САДЫР ЖАПАРОВ: МАКСАТЫМ — КЫРГЫЗСТАНДЫ КОРРУПЦИЯДАН АРЫЛТЫП, ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮСҮН КАМСЫЗ КЫЛУУ

  • 03.11.2020
  • 0

Максатым — Кыргызстанды коррупциядан арылтып, жакынкы келечекте анын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Баткен облусунун активи менен жолугушканда билдирди.

САДЫР ЖАПАРОВ: МАКСАТЫМ — КЫРГЫЗСТАНДЫ КОРРУПЦИЯДАН АРЫЛТЫП, ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮСҮН КАМСЫЗ КЫЛУУ

Садыр Жапаров И. Раззаковдун «Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот!» деген сөзү анын урааны экенин айтып, коррупцияга каршы аракеттенүүдө ар бир жетекчи саясий эркти көрсөтүүсү керектигин баса белгиледи.

САДЫР ЖАПАРОВ: МАКСАТЫМ — КЫРГЫЗСТАНДЫ КОРРУПЦИЯДАН АРЫЛТЫП, ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮСҮН КАМСЫЗ КЫЛУУ

«Мен бардык ишти салмак менен карап жатам. Элибиз мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшүнө, чиновниктер менен мамлекеттик кызматкердин коррупциясыз таза иштөөсүнө суусап турат. Ошондуктан бардык жетекчилерден бекем саясий эркти көрсөтүп, коррупция менен күрөшүп, таза иштөөгө чакырам. Мен ушуга аттандым! Максатым — Кыргызстанды коррупциядан арылтып, жакынкы келечекте анын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу», — деди Президенттин милдетин аткаруучу.

САДЫР ЖАПАРОВ: МАКСАТЫМ — КЫРГЫЗСТАНДЫ КОРРУПЦИЯДАН АРЫЛТЫП, ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮСҮН КАМСЫЗ КЫЛУУ

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны Баткен облусунда көп болуп жатканын айтып, тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилерине вирустун жайылышын алдын алуу, бейтаптардын өмүрүн сактап калуу үчүн бир катар тапшырмаларды берди.

САДЫР ЖАПАРОВ: МАКСАТЫМ — КЫРГЫЗСТАНДЫ КОРРУПЦИЯДАН АРЫЛТЫП, ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮСҮН КАМСЫЗ КЫЛУУ

«Коронавирус мени өзгөчө кабатыр кылууда. Баткен облусунда абал кыйын. Ооругандардын саны көп. Учурдан пайдаланып, бардык тиешелүү жетекчилерге кайрылам: керектүү бардык иш-аракеттерди жасагыла. Уюштуруу иштери, керектүү медициналык каражаттар, дары-дармектер менен камсыздоо иштеринде бир да кемчилик кетпесин», — деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле Президенттин милдетин аткаруучу жарандарды санитардык- эпидемиологиялык эрежелерди так сактоого чакырды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер