РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА МЕКТЕПКЕ ЭЛЕКТРОНДУК КАБЫЛ АЛУУ ЖҮРГҮЗҮЛӨТ

  • 26.01.2022
  • 0

2022-2023-окуу жылынан баштап республиканын бардык билим берүү уюмдарына мектеп жашындагы (6-7 жаштагы) балдарды кабыл алуу «Мектепке электрондук кабыл алуу» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу ишке ашырылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова маалымат жыйында билдирди. 

РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА МЕКТЕПКЕ ЭЛЕКТРОНДУК КАБЫЛ АЛУУ  ЖҮРГҮЗҮЛӨТ

Анын айтымында, «Мектепке электрондук кабыл алуу» системасын ишке киргизүүнүн негизги максаты КРнын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын биринчи классына кирүүдө балдарды каттоо, эсепке алуу жана маалыматты иштеп чыгуу. Ошондой эле ар бир баланын башталгыч жалпы билим алууга тең укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоо.

Мектепке электрондук кабыл алуу жыл сайын төмөнкү график боюнча жүргүзүлөт:

— юридикалык жашаган жери боюнча –  ушул жылдын апрель айынын экинчи дүйшөмбүсүнөн тартып, июнь айынын акыркы жумасына чейин.

Быйыл 11-апрелде саат 9:00 башталат.

— факты боюнча жашаган жери – ушул жылдын июль айынын биринчи дүйшөмбүсүнөн баштап, август айынын акыркы жумасына чейин.

Электрондук каттоодо паспорттун көчүрмөсүн, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн, жашаган жеринен маалым катты тиркөөнүн кереги жок. Жашаган жеринен справка талап кылынбайт.

Программалык деңгээлдеги система жарандардын төмөнкү жеңилдетилген категорияларына артыкчылык берет:

— үй-бүлөлөрүнүн жашаган жери боюнча аскер кызматчыларынын балдары;

— тиешелүү күбөлүк көрсөткөндө Кыргыз Республикасына көчүп келген жана кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздардын балдары;

— үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрына карата ушул жалпы билим берүү уюмунда бир жылдан кем эмес иштеген мектептердин мугалимдеринин жана кызматчыларынын балдары.

Балдар иштери боюнча комиссиянын чечими боюнча биринчи класска балдарды кабыл алуу «Электрондук каттоо» системадан тышкары мектепке түз кабыл алуу жолу менен ишке ашырылат.

Дагы бир өзгөчөлүгү республикадан тышкары жерде жүргөн ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр бул система аркылуу баланы мектепке каттай алат.

Балдарды биринчи класска кабыл алууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ар кандай окутуу сабактары боюнча балдардын билим деңгээлин аныктоого багытталган текшерүүлөрдү (тесттерди, экзамендерди, сынактарды, аңгемелешүүлөрдү) жүргүзүүгө тыюу салынат.

Каалаган мектепте орун жок болсо, ата-эне/мыйзамдуу өкүл «Электрондук каттоо» системасы аркылуу бош орун бар мектепке катталат.

Каттоого үлгүрбөй, мектепке кирүү үчүн керектүү документтерди өз убагында тапшырбай калган, ошондой эле окуу жылы ичинде көчүп келген ата-эне/мыйзамдуу өкүл бош орундар бар мектептерди тандап, «Электрондук каттоо» системасы аркылуу катталат.

Менчиктин аралаш жана жеке менчик түрүндөгү жалпы билим берүү уюмдары каалоосу боюнча балдарды биринчи класска электрондук каттоо процессине катыша алат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер