С. ТУРСУНОВ АТЫНДАГЫ БИШКЕК АГРОЭКОНОМИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИ АЙЫЛ ЧАРБАСЫНА ТАТЫКТУУ АДИСТЕРДИ ДАЯРДАЙТ

  • 13.06.2022
  • 0

С. Турсунов атындагы Бишкек агроэкономикалык колледжинин миссиясы:С. ТУРСУНОВ АТЫНДАГЫ БИШКЕК АГРОЭКОНОМИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИ  АЙЫЛ ЧАРБАСЫНА ТАТЫКТУУ АДИСТЕРДИ ДАЯРДАЙТ

«Агрардык тармакка алдыңкы билимдүү, атаандаштыкка жөндөмдүү, өзүнүн кесипкөйлүгүн өстүрүү менен бирге, коомдогу бардык өзгөрүүлөргө ылайыкташкан кесип ээлерин даярдоо».

С.Турсунов атындагы Бишкек агроэкономикалык колледжи – республикадагы эң улуу орто кесиптик окуу жайлардын бири. Ал эл чарбасына талап кылынган адистерди даярдоодо алдыңкы бай тажрыйбасы бар окуу жайы болуп эсептелет.

Бишкек агроэкономикалык колледжинин негизделгенине 2022-жылдын сентябрында 86 жыл толот.

Окуу-тарбия иштерин уюштурууда окутуучулардын эң башкы тапшырмасы жана милдеттери: эмгек рыногунун талаптарына шайкеш, өз алдынча жана команда менен иштөөгө, өз ишинин натыйжаларын пландоого, эң негизгиси – иштин практикалык көндүмдөрүн сатып алууга, инсандын базалык функцияларын калыптандырууга жөндөмдүү, жоопкерчиликтүү, сапаттуу адистерди даярдоо.

“Аталык”, “Тимагро”, “Мис” ААК өңдүү социалдык өнөктөштөр менен адистерди даярдоого келишимдер, өндүрүштө практика базалары түзүлүүдө.С. ТУРСУНОВ АТЫНДАГЫ БИШКЕК АГРОЭКОНОМИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИ  АЙЫЛ ЧАРБАСЫНА ТАТЫКТУУ АДИСТЕРДИ ДАЯРДАЙТ

Колледжде былтыркы окуу жылында сүт азыктарын кайра иштетүүнүн технологу деген жаңы адистик ачылган. Анда студенттер контракттык жана бюджеттик негизде билим алат. Жаңы ачылган бөлүмдүн студенттери колледж менен Кыргызстандагы сүт азыктарынын бирикмеси түзгөн келишимдин негизинде сүт азыктарын кайра иштетүүчү “Белая река”, “Нарын сүт” сыяктуу белгилүү ишканаларда практикадан өтүшөт. 2015-жылдын 7-июнунда Германиядагы Штутгарт “Агроконтакт Интернациональ” ассоциациясы менен эки тараптуу келишим түзүлүп, студенттер алган билиминин негизинде сегиз айлык мөөнөт менен технологиялык практиканы жогорку деңгээлде өздөштүрүп келишүүдө. Колледжде “Жасалма жол менен уруктандыруу” боюнча эки лаборатория, заманбап техникалар менен жабдылган бир компьютердик кабинет иштейт. Колледждин материалдык-техникалык базасы жакшыртылып, бардык кабинеттер жана жатаканасы толук ремонттон өткөрүлдү. Окуу пландары онлайн жана офлайн форматына ылайыкталып бекитилип WhatsApp, Zoom, Moodle порталдары боюнча сабактарды өткөрүүгө толук даяр.

Президентибиз билим берүү тармагындагы реформаларды иш жүзүнө ийгиликтүү ашырууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачып берүү менен бирге, ар тараптуу өнүккөн интеллигенттүү, профессионалдуу адистерди даярдап чыгарууну талап кылууда. Бул багытта өлкөбүздүн айыл чарбасын өргө тартып кетүүгө жөндөмдүү адистерди даярдоодо көп жылдык тарыхы бар Бишкек агроэкономикалык колледжинин окутуучулар курамы алдыңкы ийгиликтерди жаратууда.

1992-жылдан бери окутуу-тарбиялоо жүгүн мойнуна алып, техникумдагы көйгөйлүү маселелерди убагында так, калыстык менен чечип келаткан окуу жайдын директору Намир Омуровдун эмгеги арбын. 1991-жылы Бишкек айыл чарба техникуму деп аталган окуу жайынын бардык структуралары 2003-жылы мамлекеттик аттестациядан ийгиликтүү өткөн. Учурда ХХI кылымдын адистерине татыктуу билим берүүдө педагогикалык зор тажрыйбасы бар окутуучулар курамы үзүрлүү эмгектенип келишүүдө.

Мугалимдер жамааты окутуунун интенсивдүү усулдук ыкмаларын жигердүү пайдаланып, окутуучулар менен жекече практикадан өтүү, окуу-методикалык комплексин, компьютердик технологиялар системасын өздөштүрүү сыяктуу заманбап ыкмаларды иш жүзүнө ийгиликтүү ашырып келет.

Учур талабына ылайык материалдык-техникалык база, билим берүүгө ыңгайлуу 25 окуу кабинети, лабораториялык зарыл болгон техникалык каражаттар менен жабдылган кабинеттер, турак жайга муктаж болгон студенттердин жатаканасы, спорт жабдуулары даяр турган кенен спорт зал бул жерде окуган студенттер үчүн болгон камкордуктун айкын далили. Студенттер сапаттуу билим алыш үчүн китеп фондусу 645624 миңди түзгөн китепканасында даярданышат.

Окуу жай айыл чарба тармагындагы бардык өндүрүштүк ишканалар жайгашкан аймакта болгондуктан, алар менен өз ара практикалык окуулар жана техникалык базасы менен келишимдер түзүлүп, кеңири практикадан өтүүгө толук мүмкүнчүлүктөрдү алышууда. Окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн 90 пайызы өз кесибин аркалап, эгемендүү мамлекетибиздин айыл чарбасында, коммерциялык фирмаларда, айыл өкмөттөрдө, мекеме-ишканалардын бухгалтердик аудитордук кызматтарында эмгектенишип, мамлекетибиздин мындан аркы өнүгүшүнө өз салымдарын кошуп келишүүдө.

2022-2023-окуу жылына 9-11-класстардын бүтүрүүчүлөрүн төмөнкү адистиктер боюнча кабыл алууну жарыялайт:

Бюджеттик негизде 9-класстын базасындагы адистиктер:

Ветеринария;

Сүт азыктарын кайра иштетүүнүн технологу;

Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо;

Агрономия-бажы кызматындагы фитосанитардык көзөмөл.

Контракттык негизде 9-11-класстардын базасындагы адистиктер:

Ветеринария;

Экономика жана бухгалтердик эсеп.

Контракттын баасы: 20 000 сом.

Контракттык негизде 9-класстардын базасындагы адистиктер:

Сүт азыктарын кайра иштетүүнүн технологу.

Контракттын баасы: 16 000 сом.

Сырттан окуу бөлүмү боюнча контракттык негизде:

Агрономия-бажы кызматындагы фитосанитардык көзөмөл;

Экономика жана бухгалтердик эсеп.

Контракттын баасы: 21 000 сом.

Кошумча кыска мөөнөттөгү окуу курстары:

  • Малды жасалма жол менен уруктандыруу;
  • Тракторист-машинист;
  • Тракторист-экскваторщик;
  • Аарычылык.

Агрономия жана ветеринария бөлүмүнүн студенттери сегиз айлык мөөнөткө Германиядан практика өткөнгө мүмкүнчүлүк ала алышат.

Кабыл алуу документтери:

— №086У формасындагы медициналык справка;

— орто билими тууралуу документ;

— 3х4 өлчөмүндө 6 сүрөт;

— туулгандыгы тууралуу күбөлүк же паспорттун көчүрмөсү;

— ата-энесинин паспортунун көчүрмөсү.

Дареги:

Ысык-Ата району, Киргшелк айылы, Мичурин көчөсү, 46

www.baek.kg agroeconomical_college (Instagram)

agroeconomical_college_official (Telegram)

Тел.: (0-3132) 4-16-48;

(0705) 19-10-50; (0700) 72-07-63

 

Раиса Токтобекова,
С.Турсунов атындагы Бишкек агроэкономикалык колледжинин директорунун мамлекеттик тил боюнча орун басары

 

Бөлүшүү

Комментарийлер