САДЫР ЖАПАРОВ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО КАТЫШУУ ҮЧҮН БШКГА ДОКУМЕНТТЕРИН ТАПШЫРДЫ

  • 14.11.2020
  • 0

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров , 14-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Президентинин кызмат ордуна талапкерлигин көрсөтүү үчүн документтерин тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтеринин тизмеси жөнүндө КР БШКсынын токтомуна ылайык, Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлигин көрсөтүү ниети жөнүндө арызын, башка мамлекеттин жарандыгы жок деген маалыматты, чет мамлекеттин жарандыгы жоктугу боюнча жеке маалыматтарды карап чыгууга жазуу түрүндө макулдугун, мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификатты жана башка зарыл маалымкаттарды, документтердин формаларын жана көчүрмөлөрүн тапшырды.

Эске салсак, мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер