РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН II  БАСКЫЧЫ БАШТАЛДЫ

  • 18.01.2024
  • 0

2024-жылдын 18-январда республикалык олимпиаданын 2-баскычы башталды.

Бишкек шаары

Бишкек шаарында мектеп окуучуларынын райондук олимпиадасы эки күн бою кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, алгебра, тарых, география, англис тили, физика, химия, биология предметтери боюнча өткөрүлөт.

РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН II  БАСКЫЧЫ БАШТАЛДЫ

Ленин районунда олимпиада №40 мектебинде өтүп, ага муниципалдык жана жеке менчик мектептерден 700дөн ашык бала катышууда. Ачылышка Ленин районунун акиминин орун басары А.Джунусова жана билим берүү башкармалыгынын башчысы Т. Темирканова катышты. Ал эми Октябрь району боюнча олимпиада № 62 орто мектебинде өтүп, ага 521 бала катышууда. Салтанаттуу ачылышка райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы  катышты. Ошондой эле Свердлов районунда олимпиада №65 мектебинде өтүп, ага 729 бала катышып жатат. Предметтик олимпиаданын ачылышына билим берүү башкармалыгынын башчысы Н.Байгулов катышты. Мындан сырткары Биринчи май району боюнча  олимпиада №6 мектепте  өтүп, 474 бала катышууда. Иш-чаранын ачылышына райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы С.Шербаева катышты.

РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН II  БАСКЫЧЫ БАШТАЛДЫ

Белгилей кетсек, райондук этаптын жеңүүчүлөрү олимпиаданын шаардык этабына катышат. Негизги милдеттер окуучулардын окуп жаткан предметтерге болгон кызыгуусун арттыруу, жогорку класстын окуучуларына кесип тандоодо жардам берүү, илимий чыгармачылыкка өзгөчө жөндөмдүү жана кызыккан окуучулардын чыгармачылык демилгелерин аныктоо жана өнүктүрүү болуп саналат.

РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН II  БАСКЫЧЫ БАШТАЛДЫ

Талас облусу

Талас облусу боюнча олимпиаданын II баскычында 1609 окуучу катышып жатат.

РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН II  БАСКЫЧЫ БАШТАЛДЫ

Олимпиада Талас шаары, району Талас шаарындагы Р.Я.Рысакова атындагы №2 орто мектебинде 575 окуучу катышып жатат.

РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН II  БАСКЫЧЫ БАШТАЛДЫ

— Бакай-Ата районундагы Өзгөрүш айылында У. Акынбеков атындагы орто мектебинде 258 окуучу, Айтматов районундагы Аманбаев айылындагы Ч. Айтматов атындагы орто мектебинде 378 окуучу, Манас районундагы Покровка айылынын Покровка орто мектебинде 398 окуучу катышып жатат. Жалпы облус 1609 окуучу катышууда. Тапшырмалар өз убагында келип, өз учурунда тапшырылды, эч кандай тартип бузуулар жана кечигүүлөр болгон жок, — дейт Талас облустук билим берүү усулдук борборунун директору Салтанат  Бейшенова.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер