РОССИЯЛЫК АСКЕР БАЗАСЫНЫН ЖООКЕРЛЕРИ ӨТКӨРГӨН САБАК

  • 20.01.2022
  • 0

Канттагы бириккен россиялык аскер базасынын аскерлери мектеп окуучулары үчүн кайраттуулук сабагын өткөрүштү.

Маалым болгондой, бул сабак Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй айылындагы Советтер союзунун баатыры учкуч Исмаил Таранчиевдин ысымын алып жүргөн мектепте өттү. Ленинграддагы фашисттик блокаданын толук алынгандыгына 78 жыл толгондугуна арналган бул сабак блокада курмандарын бир мүнөттүк эскерүү менен башталды. Жоокерлердин айтымында, Невадагы шаарды блокададан куткарууга кыргызстандыктар да катышкан. Алар курчоодо калган шаарды жана анын тургундарын бошотуу үчүн уюштурулган “Турмуш жолу” уюмундагы жумушчулардын, аскерлердин жана карапайым жарандардын эрдиктери тууралуу жаштарга кеңири маалымат беришти.

Жолугушуунун соңунда россиялык аскер базасынын өкүлдөрү ушундай маанилүү маалымат алмашууну улантуу максатында, окуучуларды  аскер техникаларын өз көздөрү менен көрүп кетүүгө чакырышты.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер