РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН  II ТУРУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • 23.01.2024
  • 0

2024-жылдын 18-19-январында республикалык олимпиаданын 2-туру өтүп, жыйынтыкталды. Бул жолу Лейлек жана Талас райондук/шаардык деңгээлде кандай жыйынтык бергени тууралуу маалымат алдык.

РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН  II ТУРУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Лейлек району

Лейлек районунда 18-19-январь күндөрү республикалык олимпиаданын II баскычы (райондук) Раззаков шаарындагы Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебинин базасында жогорку уюшкандыкта өткөрүлдү.

  • Биринчи күнү олимпиаданы Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Осмонбеков Канымет Бийзакович салтанаттуу ачып берди. Лейлек райондук билим берүү бөлүмү тарабынан олимпиаданын Жобосу кеңири тааныштырылды. Райондо мектептер көп болгондугуна байланыштуу биринчи кезекте мектептик баскыч өткөрүлүп, андан ар бир айыл өкмөтүндө зоналдык туру болуп, жеңүүчүлөр ылдыйкы, ортоңку, жогорку аймакта региондук турунан тандалган. Региондук турдан өткөн зээндүү окуучулар райондук баскычка катышты. Быйылкы жылы райондук баскычка эң мыкты деп тандалган зээндүү 89 окуучу катышып, Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан жөнөтүлгөн эки күндүк теориялык жана практикалык тапшырмалардын жыйынтыгы менен “Күлүктөн күлүк чыкса, төрт аягы тыбырайт” дегендей, 13 окуучу 1-орунду, 15-окуучу 2-орунду, 13 окуучу 3-орунду камсыздады. Уюштуруу тобунун жана калыстар тобунун чечими менен 28 окуучу облустук баскычка жолдомо алышты. Ошондой эле республикалык олимпиаданын былтыркы жылдын жеңүүчүсү, №3 эксперименталдык гимназиянын окуучусу Асралов Бекжан тарых сабагы боюнча Жобого ылайык облустук турга тикелей катышат, – дейт кыргыз тили жана адабияты мугалими Жеңишбек Абдиназаров.

Олимпиада учурунда коопсуздукту камсыз кылуу максатында Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн эки кызматкери жана Борборлоштурулган ооруканалар тармагынын бир дарыгери, бир медайымы өз милдеттерин так аткарышты, — деп айтылат Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматында.  Ал эми олимпиадага окуучуларды даярдап келген мугалимдердин айтымында, Жобого ылайык олимпиада ачык, так жана калыс өттү.

Талас 

Мектеп окуучуларынын республикалык предметтик олимпиадасынын II (райондук, шаардык) этабы Талас шаарындагы Р.Я.Рысакова атындагы №2 орто мектебинде өткөрүлдү.

РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН  II ТУРУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

— Тапшырмалар эки күн катары менен саат 7:00дө электрондук почтага келип, видеобайкоо орнотулган кабинеттерде байкоочулардын көзөмөлү менен окуучулардын санына жараша көбөйтүлдү. Олимпиада өз убагында саат 10:00дө башталып, жалпы 574 окуучу катышып, эки күн катары менен күч сынашты. Администратор, байкоочу, калыстар тобу, апелляциялык комиссия өз милдеттерин так аткарып, олимпиада таза, тынч, талапка ылайык өткөрүлүп, жыйынтыгы чыгарылды. Нааразычылык болгон жок. Жалпы райондук, шаардык Олимпиаданын жыйынтыгы менен 1-орун №2 орто мектеби, 2-орун №3 мектеп-гимназиясы жана 3-орун №1 орто мектептери ээ болушту, — дейт Талас райондук/шаардык усулдук борборунун жетекчиси Салтанат Бейшеноваю

Бакай-Ата

Олимпиаданын 2-этабы Өзгөрүш айылындагы У.Акынбеков атындагы орто мектебинде өткөрүлдү. Тапшырмалар саат 10.00до окуучуларга таратылды. Инструкциянын негизинде иштер жүргүзүлдү. Жалпы олимпиаданын райондук жыйынтыгы  менен  1-орун У.Акынбеков атындагы мектеп, 2-орун Акчал уулу Дүйшөн атындагы орто мектеп жана  3-орун Д.Дүйшебаев мектептери ээ болушту.

— Аманбаев айылындагы Ч.Айтматов атындагы орто мектебинде олимпиада өткөрүлдү. Жалпы олимпиаданын райондук жыйынтыгы  менен  1-орун Ч. Айтматов, 2-орун Т. Бабанов лицейи, 3-орун Ж. Субанбеков мектептери ээ болушту. Ал эми Манас районун алсак, Покровка айылындагы Покровка жалпы билим берүү орто мектебинин базасында өткөрүлдү. Эч кандай одоно кемчиликтер кетирилген жок. Олимпиаданын райондук этабынын жыйынтыкталып, 1-орун “Улукман” жатак-лицейи; 2-орун Ш.Кочкорбаев атындагы орто мектеби; 2-орун Покровка орто мектеби жана 3-орун Б.Узенов атындагы орто мектеби болду,  – дейт С.Бейшенова.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер