РУХАНИЙ-АДЕП-АХЛАКТЫК ӨНҮГҮҮНҮН БАРДЫК ЧАРАЛАРЫ КАМСЫЗДАЛАТ

  • 29.06.2021
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги  «Кабар» маалымат агенттигинин басма сөз борборунда Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгын ишке ашырууга арналган маалымат жыйынын өткөрдү. Жыйынга Билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев, Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Уланбек Мамбетакунов, филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз эл жазуучусу Советбек Байгазиев катышып, кыскача баяндама жасашып, аягында журналисттердин суроолоруна кеңири жооп беришти.

Жыйында министрликтин өкүлдөрү аталган жарлыктын пункттарын аткаруу жаатында аткарылган иштер тууралуу айтып беришти. Атап айтканда, Мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандартына сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор, окуучуларды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбиялоо концепциясынын аткарылышы тууралуу маалыматтар берилди.

Учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсанды адеп-ахлактык өнүгүүсүн жана дене тарбиясын камсыздоо жөнүндө” Жарлыгын аткаруу үчүн Билим берүү жана илим министрлиги 2021-2030-жылдарга 2021-жылы 12-апрелинде № 441-буйругу менен Кыргыз Республикасында окуучу жаштарды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбиялоо концепциясы бекитилген. Ага ылайык ар аймакта жумушчу топ да иш алып барууда.

Басма сөз жыйынында белгилүү болгондой, бул буйрукка ылайык аймактык билим берүү уюмдарынын жетекчилерин: билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин арасында билим берүү уюмдарында салттуу маданий, руханий, адеп-ахлактык жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо менен билим берүүнү камсыз кылууга максаттуу багытталган иштерди жүргүзүүгө; мектепке чейинки курактагы балдарды, мектеп окуучуларын жана студенттерди, ошондой эле, биринчи кезекте, турмуштук оор кырдаалда турган балдарды физикалык, психикалык, социалдык, руханий жана адеп-ахлактык жактан өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында бардык чараларды камсыздоого милдеттендирди.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин тиешелүү буйругуна ылайык Кыргыз билим берүү академиясынын, кесиптик жогорку жана орто окуу жайларынын жетекчилери: Концепцияга ылайык мектепке чейинки курактагы балдарды, мектеп окуучуларын жана студенттерди тарбиялоо жана билим берүү максатында этика, эстетика жана дене тарбия предметтери боюнча билим берүү стандарттарын киргизүүнү кайра карап чыгуу иш-чараларын кабыл алууга; окуу программаларын, усулдук көрсөтмөлөрдү жана сунуштарды, календардык-тематикалык пландарды, сабактардын, тематикалык ийрим сабактардын, класстык сааттардын, класстан тышкаркы иш-чаралардын үлгүлөрүн иштеп чыгууну жана жайылтууну камсыз кылууга;  балдардын жана жаштардын бирдиктүү дүйнө таанымын жана заманбап илимий дүйнө таанымын калыптандыруу үчүн илимий-педагогикалык изилдөөлөрдү системалуу түрдө жүргүзүү жана алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды жайылтуу, эмгекке түрткү берүү, жигердүү жашоо жана кесиптик позициясы, жаратылышка аяр мамиле кылуу боюнча иш-чараларды күчөтүүгө тийиш.

Андан тышкары Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун, кесиптик жогорку жана орто окуу жайларынын жетекчилери: билим берүүнүн бардык баскычтарына, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча билим берүү программаларына Концепцияны ишке ашыруу боюнча маселелерди иштеп чыгып, ишке киргизүүсү; квалификациясын жогорулатуу боюнча көрсөтүлгөн кызматтарды жаңы билим берүү стандарттарына жана педагогдордун муктаждыктарына ылайык келтирүүсү; Концепцияга ылайык предметтик жана проблемалык-тематикалык курстардын модулдарынын, программаларынын шайкештиги жөнүндө маселени карап чыгуусу жана ишке киргизүүсү абзел.

(Өз кабарчы)

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер