ӨРТТӨНҮП КЕТКЕН КИТЕПКАНА КИТЕПТЕР МЕНЕН ТОЛУКТАЛДЫ
- 14.02.2024
- 0
Жумгалдагы өрттөнүп кеткен китепкана үчүн китептерди чогултуу акциясына «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык фонду да катышып жатат.
— Бул айылдагы жалгыз китепкана болчу жана анын туруктуу окурмандары – балдар. Китепканага балдар үчүн адабият, детективдер, энциклопедиялар, илимий-таанытуучу адабияттар керек. Азыр ар бир китеп маанилүү! «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду Жумгалдын балдары үчүн «Өмүрү өрнөк инсандар» топтомундагы китептерин белекке берет! Эгер сиз да Жумгал китепканасы үчүн Фонддун китептерин алып берүүнү кааласаңыз, анда Фонд тарабынан чыгарылган китептерди 15% арзандатуу менен сатып алсаңыз болот, — дейт фонддун кызматкери Салтанат Абдыбек кызы.
Достор, эгерде силер да жардам колун сунгуңар келсе, анда: Окуп бүтүргөн китептериңизди каалаган “Раритет” дүкөнүнө же БУУнун Үйүнө алып келсеңиз болот (дареги: Чүй, 160, кароолчунун жанына калтырсаңыз болот); Фонд чыгарган китептерди 15% арзандатуу менен Чүй пр. 106 дареги боюнча Фонддун кеңсесинен алсаңыздар болот.
Эскерте кетели, китептер 2024-жылдын 14-февралына чейин кабыл алынат.
Достор, китепкананын ишин калыбына келтирели!
Г.А., “КБ”
Комментарийлер