөт калганда окутуучу мага шилтеме жөнөтөт. Гууглда Meet auditти баалоо деген программа бар, ошол аркылуу кирип, ал сабакта канча студент отурганын, кайсыл убакта кирип, кайсыл убакта чыгып кеткенин, кайсы студенттин интернетинин сапатын кандай болуп жатканын, ал телефондон кирип жатабы, же компьютерден кирип жатабы, кыскасы, бүт баардык жагын карап турам. Окутуучулардын сабак өтүүдөгү режими дагы көзөмөлдөнөт,  сабагын беш мүнөт мурун бүтүрүп койсо, же беш мүнөт кеч баштап койсо дагы жооп беришет, — дейт Назгуль.

 

 

ВИДЕОСАБАКТАРДЫН АТАСЫ

САНАРИП ДООРДУН АГАРТУУЧУЛАРЫ

Биздин кийинки сөз кыла турган агартуучубуз  Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин алдыңкы окутуучуларынын бири, механика кафедрасынын башчысы, техника илимдеринин кандидаты, доцент Алтынбек Баялиев. Алтынбек жакында эле университетте Мамлекеттик тил күнүнө карата өткөн кыргыз тилиндеги видеосабактардын сынагында жеңүүчү деп табылды.

Бул окутуучуну видеосабактардын атасы деп да атап койсо болот. Себеби ал  дайыма өзүнүн предмети боюнча кыргыз тилинде видеосабактардын сериясын тартып, жарыялап турат. Ал даярдаган сабактар алгач факультеттин, андан кийин өзүнүн Ютуб каналына жүктөлөт. Студенттер каалаган учурда ал каналдарга кирип, каалаган темасы боюнча сабактарды көрүп, даярданып, тийиштүү материалдарды семинардык сабактарында пайдалана алышат.

  • Негизи аралыктан билим берүүгө өткөндө кыйналган деле жокпуз. Тескерисинче, чыйралып, ар бир сабакты видеого тартып, монтаждап, тийиштүү материалдар, шилтемелер менен толуктап студенттерге өз убагында жөнөтүп жаттык. Азыр дагы жаныбыз тынбай эле иштеп жатабыз. Биздин предметте көбүнчө эсептер чыгарылат. Аны баштан аяк көрсөтүп, түшүндүрүп бербесең, студенттер түшүнбөй калышат. Башында ээн аудиторияда өзүм менен өзүм сүйлөшүп сабак өткөнгө көнбөй кыйналып жүрдүм, азыр болсо ишти жөнгө салып алдык. Карантин бизге студенттер менен бир бөлмөдө туруп эле интерактивдүү иштешкенге үйрөттү, — дейт Алтынбек.

Ал жетектеген кафедрада 2018-жылы аралыктан окуган студенттер үчүн атайын виртуалдык лаборатория түзүлгөн. Конкреттүү бир инженердик курулуштарды курууда, машина курууда, тетиктерди жасоодо анын 3D моделин түзүп, сырткы күчтүн концентрацияларын аныктаганга мүмкүнчүлүк берген атайын программалар дагы бар. Алар дагы азыр аралыктан окутууда жакшы жардамга келүүдө.

Каарманыбыз Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунан. 9-класстан кийин Кыргыз мамлекеттик аскер лицейинде окуп, андан соң Бишкек автожол техникумуна тапшырып, аны артыкчылык менен аяктаган. Жогорку билим алуу көксөөсүнө жетүү үчүн кайрадан Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине тапшырып, ал жактан колдонмо механика адистиги бюнча инженер квалификациясын алып чыккан. 2004-жылы азыркы иштеп жаткан Кыргыз мамалекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетине аспирантурага тапшырып, 2007-жылдан бери ушул окуу жайда эмгектенип келет. 2007-2012-жылдар аралыгында катардагы окутуучу,  кийин ага окутуучу болуп иштеп жүрүп, 2012-жылы кандидаттык диссертациясын жактаган. Үч жылдан бери механика кафедрасын жетектеп келет. Үй-бүлөлүү, келинчеги Абдыразакова Гүлнара дагы Автожол техникумунда эмгектенет, табигый илимдер кафедрасынын жетекчиси. Агартуу майданында тынбай эмгектенип келе жаткан эки жубай  эки уулу бар.

 

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер