САЙМАЛУУ-ТАШТАГЫ МЕТЕОРИТТИК КРАТЕР

  • 31.01.2020
  • 0

 

САЙМАЛУУ-ТАШТАГЫ МЕТЕОРИТТИК КРАТЕР

Саймалуу-Ташта Теңир-Тоо аймагында жашаган байыркы бабалардын дүйнө таанымын, жашоо образын, тиричилигин, маданиятын чагылдырган дүйнө жүзүндөгү теңдешсиз сүрөт галерeясы жайгашкан. Петроглифдерде (таш китептерде) баяндалган маалыматтар алты миң жылдан бери толугу менен сакталган. Бул тарыхий мурас тууралуу кыргыз тарыхчы-археологдору Т. Чаргынов, О.Солтобаев, К.Ташбаева “Петроглифы Южного Кыргызстана” жана А.Сулайманова, Ч. Жолдошев, А.Дүйшөналиева “Археологический ландшафт Саймалуу-Таш” деген эмгектерди жаратышкан. Бул эмгектерде астрономиялык символдорду жана “жылдыз жаныбарлар” аталган петроглифдерди чечмелөөнүн натыйжасында кыргыз элдик жыл санагын макаланын автору калыбына келтирген жана “жылдыз картасы” Жердин прецессия кыймылынын жылдык ылдамдыгы боюнча эсептөө менен б.з.ч. 4699-жылдагы астрономиялык кубулуш баяндалганы аныкталды. Бул датаны Үркөр-Ай жыл санагынын башталыш датасы катары эсептөөгө негиз болот.

Күндүн айланасында сансыз көп астероиддердин сыныктары – метеордук денелер (тело) кыймылда болушат. Жердин гравитациялык талаасынын таасири менен айрымдары жер бетине түшөт. Жерге түшкөндөн кийин метеордук дене –“метеорит” деп аталат. Метеорит түшкөн жеринде массасына жараша метеориттик кратер (чуңкур) пайда кылат. Кратерден жана айланасынан метеориттик денелер табылат. Метеориттердин үч түрү белгилүү: 1) темир метеориттин курамында 91% темир, 8,5% никель, 0,6% кобольт; 2) таш метеориттин курамында 36% кычкылтек, 26% темир, 18% кремний, 14% магний; 3) Таш-темир метеориттин курамын 50% чейин темир түзөт. Радиоактивдүү элементтер Жер кабыгына караганда азыраак, таш метеоритте темир метеоритке караганда көбүрөөк. Калыптаган шартына жараша метеориттер эки группага бөлүнөт: дифференециалдык метеориттер жана хондриттер. дифференециалдык метеориттер астероиддердин ичинде түзүлүп, тыгыздыгы чоң, хондриттер протопланеталык майда бөлүкчөлөрдөн куралып, тыгыздыгы аз, Жерге түшкөндө өлчөмү 1 мм. тамчы сымал силикаттык шариктерге ажырап кетет. Метеориттин жашы андагы радиоактивдүү (_37^87)Rb рубидийдин жарым ажыроо мезгили менен аныкталат. Мисалы, “Дип
Спринс” метеоритинин массасы 11,5 кг, жашы 2,3 млрд. жыл.

САЙМАЛУУ-ТАШТАГЫ МЕТЕОРИТТИК КРАТЕР

“Археологический ландшафт Саймалы-Таш” аттуу эмгекте өрөөндө жайгашкан учуучу камерадан тартылган көлдүн сүрөтү боюнча метеориттик кратер деген божомол пайда болгон. Бул тууралуу китептин авторлорунун бири Ч. Жолдошов менен пикирлешкенде, божомолду кубаттап, ченөө жүргүзүү менен далилдөө керек деген сунушун айтты. Тогуз-Торо районунун акимчилги жана жаштар уюмдарынын жетекчилери уюштурган “Саймалы-Таш жаратылыш паркы – бабалардын рухий жана тарыхый мурастары” аталган форумдун чакыруусу менен 2019-жылдын 23-сентябрында Саймалуу-Ташка көтөрүлүп, петроглифдерди жана көлдү Nikon Collpix P 900 санарип камерасы менен сүрөткө тартып, алгачкы ченөөлөр жүргүзүлдү.

Чыгыш Көк-Арт дарыясынын оң куймасы Саймалуу-Таш суусунун капчыгайынын төрүндө өрөөндүн 30о жантайган тоонун капталында көл жайгашкан. Көлдүн жайгашкан орду GPS боюнча географиялык кеңдиги φ= 41010′41, узундугу φ= 73048′46″ жана деңгээлинен h=3169м бийиктикте. Чыгыш Көк-Арт суусун бойлогон жаңы авто жолдон 7,5 км. аралыкты Саймалы-Таш капчыгайы менен жөө же ат менен өтүү керек.

Көлдүн айланасы түндүк-батыш жагынан 5-6 м. түндүк-батышынан 8-12 м. жал (кратерден чачыраган заттардан пайда болгон тосмо) менен курчалган. Жал батыш жагында айланадан 15-20 м. бийик көтөрүлүп турат. Көлдүн түндүк-түштүк багыты боюнча 50-60 м. Чыгыш-батыш багыт боюнча 70-80 м. Көл тереңдиги биз ченеген убакта 1,5 м. жыл мезгилдерине жараша 2,5-3 м. ге чейин өзгөрүлөрү жээктеги эски нук көрсөтүп турат. Көлдөн суу агып чыкпайт. Кайсы бир кар калың жааган жылдары көл тосмодон аша баштап, тосмону түндүк-чыгыш жагынан агып чыга баштап, аң пайда болуп калган. Жалдын сыртында суу аккан кокту сакталган.

Көлдүн бийиктен тартылган сүрөтүндө метеорит кратери экендиги даана көрүнүп турат. Мындай кратер геологиялык процесстерден пайда болгон термокарсттык көлдөрдөн айрымаланып айланасы жал менен курчалган. Тоо тектерин алдында муз же эрип кетүүчү акиташ катмар болушу мүмкүн эмес. 3000 м. бийиктикте тоонун боорунда мындай чуңкур жасалма болушу да ойго келбейт. Ири метеорит түшкөндө күчтүү жер титирөө болуп, айлансындагы базальт аскалар талкаланып ар кандай өлчөмдөгү корум таштарга айланган. Кийин бул таштарга петроглифер чегилген.

Метеориттер ири өлчөмдө болуп, массасы бир нече ондогон тоннага чейин жетет (Түштүк Африкадан табылган эң ири метеорит – Гоба 60 т). Метеорит түшкөндө кратердин пайда болуу кубулушу – импакт окуясында метеорит Жер кыртышында көз ирмемде тормоздолуп, жогорку температурага чейин ысып, порода эрип жана бууланат. Аллогендик брекчийлер – (чачыраган породалар) айланасын каптап, бир бөлүгү кайра каратердин түбүнө түшүп, акыркы көрүнүшүнө келет. Кратердин пайда болушунун математикалык модели боюнча, массаcы m, ылдамдыгы v метеориттин энергиясы E=(mv^2)/2 болсо кратердин диаметри D=〖2E〗^(1/3). Кичине кратерлердин (D >500 м) өлчөмдөрү жана формасы кыртыштын механикалык жана физикалык параметрлерине жараша болот. Метеориттердин түшүү ылдамдыгы 5-25 км/с чегинде болот. Кыртыштын бир тектүү эместиги классикалык формадан (круг, эллипс) башкага өзгөртөт.

Саймалуу-Таш кратери сүйрү (овал) формада болуп, өлчөмү фотографиялык масштаб менен эсептөөлөр боюнча чыгыш-батыш 140 м, түндүк-түштүк 100 м, бийиктиги түштүгүндө көлдүн бетинен 10-15 м, жал тосмонун түндүгүндө 5-6 м, түндүк-чыгышында 6-8 м, батышында 2-3 м. Жал тосмонун тышында батыш жагынан бийиктиги 20-25 м. Кратердин түбүндөгү көл жүрөк формасында.

Сихотэ-Алин метеоритинен (Уссирия крайы, Россия) диаметри D1=3м кратерден M1= 300 кг, диаметри D2=28 м кратерден M2 = 1745 кг темир метеорит табылган. Саймалуу-Таш кратеринин орточо өлчөмү (D=120 м) түшкөн метеориттин массасына көз каранды. Кратерлердин өлчөмдөрүн жана алардан табылган метеориттердин массаларын салыштыруу менен Саймалуу-Таш кратерине массасы 4 т метеорит түшкөндүгун божомолдойбуз.

D_2/D_1 = 28/3=9,3; М_3/М_2 =1745/300=5,8. М_3/М_2 =D_3/〖√3 D〗_2 ; М_3=М_2∙D_3/〖√3 D〗_2 = 1745 ∙120/(√3∙28)=4399 кг .

Математикалык моделдештирүү жана ченөөлөрдүн статистикасы боюнча кратерлердин тереңдиги (Н) диаметринин (D) 1/5-1/8 бөлүгүн түзөт [6]. Каралып жаткан кратердин тереңдиги түндүгүндө 6 м. түштүгүндө 12 м. ге чейин, диаметри 60-120 м. Орточо маанилери менен эсептесек метеориттик кратерлердин пропорциясына туура келет.

H/D=8/80=1/8

Кратердин формасы боюнча метеорит батыштан чыгышка карай азимуту 2800-300о бурч, горизонттон 400-50о жантаюу менен түшкөндүгү аныкталды.

САЙМАЛУУ-ТАШТАГЫ МЕТЕОРИТТИК КРАТЕР

Метеориттик кратер көз ирмемде пайда болуп, түзүлгөн геологиялык процесс узак жылдарга сакталып, түшүү кубулушун моделдештирүүгө болот. Жер бетиндеги биринчи аныкталган (1891-жылы) АКШда Аризон кратеринин диаметри 1200 м. тередиги 175 м. курчаган жал айланасынан 40 м. ге бийик көтөрүлүп турат. Узак жылдар изилдөөлөрдүн жыйынтыгында 20-25 миң жыл мурда 30 т. га жакын октаэдрит тибиндеги темир метеорити түшүп, сыныктары 250 км2 , аянтка чачырап кеткен. Эң чоңунун массасы 693 кг. Россия Федерациясынын Уссурия крайында 1947-жылы 12-февралда түшкөн Сихотэ-Алин темир метеорити терең изилденген. Метеориттер узундугу 5 км. туурасы 1 км. эллипс формасындагы аянтка чачырап түшүп, диаметри 1 м. ден 28 м. болгон 100дөн ашык кратерлерди пайда кылган. Кратерлерден жана алардын айланасынан 1000 ден ашык октаэдрит формадагы сыныктар табылган.Диаметри 28 м. кратерден 1724 кг. темир метеорити казылып алынган. Метеориттердин бири Калуга шаарынын планетарийинде сакталып турат.

Метеориттин чоң сыныктары ар түрдүү өлчөмдөгү кратерлерди пайда кылат. Майда сынактар “метеордук жамгыр” аталып, чачылып түшөт. Майда сыныктар өлчөмдөрү
1 мм. темир-никель шарик же тамчы формасында, түсү агыш же саргыч-жашыл болот. Саймалуу-Таш кратери жалгыз эмес экендиги учуучу камерадан тартылган сүрөттөн көрүнөт. Бул кратерлер метеориттин сыныктарынан пайда болгон.

Метеорит – илимде жогору бааланат, Жерден башка асман денелеринин курамы туурлуу маалыматтар метеориттер аркылуу гана белгилүү. Күн системасындагы, жалпы эле Ааламдагы заттардын түзүлүштөрдүн бирдейлиги жана бардык кубулуштар жалпы мыйзам ченемдерге баш ийери метеориттердин түзүлүштөрү далилдеп берген. Жаңы табылган метеориттен азырга чейин белгисиз минералдар жана элементтер ачылышы ыктымал.

Адамдар метеориттерди байыркы доордон бери касиеттүү жана сырдуу деп эсептеп, сыйынуу объектиси катары колдонушкан. Меккедеги Кааба мечитине “Ыйык Куран” менен катар асмандан түшкөн “кара таш” коюлган. Манас эпосунда “асмандан түшкөн алты курч (кылыч)” туралуу окуя метеорит кубулушуна байланышкан. Албетте, кылычтар жасалган боюнча түшкөн жок, метеорит темиринен усталар жасаган. “Улуу могол” ипериясынын доорунда 1621-жылы 10-апрелде Лахор шаарынын жанына темир метеорити түшкөн. Император Джахангир(1569-1627) – Бабурдун небереси уста Жаудга эки кылыч жасаткан. Ордо ырчысы Хан “Падыша чагылганынын жалыны” деген ырында метеорит түшкөн датаны көрсөтүп, кылычтардын жасалышын жана курчтугун баяндап жазган.

Кыргыз элинде “кут түшүү” жөнүндө түшүнүк метеорит кубулушунун уламыш формасы экендиги белгилүү. Ошондуктан Саймалуу-Таштагы метеориттик кратерди “Кут түшкөн көл” кыскача “Кутуш Көл” деп атоону сунуштайбыз. Кытай жылнаамаларында: “Кыргыз жерине темир жамгыр болуп жаайт, алардан өтө курч кылычтарды жасашат. Алардын сырын эч кимге айтышпайт” деген маалымат бар. Саймалуу-Ташка байыркы сүрөттөрдү метеориттик темир куралдар менен чегишкен. Метеорит табылса “Саймалуу-Таш цивилизациясынын” доору ишенимдүү аныкталат. Байыркы грек тарыхчысы Геродот сактардан жазып алган: “асмандан түшкөн алтын чөйчөк, темир айбалта жана соко” жөнүндө уламыш далилденип, жер иштетүү Теңир Тоодон башталганына дүйнө элдери ишенет. Кутуш-Көлдүн түбүндө метеорит ачылса Саймалуу-Ташка чындап кут түшкөн болор эле. Туристтер жана окумуштуулар агылып келе баштайт. Илимдин ачыла элек сырларынын ачкычтары табылат.

Метеоритти изилдөө үчүн окумуштуулардан турган топ түзүлүп, долбоор сунушталууда. Топко физиктер, археологдор, геологдор, географдар жана энтузиасттар кирет. Каржатты мамлекет камсыз кылбаса, меценаттарга кайрылууга туура келет. Кыргызстанда метеориттерди изилдөө боюнча тажрыйба жоктугунан, ар түрдүү илимдин өкүлдөрүнөн сунуштарды күтөбүз.

Калыбеков А.,
Ж. Баласагын атындагы
КУУнун окутуучусу

 

Бөлүшүү

Комментарийлер