САДЫР ЖАПАРОВ «ТЕРЕК-САЙ» КЕНИНИН ИШИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

  • 04.11.2020
  • 0

Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында облустагы «Терек-Сай» кениндеги алтын чыгаруучу фабриканын курулушу жана инфраструктуралык объектилер менен таанышты.

САДЫР ЖАПАРОВ «ТЕРЕК-САЙ» КЕНИНИН ИШИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

«Эти Бакыр Терек-Сай» кыргыз-түрк ишканасынын өкүлдөрү Президенттин милдетин аткаруучуга чет мамлекеттерден жабдуулардын келиши кечигип жатканына байланыштуу алтын чайкоочу фабриканын курулуш иши токтоп турганын билдирди.

Жапаров «Терек-Сай» кениндеги ишти жандандыруу керектигин белгилеп, тармактык мамлекеттик органдарга компаниянын иштешин камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды берди.

САДЫР ЖАПАРОВ «ТЕРЕК-САЙ» КЕНИНИН ИШИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Ошондой эле ишкана жергиликтүү эл менен ачык диалог жүргүзүүсүнүн зарылдыгын кошумчалады.

«Калдык сактоочу жайды курууга даярдык иштери жүрүп жатыптыр. Бирок аталган жайдын экологияга зыяны тийбегендей болуп, бардык эрежелер сакталышы шарт. Аны тийиштүү мамлекеттик органдар көзөмөлгө алууга тийиш. Бул боюнча жергиликтүү эл менен тыгыз иштешип, ачык диалог жүргүзсөңүздөр», — деди Премьер-министр.

САДЫР ЖАПАРОВ «ТЕРЕК-САЙ» КЕНИНИН ИШИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Мындан тышкары  Жапаров «Эти Бакыр Терек-Сай» кыргыз-түрк ишканасы бардык экологиялык жана социалдык талаптарды аткарат деген ишенимин билдирди.

«Компаниянын социалдык милдеттенмелерди аткаруу жана жаратылышты коргоо маселеси тийиштүү мамлекеттик органдардын гана эмес, жергиликтүү тургундардын да көзөмөлүндө турат.

Маалымдама: Терек-Сай кени Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Терек-Сай айылында жайгашкан.   «Эти Бакыр Терексай» ЖЧК – биргелешкен ишкана. Капиталдын 25% — «Кыргызалтын» ААКга, 75% — «Эти Бакыр» түрк компаниясына тийиштүү.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер